«СУПЕРЧИЛЕР» БОУЛИНГДЕН БАЙГЕ АЛЫШТЫ

10-майда өлкөбүздөгү спорттук “Sport.kg” гезити өзүнүн мааракелик 100-санынын жарык көрүшүнө карата “Cosmo Park” эс алуу борборунда боулинг оюну боюнча мелдеш уюштурду. Кече КРнын Спорт журналисттер федерациясынын президенти Улукбек Салымбековдун сөзү менен ачылды. Андан соң гезитти куттуктап барган ММК жана мекеме өкүлдөрү 10 командага бөлүнүп, 2 саатка созулган катуу кармашты башташты.
Футболдук топ менен боулинг шарынын түзүлүшүнүн окшоштугунанбы, айтор, жыйынтык чыгарганда 1-2-орунду футбол адамдары бөлүшүп алышты: ата мекендик футболчулардан түзүлгөн “Футбол адамдары” командасы биринчиликти, КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү 2-орунду, ал эми үчүнчү орун “Супер-Инфо” гезитинин өкүлдөрү болгон командага тийди. Чынында, кесиптештерибиз Максат Кудайбердиев менен Аксуубай Жуматаев боулингди катыра ойнобосо да (тактап айтсак, ушул күнү боулингде дебют жасашкан), "Супер-Инфонун" намысын коргоого жарап, бир да гезитти алдыга чыгарышкан жок. Эркексиңер!

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан