Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«УШУЛ КОРДУКТУ КӨРГӨН АКЫРКЫ КЫЗ МЕН БОЛОЮН»

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.


“Канткенде адам уулу адам болот?” деп адам болуунун жолун издеген сайын зөөкүрлүктүн, айбандыктын изин кууп бараткан жокпузбу? Мындай суроо улам бир жүрөк титиреткен окуяларды укканда чыга келчү болду. Редакциябызга Фарида аттуу айым келип, көз жаш коштогон суук сөздөрү менен эки күн зордукчулардан көргөн азаптуу кордугу туурасында айтып берди. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.

“АЯЛ БОЛУП ЖАРАЛГАНЫМА ӨКҮНДҮМ”
– Сөздү эмнеден баштаарымды билбейм. Бул окуя 2011-жылдын 4-ноябрында Ала-Бука районунун Чолоктума айылында болгон. Ичинде күйүтү болсо да, апам мени “адам баласын Жараткан ар кыл нукта сынайт. Бул сенин башыңа түшкөн сыноо” деп эптеп сооротуп келет. Болбосо өзүмө бул жашоодон орун издемек эмесмин. Себеби ошол эки күндүн ичинде айбанга айланган Р.Кыяз, Б.Эркин аттуу зөөкүрлөр тарабынан адамдык намысымдын, эл алдындагы абийиримдин, аялдык бактымдын, жашоодогу үмүтүмдүн баарынын таш талканын чыгартып алдым. Аялдын алсыздыгына, аял болуп жаралганыма өкүндүм.
Өзүм Ала-Бука районунанмын. Жашым 23тө. 17 жылдан бери Ош шаарында жашагандыктан, ал айылдагы байкелеримдин үйүнө конокко барып турар элем. Ошол каргашалуу окуя да айылга конокко барганымда болду.
Жолдошум экөөбүз ажырашып, 5 жаштагы кызым менен үйдө отуруп калгандыктан, жеңем “бактысын таап кетсин” дегенби, телефон номеримди Эркин аттуу классташ баласына берип коюптур. Мен да ата-энем, бир туугандарыма жүк болбой өз теңимди таап, турмуш жолун кайрадан улантсам деген ойдо элем. Эркин аялы менен ажырашып, кайра үйлөнүү максатында жүргөнүн айтты. Ал Чолоктума деген бизге кошуна айылда жашайт экен. Аны таанычу эмесмин, бирок апасы туурасында жакшы кептерди уккам. Ошол себептен “баласы да жакшы инсан болсо керек” деген ой болду. Телефон аркылуу таанышып, сүйлөшүп калдык.
Ошол 4-ноябрь күнү кечки саат бештерде жолуктук. Ак Жигулини жалдап, өзүнөн беш жаш улуу Кыяз деген досу менен келиптир. Сөзүбүз көпкө созулбады. Эркин “мага ыраазы болсоң, жүрү кеттик. Апамдар сени күтүп жатышат” деп, анан ой-боюма койбой ала качып жөнөштү. Баратып бир дүкөндөн арак ичишти. Бир да жаман нерсе ойлобой, Эркиндин үйүнө барып токтодук. Эшиги кулпуланып туруптур. “Апаң кана?” десем, “азыр ушул үйдө отуруп турсаң, мен барып апамды, анан ачкычты алып келем” деп терезесин буза баштады. “Кирбейм, апаңды чакыр” дегениме карабай Кыяз желкемден түртүп үйгө киргизди. Зөөкүрлөрдүн арам ою бар экенин алгач билсем кана! Ошол муздак үй тагдырымдын жылуулугун уурдаганы турганын башта эле сезсемчи!

“БАЛДАРДЫ ЧАКЫРЫП, СЕНИ САЛЫП БЕРЕБИЗ”
– Эркин менен Кыяз дагы арак иче башташты. Жаман ой пайда болуп, үйүмө жеткирип коюшун сурандым. Кетем дегенимден улам Эркин мага асылып, кийимдеримди тытып кирди. “Кыяз байке, жардам бериңизчи, кой деп коюңузчу!” деп адам эмес, карышкырдан жардам сурап жатканымды билбептирмин. Каткыра күлүп, арактан ичип, менин кордугумду тамаша кылып отурду. Ошондо гана алданып калганымды түшүндүм. Жашоо туман болуп, бардык үмүтүм үзүлдү. Көз жаш төккөндөн башка эч нерсе кыла албадым.
