Бектур Абдиев: «ЖАСАЛМА БӨЙРӨК АППАРАТЫ ЖЕТИШПЕЙ АДАМДАР КАЗА БОЛУП КАЛУУДА»

Учурда жасалма бөйрөк аппаратынын жетишсиздиги курч маселеге айланып турган кези. Кезеги жетпей же жашаган аймагында мындай аппарат жок көз жумуп кеткендер кездешүүдө. Андыктан жасалма бөйрөк аппараты менен жашап калууга кандай оорулар жеткирет жана башка маселелер боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунун Жасалма бөйрөк бөлүмүнүн жетекчиси, нефролог Бектур Абдиев менен маек курдук.

СТАТИСТИКА
Кыргызстанда, болгону, 53 гемодиализ аппараты бар:

  • Чүй обл. – 5
  • Бишкек ш. – 33
  • Ош обл. – 6
  • Ысык-Көл обл. – 3
  • Жалал-Абад обл. – 3
  • Талас обл. – 3
  • Нарын, Баткенде – жок

“ЖАСАЛМА БӨЙРӨК БУЛ – БӨЙРӨКТҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ АППАРАТ”

– Алгачкы суроом, “жасалма бөйрөк аппараты” дегенди кандай түшүнсөк болот? Анын милдети эмнеде?
– Алгач бөйрөктүн кызматына токтололу. Адамдагы 2 бөйрөк организмдеги зат алмашууну жөнгө салып, керектүү азык-заттарды канга бөлүп берип, уулуу заттарды заара менен сыртка чыгарат. Электролиттердин (минералдык заттар: калий, фосфор, магний жана башка) организмдеги туруктуулугун жана сиңирилишин жөнгө салат.
Кыскача айтканда, бөйрөк биологиялык чыпкалоонун милдетин аткарат. Эгер бөйрөк өнөкөт оорудан же башка себептен, мисалы, кан жоготуудан иштен чыгып калса, анда адамда зат алмашуу бузулат, уулар сыртка бөлүнүп чыкпай калып, денеге сиңе баштайт. Электролиттердин керектүүсү да, ашыкчасы да калып калат. Мындай абалда адамдын бүт органдарына күч келет. Эгер оорулууну жасалма бөйрөк аппаратына (гемодиализ ыкмасы деп да аталат) салбаса, көз жумуп кетет.
Аппарат адамдын бөйрөгүнүн милдетин аткарып, канды чыпкалап берет. Иштен чыгып калган бөйрөк соолуган алмадай болуп бүрүшүп калат. Ал кайра калыбына келбейт. Жасалма бөйрөк аппаратына туш келген адам өмүр бою ал аппарат менен жашап калат. Алар 1-топтогу майып болуп саналышат.

– Оорулуу жатып дарыланышы керекпи?
– Жок. Бир аптада 3 жолу келишет. Андыктан аппарат үчүн жашаган жерин алмаштырганга дейре барышат. Мисалы, биздин бөлүмдө Таластан, Көлдөн, Нарындан Бишкекке көчүп келип жашап калгандар бар.

– Кокус бир себептерден улам 4-5 күн же 1 апта келбей калсачы?
– Анда оорулуунун организминде уулар жыйналып, зат алмашуусу бузулуп, өпкөсүнө суу толуп, кан басымы жогорулап, кыскасы, өмүрүнө коркунуч туулат. Андыктан 2 күндө бир үзгүлтүксүз келип турууга аргасыз. Бул өмүр бою созулуучу дарылоо.

“КЕЗЕГИ ЖЕТКИЧЕ КӨЗ ЖУМУП КЕТКЕНДЕР БАР”

– Сиздердин бөлүм канча орунга ылайыкташкан? Канча аппарат бар?
– 50 орунга ылайыкташкан, 13 аппарат бар. Биринчи күнү 25 адам аппаратка түшүп кетсе, экинчи күнү калган 25и келет. Пациенттер 1 күндө 4-4,5 саат аппаратта жатышат. Чоң адамдарда 5 литрдей кан бар десек, бул убакытта кан 12 ирет чыпкалоодон өтөт.

– Демек, сиздерде 50 адам өмүр бою пациент болуп, алардан аппарат бошобойт. Анда жаңыларга качан кезек жетет?
– Эскилерден орун бошойт, качан алар башка өлкөдөн донор бөйрөк салдырганы кетсе же көз жумуп кетсе. Мындай абал бардык жерде бирдей. Ошондуктан кезек жылбайт. Жылат, качан гана жаңы аппараттар келсе. Республика боюнча 53 гана жасалма бөйрөк аппараты бар. Ал эми өлкө боюнча кезекте тургандардын саны 520 адам.

– Аппарат жана аны иштетүүгө керектүү дары-дармектердин баасы канча? Адамдын 1 күндүк дарылануусу канчаны чапчыйт?
– Абдан кымбат. Жаңы аппарат жана дары-дармектери үчүн бюджеттен жетишерлик акча бөлүнбөйт. Жакында эле биздин республикага Түркиядан 16 аппарат бекер берилди. Бирок аны иштетүүгө керектүү дары-дармекке каражат жок. Башкача айтканда, машина бар, бензин жок дегендей. Ошентип иштетүүгө берилбей турат. 16 аппараттын дары-дармегине 1 жылга 42 миллион сом бөлүнүшү керек. Бөлүнсө 96 адамдын өмүрү сакталып калат эле. 16 аппаратты иштетүүгө жетишсек, дагы 14 аппарат беришмек. Алар Түркиядан, Германиядан жана башка жактардан алынып келинет. Бирөөсүнүн эле баасы болжол менен 18-20 миң евро. Ал эми 1 күндө 1 адам үчүн 40-50 евро баадагы дары-дармек керектелет. Орточо эсеп менен 1 адамга 1 жылга 400 миң сом коройт. Бизде өлкөдө дарылоо бекер. Бирок кезеги жетпей аргасыздан жеке медборборлордон дарылангандар да бар. Алар бир жолку дарылануусу үчүн 100 доллардын тегерегинде акча төлөшөт. Мынча акчаны күндө таба албагандар эмне болорун өзүңүз элестетиңиз.
"Жаңы жашоого үмүт" фондунун директорунун орун басары Малик Мырзаевдин маалыматына караганда, өлкөбүздө 2012-жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин жасалма бөйрөк аппаратына кезеги жетпей, ошондой эле жолдун алыстыгы жана каражатынын жоктугунан улам аппараты бар жерлерге жете албай 25 адам көз жумуп кеткен.

“БӨЙРӨК УБАКТЫЛУУ ДА ИШТЕН ЧЫГЫП КАЛАТ”

– Жасалма бөйрөк аппаратысыз жашай албай калууга кайсы оорулар жеткирет?
– Буга көптөгөн оору түрлөрү жана дарыланбай илдетин күчөтүп жиберген адамдардын өздөрү да себепкер. Дарыланбаса өнөкөткө айланып, 10-15 жылдап жүрүп акырында бөйрөктү иштен чыгаруучу оорулар:

  • Бөйрөк оорулары (нефрит, пиелонефрит жана башка);
  • Кант диабети;
  • Жогорку кан басым;
  • Бөрү жатыш, склеродермия, ревматоиддик артрит жана башкалар кирет.

– Өнөкөт оорусу жок эле адамдын бөйрөгү убактылуу иштен чыгып, аппаратка жатып калуусу мүмкүнбү?
– Мүмкүн, муну төмөнкүлөр шарттайт:

  • Бөйрөккө терс таасирин тийгизген кээ бир уулар организмге көп өлчөмдө кирип кеткенде (сымап, мышьяк жана башка);
  • Дары-дармектен, ичкилик менен тамак-аштан, уксустан катуу уулануу;
  • Күйүк, канды көп жоготуу жана башка.

Мындайда адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, аппаратка жаткырылат. Бөйрөгүнүн иши калыпка келгенде чыгарылат.

– Эмне үчүн бөйрөгү иштен чыгып жаткандардын саны көбөйүп кетти?
– Себептери көп. Суукка урунуу, ички, тышкы миграция, адамдардын өздөрүнүн ден соолугуна көңүл кош карашы, ичкилик ичүү жана башка. Сыртта иштеп жүрүп ооруп, бирок каттоосу же дарыланууга акчасы жок оорусун күчөтүп алгандар бар. 2-3 жылдап ооруса да дарыгерге көрүнбөй жүрө бергендер толтура. Негизи, адам өзүн карап, убагында дарыланса, мындай көйгөйдөн алыс болот.

“БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУ ӨЛКӨБҮЗДӨ ЖОК”

– Билишимче, аппараттын альтернативдүү варианты – бөйрөк алмаштыруу. Сиздердин пациенттердин ичинен донор бөйрөк салдыргандар барбы?
– Өткөн жылы 3 пациентибиз донор бөйрөк салдырышты. Бири Москвадан, экөө Новосибирсктен. Донор бөйрөк салдырууга орточо эсеп менен 50 миң доллар кетет. Бөйрөк салдырса эле оорудан кутулуп калбайт. Чоочун бөйрөктү организм өмүр бою "жерийт". Ал бөйрөк да иштен чыгып калбоосу үчүн дары-дармек ичүүгө мажбур. Орточо эсеп менен 1 айга 500-600 доллар кетет. Лабораторияга анализ тапшырып, дарыларды анализинин жыйынтыгына жараша ичишет. Бирок биздин өлкөдө мындай лаборатория жок. Андыктан кайсы өлкөдөн бөйрөк салдырса, ошол өлкөгө барып текшерилип туруусу зарыл. Бөйрөгүн алмаштыргандар биздин пациенттерден айырмаланып чет өлкөгө, узагыраак жерлерге, аш-тойлорго бара алышат. Билишимче, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 38 адам бөйрөгүн алмаштырган.

– Бизде донор бөйрөк салуу эмне үчүн ишке ашпай келет?
– Бюджеттен керектүү каражат бөлүнүп, керектүү жабдык, аппараттар алынып келинсе эле башташмак. Статистика боюнча, 5 миллион калкы бар Кыргызстанда 1 жылда 250 адамга бөйрөктү алмаштыруу операциясы жасалуусу керек эле. Бирок бир да адамга жасала элек. Бөйрөктү алмаштыруу боюнча операция жасоого мамлекет шарт түзүп берсе, анын баасы Кыргызстанда 6-7 миң доллар гана турмак.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жасалма бөйрөк аппараты жетишпей адамдар каза болууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА