Ош шаарынын четиндеги Жаңы-Кыштак айылында лөлүлөр жашайт. Алар бул жерге качан, кантип келип калгандыгы туурасында так маалымат жок. Ушул себептенби, айтор, булардын ата-теги, маданияты, жашоо-шарттары туурасында жийиркеничтүү уламыштар айтылып келет. Андай уламыштардын чын-төгүнүн билүү үчүн биз лөлүлөр айылына барып кайттык.
ЛӨЛҮЛӨР КАЙДАН ТАРАГАН?
Перс элинде Ло, Ли деген бир тууган ага-карындаш бири-бирин сүйүп калышып, жашыруун баш кошуп, эл арасынан качып кеткени тууралуу кептер айтылат. Бир туугандардын канынан жаралган балдардын аң-сезими тайкы болуп, тамак табыш үчүн кап көтөрүп кайырчылык кылып, ар жерге көчүп-конуп күн өткөрүп калышкан. Ошентип, Ло, Линин атынан улам лөлү аталып калган дешет.
Ал эми лөлүлөрдүн аксакалдарынын айткан маалыматында, алардын түпкү теги VI кылымдарда Индиянын карамагындагы Молтон шаарында жашаган арий уруусуна барып такалат. Лөлүлөр музыкага шыктуу келип, шайыр болгондуктан, Пакистандын падышасы Индияга элчи жиберип, “буларды майрамдардын көркүн ачыш үчүн иштетем, жаман күн көрсөтпөйм” деп арий уруусунун жарымын сатып алат. Бирок пакистандыктар сөзүнө турбастан, сабап, кыйнап, кордой баштаганда арий уруусу Орто Азияны көздөй качышат.
ДЫЙКАНЧЫЛЫК КЫЛГАН ЛӨЛҮЛӨР ДА БАР Оштогу лөлүлөр арасынан чыккан лидерлердин демилгеси менен 2003-жылы марафон өткөн. “Лөлүлөр коомунун” президенти болуп Бахадыр Нармурзаев дайындалган. Жаңы-Кыштак айылында 2000ге жакын түтүн жашайт. Булардын баары паспорт алып, шайлоолорго катышып, Кыргызстандын катардагы жараны сыяктуу жашоого укуктуу. Cоюз мезгилинде колхоздо иштеп, азыркы учурда 4000 сом пенсия алган лөлүлөр да бар. Бул маалыматтарды баса белгилеп жатканыбыз, эл оозунда жана айрым маалымат булактарында “лөлүлөр акыркы технологиялардан артта калып, айбанчылык менен жашап келишет” деген сөздөр тараган. Бул себептен аларга башкалар жийиркеничтүү карап, карым-катыштан алыс болгонго аракет кылышат. Бирок аларда деле катардагы элдер сыяктуу уюлдук телефон кармап, сыналгы көргөндөрү да арбын. Лөлүлөр айылынан чоочун адамдарды көрүп калышса, “бизге жардам бергени келдиңерби?” деп сурай беришет. “Ооба” деген жоопту угушпаса, анда өздөрү туурасында бир да маалымат айтышпайт. Мына ушул жоопту кармануу менен биз да бир топ кызык маалыматтарды топтодук.
Жаңы-Кыштактын ортосун чоң көчө кесип өтөт. Бир тарабында кедей, ал эми экинчи тарабында бай лөлүлөр жашайт. Айыл аралаганда таза кийинип, кебетесин карап жүргөндөрүн да кезиктиресиң. Бай лөлүлөр кап көтөрүп, таштанды чогултуу үчүн көчөгө чыгышпайт. Алар үлүш жерлерине пахта, капуста, пияз, картошка сыяктуу жашылча-жемиштерди эгип жан багышат. Булар колунда жок лөлүлөрдүн көчө кезип таштанды топтоп, кайырчылык кылып жүргөнүнө намыстанышат. Эл оозунда айтылып келе жаткан жийиркеничтүү уламыштарын, маданиятын, салттарын да жеришет. Айтууларына караганда, алар акыркы убактарда салттарын унутуп, жаңыча жашоону каалашат.
БАШ КОШУУ САЛТЫ Салттары туурасында маалыматты айтуудан баш тартышты. “Кыргыздар сыяктуу эле кыз берип, келин алабыз” дегенден ашыкча маалымат айткылары келишпеди. Бул суроого жооп берчү лөлү издеп Оштун базарын аралап жүрүп, эки лөлү кыздын соодагерлерге арча түтөтүп, андан түшкөн акчасын эсептеп отурганын көрүп калдык.
19 жаштагы Маттум жолдошу менен баласын багуу үчүн күндө соодагерлерге ысырык салып акча табат. Анын айтуусунда, лөлү жигит үйлөнүп жатып өзүнө жар болчу кыздын антын угат. Кыз алынын жетишинче кооздоп, “мен сизди өмүрүмдүн акырына чейин багам” деген сыяктуу кептер менен жолдошунун көңүлүн жибитип, сылап-сыйпап жатып ага жар болот экен. Жигит кыздын сөзүнө канааттанбаса, нике кыйылбайт. Кыз андай учурда чөгөлөгөнгө чейин барат. Аялы күйөөсүн бага албаса, анда күйөөсү башка аял алууга укуктуу болот. Ошол себептен аялдары нанга акча табышпаса да, насывай менен арак үчүн көчөдө таштанды топтойбу, кайырчылык же көзү ачыктык кылабы, эптеп колунан келген ишин жасашат. Мындан сырткары, лөлү айымдарынын айтуусуна караганда, өз үй-бүлөсүн таштап, өзбек кыз-келиндердин колун кармап Орусияга кетип калган лөлү мырзалары да көп.