Эркин менен Кыяздын кезектешип ойногон оюнчугу болдум. Бири арам оюн ишке ашырса, экинчиси колумдан кармап берип турду. Тагдырымдын катаалдыгын кара, качууга аракет кылган сайын “балдарды чакырып, сени салып беребиз” деп коркутушат. Ошол күн менин жашоомдун акыркы мүнөттөрү сыңары туюлду. Иттен айырмасы калбаган Эркин “меникин оозуңа саласың” деп оозумду ачканга аракет кылды. Жулкунуп, оозумду бекитсем, бет маңдайыма муштайт.
Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн. Башкаларга мындай азап тарттырбачы, Кудайым! Мен дагы канча жашайм билбейм... Болгону, ушундай мыкаачы, арам адамдар арабызда бар экенин башкаларга айтып коюу максатында жана Орто-Токой, Чолоктума айылдарынын элине “араңарда айбандар жашайт, кастарлап баккан кыздарыңарды алардан этият кылгыла” деп болгон чындыкты боздоп айтуудамын.

“МОЮНУМА БЫЧАК ТАКАП, САЙГА СҮЙРӨП ТҮШТҮ”
– Түн бир оокум. Ал айылда таякем жашачу, “таякемдин үйүнө алпарып койгулачы!” деп аябай жалбардым. Ошол учурда жеңем телефон чалып калды. Телефонумду да бербестен, өчүрүп чөнтөгүнө салып алып, “кийин, таякеңдин үйүнө алпарып коём” деди Кыяз. Жолго чыктык.
Эң жаман кордуктун баары ошол көчөдө башталды. Көчөдө бир балага арак алдырып, мени ичесиң деп зордоду. Сунган арагын караңгыдан пайдаланып, байкатпай төгүп салам. Колумдан катуу кармап, жыгылганыма карабай сүйрөп эски тегирмендин жанына алып барып, “жат” деп ургулайт. Айлана кар, аябай суук. “Чечин, өз эркиң менен чечинбесең, балдарды чакырам. Кантип чечингениңди билбей каласың. Шаарда жүрүп стриптизге түшүштү жакшы билсең керек. Азыр бийлеп бересиң” деп өмүрү оюма келбеген кептерди айтып жатты. Ошол учурда бизди карап турган эки баланы көрүп, “тиги жакта балдар карап турушат, мен таякемдикине кете берейинчи” деп сурандым. Балдарды чакырып, “эмне кылып жүрөсүңөр? Сойку издеп келдиңерби?” дегенде күйбөгөн жерим күл болду.
Балдардан “таякемди чакырып койгулачы” деп сурандым. “Макул” деп Кыязга билгизбей башын ийкеди бирөөсү. Качууга камынып тегирмендин алдына барганымда “кач!” деп мени бирөөсү түртүп жиберди. Же катуу чуркай алсамчы. Белимдин сыздап ооруганынан жаным чыгып кетчүдөй болот. Көзүмдүн жашын көлдөтүп качып баратсам, артымдан Кыяз келип желкемден түрткөндө жыгылып түштүм. “Кайда качып баратасың?!” деп бутумдан сүйрөп жөнөдү. Кийимим жогору түрүлүп, бүт денем айрылып, башым ташка урунуп бараттым. Бир жерге келгенде “тур ордуңдан!” деп кыйкырды. Турууга такыр алым жок эле, чачымдан тартып тургузду. Ошол учурда апам көз алдыма элестеп, “9 ай боюңда көтөрүп, мени ушуларга кордоткону төрөдүң беле, апа?!” деп ыйлайм. Моюнума бычак такап, “сага качышты көргөзөм!” деп жакамдан кармап сай тарапка сүйрөп түштү. “Чечин!” деп башыма уруп, кулагымдан кармап жерге жыга түрттү. Бутумдан өтүгүм менен колготкимди жулуп алып, дагы зордуктаганы асыла баштады. “Аябай муздап калдым, жер суу экен” дегенге араң гана үнүм чыкты. Өтүгүмдү берип, колготкимди чөнтөгүнө салып, мени дагы бир досунун үйүнө алып барды. Таң атканча кордолдум...
Эртеси Эркиндин үйүнө сүйрөп келди. Бир оокумда аял киши эшикти каккылап, Кыязды сурады. Кыяз болсо колуна бөтөлкөнү кармап, “үнүңдү чыгарсаң өлөсүң!” деп жанымда турат. Эркин эшикти ачпастан, “Кыяз жок, мен аны көрбөдүм” деп келинди кетирип салды. Мен качуунун амалын издеп “дааратканага барам” деп эшикти көздөй чыксам, качып кетет дешип артымдан ээрчип алышты. Ошол учурда Кыяздын аялы дагы келип калды. Кыяз болсо келинчегин кууп, мени дагы сай тарапка сүйрөп барып бир тыттын түбүнө отургузуп кетип калды.

“АДВОКАТЫМ САУНАГА ЧАКЫРДЫ”
– Таякемдин үйүнө араң жетип, болгон окуянын баарын айтып бердим. Алар милиция менен “Тез жардамды” чакырышты. Арыз жаздым. Ошол учурдагы зээнимди кейиткен дагы бир жагдай адвокаттын акмактыгы болду. Соттук иштерде мага жардам берүү максатында А.С. деген кишини адвокат кылып алдым. “Зордукталган кыз” деп бузук ойго бардыбы билбейм, ооруканада өзүмө келе албай жатсам, адвокат А.С. телефон чалып, “саунага барып келбейлиби?” деп сунуш кылды. Дүйнө аңтарылгандай болду. Анан да адвокат "ошол окуяда келтирилген материалдык чыгымды өндүртүп берем" деп менден тосмо арызды алдап жаздыртып алганына жиним кашайды.
Мени бууп жаткан бугумду, балдарды темир тор артына отургузам деген оюмду таш капты. Чындык жок экенине, баарын акча чечип калганына, аялдардын алсыздыгына өкүндүм. Чолоктума менен Орто-Токой айылынын карапайым эли “күнөө кызда, болбосо Кыяз менен Эркин акталып чыкпайт болчу” деп айыптын баарын мага жүктөп салышыптыр. Айылдагы туугандарым мен үчүн баш көтөрө албай калышты. Соттук иште да “Эркин – жакшы бала” деп кол коюп беришиптир. Алар Эркин менен Кыяз бир канча жолу Орток-Бел деген кең талаага кыздарды алып барып кордоп, кийимдерин чечип алып, жылаңач таштап салган фактылар бар экенин билишпейт өңдүү. Мунун баары ошол соттун жүрүшүндө аныкталды. Кыяздын зордуктоо боюнча 2009-жылы 14-июлда Ала-Бука райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылганы туурасында да кабарсыз окшойт. Эмне, кыздарын кордоткону, мен көргөн күндү кыздарынан көрүш үчүн “жакшы бала” деп кол коюп берип жатабы айыл эли? Муну айыл эли түшүнө албады окшойт.
Кыяздын атасынын “насыя алып баламдын ишине жумшадым, эч нерсем калбады” деп ыйлаганын көрүп, “айбан болуп жаралганча, жаралбай койбойт белең?!” деп ичимден баласын каргайм. Эркиндин атасы ошол окуядан кийин кайтыш болду. Байкуш киши уулунун кылыгын, эл алдындагы шерменделикти көтөрө албады көрүнөт...
Күнөөсүн "жарым-жартылай" моюнга алган эргулдар менен байланышка чыккан жокпуз. Эгер бул макаланы кулактары чалса, өздөрү байланышар. Алардын да кебин угабыз. Фарида Ала-Бука райондук сотунун өкүмүн ала келиптир. "Соттун өкүмү чыккандан 17 күндөн кийин колума тийди" дейт бечара келин. Мыйзам боюнча, өкүмгө макул эмес тарап өкүм чыккандан кийин 10 күн ичинде кийинки инстанцияга арыз менен кайрылышы керек эмеспи. Жабырлануучуну андай укуктан да куру жалак калтырышыптыр. Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.Жеримбетов "айыпталуучулар күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, чын дилден өкүнүштү. 6 жылга эркинен ажыратуу чектелип, жаза 3 жылга шарттуу сынак мөөнөтү менен алмаштырылсын" деген өкүм чыгарыптыр. Демек, экөө биригип кыз зордуктап, оор кылмыш кылса, шарттуу деп ээн-эркин коё берүүгө боло берет экен.
Окурман, кыргыз бир эмес, эки жолу төңкөрүш жасады, "коррупция жоюлсун, парага сатылбагыла, кылмышты жаппагыла" деп. Анан эмнеге кайра эле кылгылыкты кылып, зордоп-кордогондор тиешелүү жазасын албай тайрактап жүрүшөт? Чет жерде жүргөн кыргыз кыздарды "кыргыздын намысын тебелеп жатышат, тарбиялайбыз" деген эргулдар чыгып жатканын жазган элек. Чет жерде эмес, өз элибизде, өз жерибизде кыздарыбызды ушинтип кор тутуп жатсак, кайсы намыс тууралуу сөз козгойбуз? Соттор баягы эле Акаев, Бакиев кезинде үйрөнгөн жоруктарын кыла беришеби?

Уулбү Каныбекова
Info_osh@super.kg



"Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(149)
Super TV
08.06.2012. 10:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
11-07-2013 13:11
Жынысы:
Белгисиз
0
aibandar,adam bolboi itter dese,aibandar,kudai silredi jon kaltyrbait ushul nerse oz bashygarga kelet eki ese bolup
08.06.2012. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
12-02-2009
Соӊку аракети:
09-11-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактарды ташбаранга алыш керек! Эл соттосун! Башкалар корсун! Кыздарга да эркектерге да чон сабак болот эле!
Анан жанагы адвокатты да соттоп салыш керек!
08.06.2012. 11:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
15-09-2009
Соӊку аракети:
15-12-2013 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Форумчуларда юристер барбы? Иштин аягына чыгарам деп аттанса, ортодо чыгымдарын которот элек. Мен озум даярмын ошол айылга чейинки жол кирени толойм. (айдын аягында)
Юристтер чыгынып коргуло? Адвокатты, сотту да титиретип , эл алдына чыгарыш керек. Зоокурлорду турмого, гемороюн чыгарып.
08.06.2012. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
08-01-2011
Соӊку аракети:
03-10-2017 02:49
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgez, менда озуно ишенген юрист чыкса материялдык жардам корсотомун
Super TV
08.06.2012. 14:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-06-2012
Соӊку аракети:
09-12-2015 18:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушул окуяны окуп аябай ыйладым, андай адамдарды олтуруп салыш керек, кудай жазасын берсин.
Super TV
08.06.2012. 14:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
24-04-2011
Соӊку аракети:
25-07-2012 20:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
санкт петербург
0
еркектер качан онолосунар.
Super TV
08.06.2012. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кудай озун сакта!сотторго,АДВОКАТТАРГА баары бир болуп жатат да ошондо,ал акмактар озунун кызын же бир туугандарынын кыздарын ошол жапа чеккен кыздын оордуна коюп элестетип корушсун кандай жандары ооруйт экен ошондо эле сезбесе,уялбай жардам бергендин оордуна саунага чакырганын айтпа.озунун кызын бироо чакырса кандай абалда болот ойлонуп корсо болмок.жаканды кармай турган окуялар болуп баратат.мамлекет да бир аз болсо да конул бурса ушундайларга!
08.06.2012. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
29-12-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кербен
0
Жон гана аял затынын алсыздыгына ыйлагым келип жатат. Чын эле эмнеге? Эмне учун ушул айбандар, кайсыл энеден жаралат... Бир нерсени жасоодон биринчи озун алардын ордуна коюп корбойбу...
08.06.2012. 18:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-06-2012
Соӊку аракети:
31-07-2012 23:55
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жаман окуя экен,мен мурун уккам,бирок мынчалык деп ойлобогон экем.байкуш...эми кантесин.байкелерин,ата энен баш которбой калды го...бирок,сабыр кыл!кудай тийиштуулорго оз жазасын берет.
08.06.2012. 21:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
05-01-2015 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
андай аламдарды ташбаранга алып олтуруш керек
08.06.2012. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
20-07-2010
Соӊку аракети:
27-03-2018 13:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
еркегиге да, кызыга да,Ыйман берсин
09.06.2012. 05:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
19-11-2010
Соӊку аракети:
13-05-2013 15:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызылкыя
0
мындайларды атып эле олтуруп койбой кыйнап олтуруш керек иттерди
09.06.2012. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
27-05-2012
Соӊку аракети:
02-11-2018 12:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Башка мусульман элдериндей кылып Ала Тоо аянтында дарга асыш керек. Же болбосом таш бороонго алып кыйнап олтуруш керек мындай эркекмин деп шым кийип жургон пид...цдарды. Чычкан кот чыча берет мындай зокурлорду жок кылыш керек!!!
09.06.2012. 17:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
29-09-2011
Соӊку аракети:
04-06-2014 01:22
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды жон олтуруп коюш да аздык кылат,намыстуу жерлерин кесип озулорунун оозуна салыш керек ушундай салдырганды жактырышса!!!Ал эми Фарида сага бакыт каалайм,
09.06.2012. 17:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
29-09-2011
Соӊку аракети:
04-06-2014 01:22
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды жон олтуруп коюш да аздык кылат,намыстуу жерлерин кесип озулорунун оозуна салыш керек ушундай салдырганды жактырышса!!!Ал эми Фарида сага бакыт каалайм,
10.06.2012. 03:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
cot akcha algandan bashkany bilbeit.bar oshondopi aibandar aiban dein decen aiban ymandy bular jyrtkych kyrgystanda barby akykaty culogon
10.06.2012. 04:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
11-05-2010
Соӊку аракети:
24-06-2012 02:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти окуп атып,ичим ачышып ыйлап да алдым.Акмактардын азабын берсин Алла Таалам!
10.06.2012. 05:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
03-02-2012
Соӊку аракети:
30-01-2017 02:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кербен
0
Кудай сактасыыын. Жараткакндын алдында жооп беришет!
10.06.2012. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-11-2011
Соӊку аракети:
14-05-2017 17:19
Жынысы:
Белгисиз
0
куйдай деп жашагылачы кутурбай жигитер оз намысынды сыйлагыла ой кудай кыздарды сыйлагылачы
10.06.2012. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын сотун кутпостон эле жазалаш керек буга окшогон дьяволдорду. Аларды дьявол дегенден башка атоого мумкун эмес. Айбандар дагы мындайды кылбайт. Ал балдардын атаэнеси же тууганы болгонумда озум эле бычып кыйнап анан олтуруп анан орттоп салмакмын. ООО кудай эмне деген заманда жашап атабыз. Ушуга окшош окуяларды уксам озумун келечектеги кыздарымды ойлоп кетем.энелер аталар балдарынарга туура тарбий бергилечи. Ошол балдар деле ошо кызга окшогон энеден жаралгандыр. Оз энесин кордогонго тете.
10.06.2012. 21:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-07-2011
Соӊку аракети:
29-11-2014 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
колунан кармап айнектен кантип кирмек эле озун шериксин
10.06.2012. 21:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-07-2011
Соӊку аракети:
29-11-2014 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
Сапаргулго окшоп кылгылыктын баарын кылып коомчулука ушинтип актанганынарды койгула бул окуяны чын далилин издесе мындай эмез болуш керек жигит бычак алып жолуугушууга барбайт кызда куноо деп ойлойм неге барат бир уйго айнектен киргизип деп жатат конулу жок адамды айнектен киргизиш ото кыйын уялгыла кыздар ушундай жолго озунор барасынар анан эл билсе актана баштайсынар.
11.06.2012. 08:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-10-2011
Соӊку аракети:
10-05-2015 16:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibandar ozubuz kyzdarybyzdy kordosok , anan kantip bawka uluttagy erkekter menen jurbo degenge uyaty barat pfff
12.06.2012. 09:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
21-09-2010
Соӊку аракети:
20-10-2014 15:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Керим, сен кыз болуп жаралганда сезмексин!!!! азыр унчукпай эле кой... а то соз кобое берет
Super TV
23.06.2012. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
29-04-2017 12:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сыяктуу окуялар коп эле кездешип жатпйбы. Аябай окунучтуу! Эмне болгондо да ынсап берсин ар бир инсанга!
Super TV
30.06.2012. 01:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-03-2011
Соӊку аракети:
03-01-2015 19:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууужас, бизди , жонокой кыздарды коргой турган эркектер, кайра кордоп жатышат, биз каякка баратабыз кыргыздар! Озунордун кыргыз кыздарынарды ушинтип кордоп атсанар, уят бул кыргыз жигиттерние, мындай зоокурлор КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ деген атка татыбайт, айбандан айырмалары жок уятсыздар! Кудайдан коркуп койсонор боло.Бул дуйнодо жазанарды албасанар да , тиги дуйнодо тозокко тушосунор, алладан коркуп койбойсунарбы! Анан дагы Россиядагы кыздарды кордоп жатышат озубуздун эле жигиттер, айбандар
16.07.2012. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
17-12-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 01:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
0
тарбия корбогон айбандар.Деги нормальный иштеген сот барбы Кыргызстанда
12.08.2012. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
31-10-2018 08:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
телефон менен таанышкандын пайдасы го канча болсо алдайтта
Super TV
27.10.2012. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
23-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 11:29
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстан эч качан онолбойт себеби биздин кызматкерлер айбандар
08.10.2014. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
0
Саламатсыздарбы СуперИнфо? Фариданын азыркы убакта ал-акыбалын Жана тигил зоокурлордун устунон кайра арыз жазып сотко кайрылдыбы же кайрылган жокпу,Эгер кайрылса анда сот адилеттуу Окум чыгардыбы?ушул суроолорго жооп алып бересиздерби?
09.10.2014. 09:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 11:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
ZANIA-92, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, эсибизде болот.
20.10.2014. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
19-02-2014
Соӊку аракети:
21-08-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
бул каргашалуу окуяны окуп чыгып абдан журогум ооруду. кудайым жазалайт го бул айбандарды. чындыгында олум жазасы эмнеге сунушталбайт...
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21442;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: