АБАКТАГЫ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

Бирөөлөрдүн үйүнөн жыгачтан жасалган, кооз оймо түшүрүлгөн буюмдарды же жел кайык сыяктуу сувенирлерди көрүп калчу элем. Ал буюмдун ээлеринен абакта жаткандар жасагандыгын уккам, бир нече ирет. Абактагылар аларды кантип жасаарына кызыгып жүрчүмүн. Ал усталар менен көзмө-көз жолугуп, жасаган буюмдарын өз көзүм менен көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп отурат.

МАМЛЕКЕТ ИЧИНДЕГИ МАМЛЕКЕТ
Ошентип, Жаза аткаруу кызматына караштуу Москва районундагы Петровка айылынын чет жагында жайгашкан №8-күчөтүлгөн тартиптеги колонияга сапар алдык. Абакка кирүү да өзүнчө көйгөй. Абак кызматкерлери колубузда башкармалыктан берилген уруксат кагазы турса да, ар кайсы жакка чалып жатып, анан гана ичкери кирүүгө уруксат беришти. Биринчи жолу мындай жайга баргандыктан, ичин такыр башкача элестетиптирмин. Чоң-чоң, урап түшүп калган эски имараттын калдыктары согуш убагындагы жарым-жартылай талкаланган имараттарды эске салат. Айыпкерлердин кийингендери кадимки эле боштондукта жүргөндөрдүкүндөй. Чоң короону аралай эски имараттын ичиндеги бөлмөгө (цехке) кирдик. Ичинде кесилген деталдар, жарым-жартылай бүтүп калган сандык, нарда, шахмат, эшик сыяктуу буюмдар турат. Ал бөлмөгө жетип-жетпей артыбыздан 3-4 киши келип, бизге “кайдан келдиңер, эмнеге чыгарасыңар?” деген сыяктуу суроолорду узатып киришти. Бөлмөгө 15тен ашык адам чогулуп, эшиктен улам кирип келгендер көбөйдү. Ишенбегенсип, көпкө чейин сөзгө келбей, бири да үн катпай, сүйлөшпөй жатышты. Айрымдары “мунун эмнеси кызык?” деп абактын жетекчисинин орун басарынын сөзүн укпай жатышты. Эч ким сүйлөбөй жатып 15-20 мүнөт дегенде гана эшиктен бир орус жигитти алып келишти. Ал дагы камераны көргөндө “мен сүйлөбөйм, түшпөйм” деп жатып араң көнүп, кепке келди.

“УБАКЫТ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН ҮЙРӨНӨСҮҢ”
Абакка түшкөн тагдырына майышып калбастан, жыгач устачылыкты өздөштүрүп, укмуштуу оюмдар түшүрүлгөн сандыктарды жасагандар көп экен. Алардын бири Николай:

– Бул жакка келгениме 4 жылдын жүзү болду. Бир жыл дегенде устачылыкты кичине үйрөнүп калдым. Азыр баарын өзүм жасай алам. Ар бир буюмдун өз устасы бар, бири-бирибиздин ишибизге киришпейбиз. Себеби бул жакта ар бир адам колунан келгенин кылат, ал эми кол өнөрчүлүк баарынын эле колунан келе берчү нерсе эмес. Кептин ачыгы, абакка түшкөндөн кийин убакыт өткөрүш үчүн бир нерсе үйрөнүүгө аракеттенесиң. Башында эч нерсени билбегендер деле кийин өздөштүрүп, үйрөнүп кетишет. Эң негизгиси, каалоо жана убакыт керек. Мисалга, бир эле нарданы жасаганга 2-8 ай кетиши мүмкүн. Ар бир оймо-чиймеси кылдаттык менен түшүрүлүп, андан кийин кесиле баштайт. Андан соң бети жылмакайланат да, андан кийин гана лак берилет. Бир буюмду 2-3 адам жасаганда тез бүтөт. Жалгыз жасасаң, көп убакыт талап кылынат.
Шахмат, нарданын үстүнө түшүрүлгөн сүрөт эки түргө бөлүнөт. Биринчиси “геометрия” (кыйма-чийме түшүрүлгөн) экинчиси “худышка” (бетине сүрөт түшүрүлгөн). Атайын сүрөтчүлөр бар, “худышканы” көп учурда ошолор тартышат. Баасы чиймесине жараша
Айыпкерлер камера, фотоаппарат алдында тургусу келбей ыргылжың болуп жатышты. “Келгиле, сүйлөп берип койгула” десек, “эмнени сүйлөйлү?” деп бири да баш ийбей койду. Көбү “мен сүйлөй албайм” же “камера, сүрөткө түшпөйм” деп такыр эле кепке келбей жатты. Акыры эшиктен эки жигит кирип келип, кепке аралашып калды. “Бул жактагыларга иш таап берсе жакшы болот эле” деп кеп баштаган мырза көп нерселерди айтып өттү. “Бизде бекерчилик, мурда кытайлар кирпич чыгарчу, ошондо балдардын иштеген иши, чөнтөгүндө акчасы бар, көңүлдөрү ток эле. Азыр кыларга иш жок” деп кейип, Виталий аттуу устаны чакырып келип берди. Ал суроолорубузга төмөнкүчө жооп берди:

