Эки жыл мурун орнотулган журналист Геннадий Павлюктун эстелиги “киши колдуу” болду. 20-майдын түнүндө Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан эстеликти бирөөлөр көтөрө качышкан. Эстелик колодон жасалып, бийиктиги – 1,7 метр, салмагы – 250 килограмм, баасы 20 миң АКШ долларын түзөт. ИИМ эстеликтин уурдалышын анын колодон жасалганы менен байланыштырууда. "Уурдагандар анын акчасына кызыгышкан" деген божомол бар. Азырынча уурунун изи табыла элек.
Эскерте кетсек, журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.