МАРКУМДУН СӨӨГҮН СУУ АСТЫНА КӨМҮШЧҮ
Маркумду көмүүдөгү ырым-жырымдары туурасында так маалымат алууга мүмкүн эмес. Анткени кайчы пикирлер бар. Карапайым элинин айтуусуна таянсак, лөлүлөр маркумду өз короосуна же агып жаткан сууну тосушуп, астын казып сөөктү көмүп, кайра сууну агызып коюшат экен. Ал эми көмүүгө чейинки ырым-жырымдары туурасында эч ким айтып бере албады. Аксакалдарынан бул туурасында сурасак, “маркумду узатууда кыргыздардын ырым-жырымдарын колдонобуз. “Суунун астына көмүшөт” деген – жалган кеп, атайын көрүстөнүбүз бар” деген жоопторду беришти. Сураштырып көрсөк, айылынын четиндеги өзбек элинин көрүстөнүнө 2003-жылы “Лөлүлөр коому” түзүлгөндөн кийин гана сөөк көмө башташыптыр. “Атамдын агасын корообуздагы суунун астына көмгөнбүз, бизге көрүстөндөн жер беришчү эмес”,- дейт Мафтуна аттуу кыз.
“ОКУГАНДАН КӨРӨ БАШТЫК КӨТӨРҮП КАЙЫРЧЫЛЫК КЫЛГАН ОҢ”
Жаңы-Кыштак айылы Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан, жетекчилик лөлү балдарынын сабатын ачуу максатында №7-Мырза Турсунзаде атындагы 9 жылдык мектеп ачып берген. Мектеп 1965-жылдан бери иштеп келет. Учурда 397 лөлү окуучу билим алат. Ушул кезге чейин окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлүп келсе, быйылкы башталгыч класстарда бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлө баштаган.
Мектептин абалы туурасында директору, кыргыз улутундагы Мухтар Пазылов менен маек курдук.
– Мухтар мырза, окуучулардын сабакка катышуусу туурасында айтып берсеңиз...
– Бул жерде сабакка катышуу чоң көйгөй жаратат. Күндө эртең мененки саат жетиден баштап көчөдө рейд жүргүзөбүз. Себеби апаларына кошулуп окуучуларыбыз баштыктарын көтөрүп таштанды терип, кайырчылык кылганы шаар тарапка кетип калышат. Кармаганыбызды алып келип сабакка киргизебиз. Ошондо да качып кеткени көп болот.
– Ушундай эмгек менен окуткан окуучуларыңыздын арасынан жогорку билим алам дегендери болобу?
– Окугандан көрө баштыгын көтөрүп акча тапсын деген ата-энелер көп. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында жакшы окуган, жөндөмдүү эки окуучубуз бар. Ошолорду жогорку билимдүү кылсам деп азыртан университеттерге барып кам көрүп жатам.
– Мугалимдер маселеси кандай?
– Бул жерге эч ким мугалим болуп келбейт. Ош педагогикалык институтуна барып суранып, студенттерди практикага алып келем. 2 лөлү мугалим бар. Бирин Ош шаардык атайын адистештирилген автобазада таштанды ташуучу болуп иштеп жаткан жеринен алып келип мугалим кылгам. Себеби бир журналдан анын “Лөлүлөр жардамга муктаж” деген макаласын окуп калып, жөндөмү бар экенин байкагам. Жогорку билими жок болсо да, жөндөмдүүлүгү менен окуучуларды тарых сабагынан окутуп жатат.
Кара-Суу районунун жетекчилиги лөлүлөр үчүн мектептин бир бөлмөсүн паспорт стол жана үйлөнгөндөрдү каттоо жайы кылып ачып берген. Бирок лөлүлөрдүн аларга келип паспорт алып, ЖААКтан өткөндөрү аз санда болушат. Документтери жок болгондуктан, төрөт үйлөрүнө да бара алышпай, үйдө көз жарып, көп эне менен наристенин өмүрлөрү кыйылып каларын да кошумчалады Мухтар мырза.
Айыл башы аталган Абдирашид ажынын үйүнө барсак, баласы атасынын үйдө жоктугун айтып, "Анжиян тараптан лөлүлөр келип кайырчылык кылып, биздин элге шек келтирип жатышат. Атамдар ошолорду текшерип, айылыбыздан чыгарып салуу камында жүрүшөт" дейт. Мусулман болгондуктанбы же кыргыздар менен аралашып жашап калгандыктанбы, бир үйдү сүрөткө тартуу максатында кирсек, үй ээлери"чай ичкиле" деп сый көрсөтүп, көчөгө чейин узата ээрчип чыгышты.
Мусулман өлкөлөрүндөгү лөлүлөрдү башкарган индиялык Барон деген лакап аттуу адамга Оштогу "Лөлүлөр коомунун" президенти Бахадыр Нармурзаев бир канча жолу кат жазган экен. "Жооп келсе, биз да Индияга кетмекпиз" дейт Бахадыр мырза.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg