БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛАТ...

  • Иранда 14 адам контрабандалык иш менен алектенип жүргөндүгү үчүн ДАРГА АСЫЛДЫ.
  • “Фейсбук” социалдык тармагынын түзүүчүсү МАРК ЦУКЕРБЕРГ кытай улутундагы Прицсилла Чанга үйлөндү.
  • Түркия өкмөтү сириялыктарды КҮРД СЕПАРАТИСТТЕРИН колдоп жаткандыгы үчүн күнөөлөп жатат.
  • Террорчу Усама бен Ладенди америкалык куралдуу күчкө таап бергендиги үчүн пакистандык дарыгер 30 ЖЫЛГА эркинен ажыратылды.
  • Тунистин экс-президенти ЗИН ЭЛЬ-АБИДИН БЕН АЛИ өлкөдөгү жаңжалдын айынан массалык өлүмдүн себепкери катары өлүм жазасына тартылат.
  • Казакстанда кыргызстандык ИЛБИРСТЕРДИН КӨЗҮНӨ жасалган операция ийгиликтүү өттү.
  • 21-май күнү Йемендин борбору – Санада болгон ТЕРАКТТЫК ЖАРДЫРУУДАН каза тапкандардын саны 96га жетти.
  • Украинанын экс-премьер-министри ЮЛИЯ ТИМОШЕНКОНУН үстүнөн кайрадан кылмыш иштери козголууда.
  • 23-май күнү Ооганстанда 5 МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткенин жергиликтүү басма сөз кызматы кабарлады.
  • Америка Кошмо Штаттарында быйыл 6-НОЯБРЬ күнү президенттик шайлоо болуп өтөт.




Айдай Асанбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Asus84
2012-05-28 10:37:19
Фейсбук” социалдык тармагынын түзүүчүсү МАРК ЦУКЕРБЕРГ кытай улутундагы Прицсилла Чанга үйлөндү- мага да бир принц жибергилечи
0
samat-91
2012-05-28 16:19:38
Asus84, ким жиберет?маркты кытай кызга уйлон деп бироолор жиберишиптирби?
0
Juliana
2012-05-30 00:29:20
Asus84, Mark menen Priscilla Harvardda choguu okugan, oshol jerden taanyshyp drujit' etip bashtaptyr. Sen dagy ushunday bir jerlerge barsan prinsti tabasyn ozun ele.
0
ilgez
2012-06-03 22:28:33
Asus84,
Принц келет деп куто берген болбойт,
Жакшы принцтер, жакшы кыздарга кетип калат. Бирок намыс деген нерсе бар да ээ? :-)
0
TaDi
2012-05-30 12:54:11
salam dostor,ar kimdin jary ozuno prinsessa bizde bekerinen aitpasa kerek atalarybyz ar kimdiki ozuno ai korunot kozuno dep.
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан