ЖЕР БАСЫП АЛГАНДАР КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨЙБҮ?

Жыл өткөн сайын борбор калаабыздын тегерегиндеги жаңы конуштардын саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгүн башында эл басып алып, кийин өкмөт мыйзамдаштырып берген.

4 СОТЫХ ЖЕР ҮЧҮН 60-70 МИҢ СОМ КОМПЕНСАЦИЯ
Жаңы конуштардын тургундары көйгөйлөрүн айтып отурушса толгон-токой: электр жарыгы, таза суу, мектеп, бала бакча, оорукана, жол... Жерди мыйзамсыз ээлеп алгандар эми “мыйзам боюнча өкмөт салып бериши керек” деп митингдерди уюштурушууда. Алардын арасында шылуундардын айынан сызга отуруп калгандары көп. Тагыраак айтканда, бир эле жер тилкесин кээ бир адамдар үч-төрт адамга мыйзамсыз сатып жиберген учурлар бар. Кээ бири үй сатып алууга акчасы жок, батирден батирге көчүп-конуп жүрүүдөн тажап, акыры жер басып алууну туура көргөндөрүн мойнуна алышат. Карап турсаң алардыкы да туурадай.
Элге жакшы маалымат жетпегендиктен жана мыйзам жакшы иштебегендиктен, карапайым калк “жериңерге токтом чыгарууга жумшайбыз” деп акча алган алдамчылардын (арасында айыл өкмөттөр да бар) торуна дагы деле түшүп жатышат. Кээ бир жаңы конуштардын тургундарынын айтымында, топ башчыларга (квартальный) ай сайын жарыктын, суунун акчасын эки эсе кымбат баада төлөшөт экен. Ошол каражаттардын бардыгы мамлекеттик казынага түшөбү же сол чөнтөккө солонобу, белгисиз... Ал эми өкмөттүн да, мыйзамсыз жерлердин ээлеринин да учурдагы “баш оорусу” – басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу чечими. Жакында эле Бишкек мэриясы 1999-2008-жылдар аралыгында басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча токтом кабыл алууга долбоор даярдады. Ал долбоордун негизинде жер басып алып, ээлик кылып жүргөн жаңы конуш тургундары 4 сотых жер үчүн 60-70 миң сомдун тегерегинде мэрияга компенсация төлөп, өз жер тилкесин мыйзамдаштырып, кызыл китеп ала алышат.
Бирок жер тилкелерин ээлеп алгандардын көпчү­лүгү мэриянын мындай сунушуна макул эмес.

«МЕН ДА ЭЛ КАТАРЫ БАСЫП АЛГАМ...»
Канышай Серкебаева, Ак-Жар жаңы конушунун тургуну, тигүүчү:

– Бизге мэр өзү келип “свет менен суу көйгөйүн бүтүрүп беребиз” деп убадасын берген. Бирок ал убадасын толук аткарган жок. Мисалы, биздин конушта 45 көчө бар болсо, анын 27-көчөсүнө чейин эле жарык келди да, токтоп калды. “Өкмөт бизди карабайт экен. Андан көрө 2000 сомдон чогултуп, светти өзүбүз тартып келгенибиз жакшы” деп жаңы конуштун топ башчылары элден акча чогултушууда. Мен берген жокмун. Калп эле элди алдап акча чогулта беришет. Мэр жерибизге “мыйзамдуу токтом чыгарып берем” деген. Эми болсо “жерди экиге бөлмөйүнчө чечим чыгарууга болбойт” деп жатышат. Бирөөнүн жерин экиге бөлгөнгө алардын кандай акысы бар?! Бул жерди биринчилерден болуп басып алгандарга 6 сотыхтан жер тилкеси тийген. Аны ким сатат, акчасы кимге түшөт? Түшүнбөйм... Мен да эл катары 2005-жылы бул жерди басып алгам. “Үңкүр да болсо үйүм бар” деген кеп бар эмеспи. 50дөн аштым, эми үйгө жеттим. Ага чейин көз каранды болуп, эки кызым менен батирден батирге көчүп жашап келгем.

Жумагүл Эгембердиева, пенсионер:
– Менин 8 балам бар. Күзүндө Бурул аттуу квартальный аялдан бир балам 100 миң сомго жер тилкесин сатып алды. Анан эле курулуш иштерин баштап жатсак, эки аял келип, бири “бул жер меники” деп талаша баштады. Ошол боюнча акчабызды ала албай, жерибиз талашка түшүп, чуркап жүрөм. Бирок үй салып алып жашап жатабыз. Ал эми мэрияда жерди мыйзамдаштыруу үчүн 60-70 миң сом төлөш керек деп жатышат. Биз андай акчаны төлөй албайбыз. Шартыбыз оор. Үйдө бир эле киши иштейт.


«4635 ТУРАК ЖАЙ МЫЙЗАМСЫЗ САЛЫНГАН»
Бул сөздөргө мэрия тарап кандай жооп кайтарат? Муну билүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчиси Самарбек Болотбековго кайрылсак, ал төмөнкүчө жооп берди:
– Бизде 2005-жылдан бери көп жер басуулар болгон. Ошону чечиш үчүн мэрия тарабынан комиссия түзүлүп, канча жаңы конушта канча мыйзамсыз үй бар экенин изилдеп чыктык. Учурда мыйзамсыз түшкөн 28 жаңы конушту толук карап бүттүк. Жыйынтыгында 4635 жер тилкесинин жерге да, үй салганга да эч кандай документтери жок экен. Анын болжол менен 1500дөйүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар. Калгандары кайтарууга алынган өзгөчө аймактарда (таштанды, мүрзөлөргө жакын, газ трубасы өткөн жердин үстүндө, электр линиясынын алдында жана башкалар) салынган.
Бул боюнча департамент депутаттардын жана мэриянын көрсөтмөсү менен 2 долбоор иштеп чыкканбыз. Биринчиси – ал жерлерди элге бекер бекитип берүү, ал эми экинчиси – мэриянын жерин басып алгандары үчүн компенсация төлөтүп алуу. Шаардык депутаттар “бирөөлөр өзүм билемдикке салып жерди басып алышкандан кийин мамлекетке компенсация төлөшсүн” деп экинчи долбоорду жактырышкан. Муну жакында талкууга коюп, массалык маалымат каражаттарынан маалыматтарды бердик, жыйындарды өткөрдүк. Басып алган жер тилкелерине үй куруп алгандар мамлекетке компенсация төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда алар жер салыгын төлөп турушса, убактылуу пайдаланууга бекитип берүү шарттары бар. Ал эми компенсациянын суммасы тууралуу айта турган болсок, биз көз карандысыз баалоочуларга кайрылганбыз. Алар иликтеп чыккандан кийин 4 сотых жерди орточо 60-70 миң сом деп баалашты. Бирок бул баа карапайым калк үчүн кыйынчылык туудурат деп, биз аны да төмөндөтүүнү сунуш кылып жатабыз. Ал 25-апрелдеги жыйында чечилмек болчу, бирок эл митингге чыккандыгына байланыштуу жыйын өткөрүлбөй калды. Мыйзамсыз басып алган жерлер үчүн чогулган акча райондук бюджетке бөлүнмөк да, кайра эле ошол жаңы конуштарга зым карагай тартууга, суу чыгарып берүүгө, жолдорун оңдоого жумшалмак. Мыйзамсыз басып алды дейин десек, көпчүлүгү сатып алгандарын айтышат. Элди алдап жер саткандарды же болбосо мурдагы мыйзам бузууга жол берген төбөлдөрдү жоопко тарталы десек, азыркы маалда биздин Кылмыш кодекси жол бербейт. Анткени кылмыш иши 3 жылдык мөөнөткө чейин эле каралат. Азыр да мындай шылуундар бар. 200дөй жасалма документ менен жер саткан ишти сотко жөнөттүк. Эл жакшы түшүнбөй, ошолордон жер сатып алып жатышат. Биз болушунча “андай шылуундардан жер сатып албагыла! Алгач Мамкаттоого же департаментке келип, алардын документтерин текшертип алгыла” деп элге эскертип жатсак да токтой элек. Бирок жер саткан шылуундарды жоопко тартууга болушунча аракет кылуудабыз. Ошондой иш-аракеттерди өткөргөнүбүз үчүн “департамент жоюлсун!” деп пикетке чыккандар көбөйдү. Аларды жерди алдап саткандар уюштуруп жатышат. Басылып алынган жерлерди бекер мыйзамдаштырып бериш керекпи же компенсация төлөш керекпи, бул тууралуу азыр калктан сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Дагы айтып кетчү нерсе, учурда Бишкек шаарында мыйзамды сыйлаган 7716 адам “жер алабыз” деп кезекте турушат.

Мына, окурман! Угуп отурсаң эки тараптыкы тең чындык. Аламүдүн, Москва, Сокулук райондоруна караштуу мыйзамсыз басылып алынган жер тилкелеринин келечеги кандай болоруна кийинки сандарыбызда кайрылабыз.

КЫСКАЧА
Учурда Бишкек шаарынын тегерегинде 47 мыйзамдуу жаңы конуш бар.
Свердлов району – 17 жаңы конуш (522,32 гектар аянт).
Октябрь району – 7 жаңы конуш (449 гектар аянт).
Биринчи Май району – 16 жаңы конуш (1045,24 гектар аянт).
Ленин району – 7 жаңы конуш (2259,66 гектар аянт).
Мындан тышкары 28 аймакты эл мыйзамсыз басып, отурукташып алган (болжол менен 200 гектарга чукул).

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gulzhan
2012-05-14 21:41:29
Жер басып алгандарга мыйзам чыгарып,жоопко тартуу керек.Бардык нерсе мыйзам турундо болуш керек.
0
Emil.
2012-05-18 09:44:27
Мыйзам турундо алабыз дешсе булар омуру уйго жетпей отуп кетишетго. Эми окмот ушул кичине гана жерден пул ондуром десе уят эле, андан коро ушул элге жардам болсун деп берип коюшпайбы. Депутаттарга барибир да уйлору бар курсагы ток, эчнерседен гам жок. Ушул элдерге окшоп батирден батирге кочуп жашаганда билет эле уйу жок жашоо кандай экенин.
0
s.t.k.tamara
2012-05-24 18:57:39
Баласы коп кундо иштеп тапканы тамак ашынан ашпаган карапайым калк мыйзам турундо кантип алмак. Бардар жашоодо жашаган адам кедейдин жошосун кайдан билмек еле .Чондорубуз уялбай еми ошону чыгарышыптырда кайдан акча табарын билбей ошол акчада баары чондордун чонтогуно да Башка мамлекеттерде коп балалуу уйбулого жер же уй беришет а бизде наборот чондор елден жейин дешет уят еле ошон учун беш алты баласы менен талаалап жургондор канча ошолорго окмот жардам бергенде кыргызстанда еле жашашмак.
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан