ТООК ЭТИНЕН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:
Кайнатылган тоок эти – 200 грамм
Бадыраң – 2 даана
Жумуртка – 1 даана
Соя соусу – 2 аш кашык
Зайтун (же башка өсүмдүк)
майы – 2 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Уксус кислотасы (6%) – 1 чай кашык
Күнжүт данектери, салат жалбырактары, аш көк, туз, мурч

1. Жуулган бадыраңды жана бышкан тоок этин жука, узун кылып туурап алабыз.

2. Эми жумуртканы чегип, ага туз жана тууралган аш көктү аралаштырып, кызытылган көмөчкө куймак жасоо керек. Даяр болгон куймакты узунунан туурап, бадыраң менен тоок этине кошуп аралаштырабыз.

3. Чык даярдоо. Идишке зайтун (же башка өсүмдүк) майын, соя соусун, уксус кислотасын, туз, мурч, майда тууралган аш көк жана жанчылган сарымсакты аралаштыруу абзел.

4. Жуулган салат жалбырактарын тарелкага төшөп, ага тууралган азыктарды салабыз. Үстүнө чык куюлуп, күнжүт данекчелери себилет. Тоок этинен салатыбыз даяр.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aikoledi
2012-06-09 16:06:25
керектелуучу азыктарда 1 жумуртка даярдоодо 2 жумуртка болуп калдыго а так жакшы екен оной
0
samara.akyl
2013-08-01 15:48:01
aikoledi, 1 эле жумуртка :-) эки эмес эми деп жазылып туру
0
akylai1992
2012-06-21 17:15:39
керектелуучу азыктарда ун жок болчу же куймакты унсуз даярдоо керекпи
0
saya4ka
2012-06-22 18:55:40
akylai1992, куймакты жумурткадан эле сайсыз, зелень кошуп.
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан