КӨК БАСКАН ҮЙ – ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН

Нымдуу (саздак) аймакта жайгашкан үйлөрдүн “душманы” – көк басуу. Аталган маселе көбүнчө кышында, кээде нымдуулук жогору болсо, жайдын күнү да пайда болот. Көк баскан дубал үйдүн көрүнүшүн бузгандан тышкары жагымсыз жытты пайда кылып, адамдын ден соолугуна да олуттуу зыян келтирет. Андыктан көк баскан үйдү тазалоо жана анын алдын алуу боюнча кеп-кеңештерди сунуштайбыз.

КӨК КАЙДАН ПАЙДА БОЛОТ?
Саздак аймактарга салынган үйлөрдө нымдуулук жогору болгондуктан, көк басуу адатка айланган. Ал эми кургак аймактарда үй ичиндеги аба алмашуу бузулганда, пайдубал, дубал жана чатыр жаан-чачындын суусунан жакшы корголбогондуктан келип чыгат. Ошондой эле үй ичин желдетпей, дайыма тумчулап кармоо абанын жылып, бөлмө ичиндеги муздак бөлүктөрдө (пол, дубалдын бурчтары) буунун коюуланышына алып келет да, дубалдын жана шыптын бетинде суу тамчыларын пайда кылат. Муну менен дубалды, шыпты, полду жана бөлмө ичиндеги буюмдарды чиритип, керектен чыгара турган көк басууга жол ачылат.

КӨК БАСКАН ҮЙДҮ ТАЗАЛОО

Алгач жылчык-тешиктерди бүтөө керек

  • Алгач бөлмөнүн ичиндеги көк баскан бөлүктөр эмнеден улам болгонун аныктоо керек. Көктү пайда кылуучу сырткы таасирлер – дубалдагы, пайдубалдагы жаракалар жана чатырдагы тешиктер. Аталган бөлүктөрдүн кайсы биринде жарака пайда болсо, аны оңдоп-түзөө менен жоюу зарыл. Анткени жаандын суусу тешик, жаракалар аркылуу үйдүн ички дубалында нымдуулукту пайда кылып, көк басууга шарт түзөт.
  • Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө аба алмашып туруучу түтүктөрдүн иштешин, ысык жана муздак суу келүүчү түтүктөрдүн, батареянын тешик эместигин текшерүү зарыл. Эгер кемчилик табылса, дароо бүтөө керек.
  • Терезенин дубал менен бириккен бөлүктөрүндөгү жылчыктар да көк басууга шарт түзөт. Буларды да бүтөө кажет.

Иштин негизги бөлүгү

  • Бөлмө ичиндеги көк баскан бөлүктөрдү шпатель менен таза кырып чыгуу керек. Эгер шыбак бошоп, үбөлөнүп жатса, ошол бөлүктүн шыбагын сыйруу талап кылынат.
  • Эми көк басууга каршы чыгарылган атайын каражатты суу аралаштырып чачып (1 литр атайын каражатка 1 литр суу), дубалды кургатуу зарыл. Кургагандан кийин щётка менен жакшылап тазалап, актап, сырдап, ал эми шыбагын сыйрыган болсоңуз, кайрадан шыбайсыз.
  • Атайын каражаттардын курамы химиялык жегич заттардан тургандыктан, колдонуудан мурда анын сыртындагы көрсөтмө менен толук таанышып чыгууну эсиңизден чыгарбаңыз. Мындай каражатты Бишкек шаарынын курулуш жана оңдоп-түзөө материалдарын сатуучу базар, дүкөндөрүнөн таба аласыз. Баасы анын өндүргөн өлкөсүнө жана сапатына жараша 1 литри 150 сомдон 350 сомго чейин. Мындан сырткары суу аралаштырылган, чачкычы бар 0,5 литр өлчөмүндөгү бөтөлкөдө даяр каражаттар да бар. Алардын баасы 150 сомдон. Көктүн калыңдыгына жараша 1 литр аралашма 2,5 чарчы метрден 10 чарчы метрге чейин жетет.
  • Кийинки кадам – бөлмөнүн ичин толук кургатуу. Кыштын күнү болсо, меш же кадимки электр жылыткычтары жарайт. Ал эми жайкысын эшик-терезени ачып желдетүү жетиштүү.
  • Жаңыдан көк басып келе жаткан бөлүктөрдү самындап жууп кетирүүгө болот.

ООРУЛАРДЫН БАШАТЫ

Көк басып кеткен үйдө жашоо адамдын ден соолугуна, өзгөчө иммунитети төмөн жаш балдар менен карыларга зыян алып келери аныкталган. Себеби анда уулуу споралар (козу карын, эңилчек, балыр өңдүү гүлсүз өсүмдүктөрдүн жана кээ бир клеткалуу жаныбарлардын өз алдынча тукумдоо кызматын аткаруучу бир клеткалык бөлүгү) абдан көп. Бир чарчы метр көк баскан аянттан бир күндө миллиарддаган споралар өнүп чыгып, абага да тарайт. Мындай бөлмөдө жашаган адамдын дем алуу органдарына уулуу споралар кирип, өнөкөт жөтөл ооруларын козгойт. Ошондой эле буттагы грибоктун өрчүшүнө, аллергия, бронхиалдык астманын козголушуна таасирин тийгизет жана баш ооруну пайда кылат. Мурун бат-бат бүтүп, суук күндөрү сасык тумоого тез чалдыгат.
Ал эми адамдын организми үчүн абанын нымдуулугу 40-60 пайыздын тегерегинде болушу шарт. Үйдөгү нымдуулуктун өлчөмүн билүү үчүн гигрометр аспабы колдонулат.

КӨК БАСУУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Дубалдагы шыбак канчалык калың болсо, ошончолук нымдуулуктун өтүшүнө жол бербейт.
  • Чатырдагы жаан суусун тоскучтарды дубалдан алысыраак орнотуу зарыл.
  • Пайдубалга жакын суу көлчүктөрүнүн пайда болушуна жол бербөө керек.
  • Кыштын күнү үйдүн температурасын өтө ысык кылбай, салкын кармоо талапка ылайык келет.
  • Ашканада тамак бышырууда буунун сыртка чыгуусун камсыз кылуу зарыл.
  • Жуунуучу бөлмөгө аба алмашуучу түтүк орнотуу керек. Ошондой эле жуунгандан кийин дайыма эшик-терезени ачып желдетүү керек.
  • Жуулган кирлерди бөлмөдө кургатпаңыз.
  • Гүлдөрдүн көптүгү да нымдуулукка алып келет.
  • Колдон келсе, жыгач терезелерди орнотуңуз. Пластиктен жасалган терезе аба өткөрбөй, нымдуулуктун деңгээлин жогорулатып жиберет.
  • Саздак аймакка салынган үйдү нымдуулуктан сактоо үчүн бакча тараптан арык казуу керек. Жер алдынан канча метрден кийин суу чыкса, арыктын тереңдиги ошого жараша болушу шарт. Мисалы, 1,5 метр тереңдиктен суу чыкса, тереңдиги 1,7 метр жана туурасы 0,6-0,8 метрге жетет. Бул ошол жер тилкесиндеги жер астындагы суулардын арыктын ичине топтолуп агып кетип, үйдүн алдын кургак кармоого мүмкүндүк берет.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Asus84
2012-06-04 11:47:52
фуу
0
Nazika_1990
2012-06-04 15:44:01
Чоон рахмат, аябай пайдалуу кенеш экен!!!
+2
nuke5
2012-06-04 16:44:15
быйыл кыш суук болуп терезелерди ачпай койбодумбу! эми кухням когоруп турат.
0
Santana
2012-06-09 01:18:30
Рахмат.мен учун табылгыс кенеш
0
voin
2012-06-09 02:32:26
Asus84 тим эле орустарга окшоп жазыпсынго,же ошондой жиркеничтуу нерсебекен???фу со
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан