(Башы өткөн сандарыбызда)
Ошол күн өзгөчө болду. Экөө сезимдерин айтып, мамилелерин бекемдеп алышты. “Азырынча сыр бойдон калтыралы” деп чечип, эч кимге айтышкан жок. Тумар күн өткөн сайын ичинен бук болуп, жан дүйнөсүндө тынчтык жок. Эки оюнун бири эле “мени бул жерге эмне максат менен алып келишкендигин Уланга кантип айтам? Жаннатка Улан экөөбүздүн мамилебиз туурасында эмне дейм?” деген суроо. Улан ичтен кубанып, кудуңдап жүрөт. Күндөр өтө берди. Арзышкандардын мамилеси тереңдегенден тереңдеп барат. Ал тургай Улан үйлөнүү сунушун да киргизди.
– Ойлоп көрсөм, ушул жашка чейин сени гана издеп келген экенмин. Чыныгы бактым болчу адамды эми таптым окшойт. Калган өмүрүмдү сени менен өткөрсөм арманым жок. Сен өзгөчө адамсың.
– Койчу, Улан. Уялып кеттим. Антип айтпачы. Мен катардагы эле адаммын.
– Тумар, көптөн бери сага айта турган бир сөзүмдү айта албай келем. Экөөбүз бир бүтүн адамбыз деп ойлойм. Убакытты чоюштун эмне кереги бар, жакшысы, баш кошолу.
Бул сөздү Тумар Уландан күтүп эле жүргөн, ошентсе да сунушту укканда муздак суу сепкендей чочуп кетти. Чындыкты канчага чейин жашырмак эле? Бул ирет сүйүктүүсүнө баарын айтып берүүнү чечти.
– Улан, балким, мага берген бааңды ушул сөздөн кийин өзгөртөрсүң, балким, мени жек көрүп да каларсың. Бирок мен сага чындыкты айтууга аргасызмын. Жаннат мени бул үйгө “менин илдетим – айыкпас дарт. Менден кийин Жаныбектин жары, балдарымдын энеси болуп бер. Бул менин акыркы аманатым болсун” деп суранганынан курбума көнбөй коё алган эмесмин.
Улан алгач ишенбеди, ачууланды. “Сен алдап жатасың, мага турмушка чыккың келбей ушул жалган сөздү ойлоп таптың” деп да чыкты. Акыры ойго батып тунжураган бойдон отуруп калды. Тумарды агасынан кызганып, “Жаныбек муну билеби? Жаныбекти жактырасыңбы? Экөөңдүн ортоңордо бирдеме болду беле?” деген сыяктуу суроолорду жаадырып кирди. Акыры экөө “бири-бирибизсиз өмүр сүрө албайбыз. Биз бирге болобуз. Эч ким ажырата албайт. Керек болсо, Жаннаттын өлүмү да бизди ажыратпайт” деген жыйынтыкка келип, кучакташкан бойдон отуруп калышты. Кол жеткис нерсе таттуу, анан да баалуу көрүнө берет эмеспи. Экөө кээде отуруп алып балалуу болуп, бир түтүн булаткан учурларын элестетип алып жыргап калышат. Акыры “эх, ошол күнгө эртерээк жетсек...” деп жиберишет.
Жаннат мурунку калыбында. Жаныбек менен Тумардын ортосун жакындатуу менен алек. Балдарына да келген сайын Тумарды мактайт да турат. Жаныбек болсо жакынкы арада келинчегин Москвага алып кетүүнүн камы менен чуркап жүрөт. Анан да өзүнүн иштери, айтор, мурункусундай эле кеч келип, эрте кетет. Командировкалап жүрүп үйгө келбей калган күндөрү да өтө көп. Улан да ишке орношкон. “Кайра чет өлкөгө кетем” деген сөздү унуткандай. Арзышкан ашыктардын алдыга койгон пландары өтө көп. Бирок азырынча бирин да аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Экөө эл-журтка жарыя кылып отурбай эле нике кыйдырып, үйлөнүп алмак болушту. Турмуштун ысык-суугун, ачуу-таттуусун бирге татып, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болууга антташып, жашыруун үйлөнүп да алышты.
Тумардын апасы баягы таарынган бойдон алигиче жазыла элек. Телефон чалса да кыска-нуска, аман-эсендигин билген соң эле трубканы коюп коёт. Жеке жашоосу, курбусу, анын күйөөсү, балдары туурасында дегеле ооз ачкысы жок. А эжеси бардык нерседен күн сайын кабар алып турат. Сиңдисинин “Уланга турмушка чыгып алдым” деген сөзүн укканда алгач аябай урушкан болчу.
– Сен өзүң терең ойлонбой эле каалаган нерсеңди жасай берген кандай жансың?! Анча болду, баарына ачыгын айт. “Мен ушинтип курбумдун кайниси менен жашап алдым” дебейсиңби?! Сенден ушундай жорукту күткөн эмес элем. Жаш баладай кыял-жорук жасаганыңа таң калып турам,- деп ачуусун катуу бүрккөн.
Күндөр өтүп эжеси да бул жагдайга көнүп, ал тургай күн алыс Тумарга чалып:
– Жашоо кандай, Жаннат шек санаган жокпу, эч ким билип калган жокпу?- деп сурап турчу болду.
Бир үйдө жашап жаткан соң угулбай, билинбей көпкө жүрмөк беле? Бир күнү ашканада Тумар тамак жасап жатканда Улан анын артынан келип кучактап, жүзүнөн сүйүп койгон. Муну суусундук ичкени чыккан Айжамал көрүп калган болчу. Дагы бир ирет кечкисин сыналгыны тиктей кучакташып отурушканын Самат көргөн. Экөөнүн жылуу мамилеси чоң кишиге эмес, кичинекей балдарга да байкала баштаган соң кептин бүткөнү эмеспи. Бир ирет Жаныбек балдарын ойнотуп келмекке паркка алып чыгып кетти. Ошол күнү балдары ага көргөн-билгендерин төкпөй-чачпай айтып беришти. Жаныбек бул сөздөрдү кубануу менен гана кабыл алды. “Мен эми өмүр бою үйлөнбөй, жалгыз жашайм” деген инисинин жүрөгү жибигенине кубанды. Тумардай жакшы адам алардын үй-бүлө мүчөсү болуп калса жаман эмес. Мындай жагымдуу кабарды тезинен жубайына айтып, аны да кубантмакчы болду. Парктан чыккан соң экөөнү ээрчитип алып Жаннатка барды.
Жаннат да Жаныбек менен балдарын кубануу менен тосуп алып, үй-бүлө толук курамда көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Жаннаттын жүрөгүндөгү сүйүнүчүн Айжамалдын бир ооз сөзү бузду.
– Апа, Тумар эже бизге жакында жеңе болот экен.
– Эмне? Кайдагы жеңе? Ким айтты сага?
– Атам.
Жаннаттын көздөрү тептегерек боло түшүп, Жаныбекти тиктеген бойдон жооп күтүп туруп калды. Ал ичинен “бул кеп Тумар менен Жаныбектин ортосундагы мамиле туурасында жүрүп жатат” деп түшүнүп алды. “Мен өлө электе эле булар ачыкка чыгып алышкан экен” деп ойлоду.
Жаныбек да шашпастан:
– Ооба, Жаннат. Тумар жакында биздин үй-бүлөнүн мүчөсү болот.
– Кантип? Кандайча?
– Ушундайча эле, Тумар менен Улан экөөнүн ортосунда бирдеме бар окшойт. Акыркы күндөрү алардын мамилеси таптакыр өзгөрүлдү. Өзгөчө жакындык бардай.
– Аны силерге ким айтты? Эмнеге минтип ойлодуңар?
– Эмне анча чочуладың? Курбуңду кызганып жатасыңбы же кайниңдиби? Эми экөө тең бой жеткен адамдар, экөө тең бойдок, баш кошуп алышса мындан сонун болбойт беле. Үйдөн балдар экөөнүн кучакташканын, кол кармашып отурганын көрүшүптүр. Негизи, Уландын көз карашынан мен деле байкап жүрчүмүн, бул катылган сырды.
Жаннат мындан ары эч кимдин сөзүн уккусу келген жок. Үмүт-тилегинин баары төгүлүп эле жатып калды.
(Уландысы кийинки сандарыбызда)
Айнура Болот кызы