Депутат Равшан Жээнбеков “Ата Мекенден” куулгандан бери жаңы партия ачууга жетишти. 23-майда “экс-башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев 7-апрель окуясында Ак үйдөн 3 миллион доллар акча салынган эки баштыкты алып чыккан” деп жар салды. Равшан мырза бул маселе боюнча Сатыбалдиевди суракка алууну сунуштап, депутат бул маалыматты экс-баш прокурордон алданып калган балдардан билгенин айтты. Маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн Эльмурза Сатыбалдиевге кайрылсак: “Мамлекеттик микрофонду ушундай жол менен колдонгусу келсе, анда мага демектен "10 миллион доллар алып чыгып кеткен" десин. Бирок менин айтарым, мунун баары калп! Ким ууру экенин тарых кийин өзү тастыктап алат. Мен азыр анын деңгээлине түшкүм келбейт. Жээнбеков экөөбүз группалаш жана жакын мамилелеш болчубуз. 7-апрелден кийин эле мага “сүйүүсү” күчөп кеткен окшойт. Кыскасы, ага чоң аманчылык каалайм”,- деп жооп берди.