– Абакта отурганыңа канча болду?
– Мен 97, 164-беренелер (киши өлтүрүү, уурулук) менен 15 жылга соттолуп кеткем. Бул жакта отурганыма 1,5 жыл болуп калды. Абакта эң жаманы, убакыт өтпөйт. Убакытты өткөрүш үчүн кол өнөрчүлүк менен алек болуп жатам. Колумдан келгени ошол экен, ар кандай буюмдарды жасап, эптеп жанымды багам.

– Керектелүүчү материалдарды кайсы жактан аласыңар?
– Бизди материал менен мамлекет камсыздабайт, кичинекей жыгачтарды ата-энебиз же тууган, тааныштар алып келишет. Келген жыгачтарды чогултуп, чапташтырып улап чоңураак буюмдарды жасайбыз.

– Баалары кандай, ал эмнесине байланыштуу чечилет?
– Биз жасаган буюмдарыбызды сатпайбыз. Баарын тең өзүбүзгө керектелүүчү буюмдарга алмаштырабыз. Мисалы, кичинекей кутучалар орточо 100 сомго бааланат, биз аны 2 куту тамекиге алмашабыз. Ал эми нардалардын баасы 1000 сомдон 1,5 миң сомго чейин, сандыктар 4 миңден өйдө. Буюмдун бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн татаалдыгынан улам баасы бычылат. Чай, байпак, сакал алгыч, тамеки, самын, бут кийим сыяктуу күнүмдүк жашоого керектелүүчү буюмдарга алмаштырып күн өткөрөбүз.

– Кампаңардан эшик, терезелердин рамаларын көрдүк, алар да сатылабы?
– Жок, алар бул жакка, өзүбүз колдонгонго керектелет. 10-15 жыл өмүрүбүз бул жакта өтсө, өзүбүз жашаганга шарт түзүшүбүз керек да.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Бул күчөтүлгөн мекемеде жалпы 500дөй адам отурат. Алардын ичинен 30га жакыны кол өнөрчүлүк менен алектенишерин, мындай жайларга бир нерсе чыгарууга толук шарт бар экендигин “смотрящийлери” айтып кетишти. Биз да байкагандай, ары-бери кенен басып жүргөн мырзаларды пайдалуу жумуштарга тиешелүү пулун төлөп колдонууга өздөрү деле каршы эместигин айтып кетишти. Балким, убакыттын өтүшү менен ар бир абакка кандайдыр бир өндүрүш цехтерди ачса, эки тарапка тең чоң эле пайда түшчүдөй. Байпактан баштап пальтого чейин токугандар да бар деп жатышты, бирок тилекке каршы, ал нерселерди өз көзүбүз менен көрө албадык.
Чынын айтсак, биз бул мекемеден чыккыча чыйпыйы чыгып “болгула, бүттүбү?” деген суроолорун тынбай берип жатты. “Воляга” чыккандан кийин алар мунусун абакты кайтарган кызматкерлердин саны ондой эле адам экенин, бизди улам курчап, тегеректеп калып жатышканына кабатырлангандарын айтып түшүндүрүштү.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Абактагы кол өнөрчүлөр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
RossiKG
2012-05-29 17:09:50
Туура ушинтип бир нерсе менен алек болушканы, бирок киши лтурдум деп кулуп койгону жаккан жок, анткени бир адамды олтурсо, ал адамдын туугандарына, уй булоосуно, балдарына кандай кыйынчылык, страдание алып келгенди байкаган жок окшойт..окунучтуу
0
Kroxa
2012-05-30 12:13:24
мамлекет матриалдарды камсыздап берсе озулоруно женил болмок да тамак-ашты таап алышмак экен жакшы усталарды пайдаланышса болмок
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА