АТАКТУУЛАРДЫН ТӨШӨК СЫРЛАРЫНАН...

Атактууларга кимдер гана кызыкпайт. Ал тургай кайсы бир белгилүү адам менен төшөк кумарына батууну кыялдангандар да жок эмес. Дегеле атактуулардын көпчүлүктү кызыктыра турган секс жааттагы кандай сырлары бар? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүп, алардын айрымдары тууралуу маалымат алыңыз...

Мелани Браун

Ырчы үчүн секс – жашоосундагы эң маанилүү нерсе. Бул тууралуу ал минтип айтат: “Мен төшөк кумарына батууну өтө эле жакшы көрөм. Сексуалдык фантазиям да жакшы. Андыктан ойго келбей турган нерселерди жасап жиберүү – адатым. Мисалы, ар кандай төшөк оюндарын ойлоп таап, аны сүйүктүүм менен ишке ашырмайынча жаным жай албайт”.

Кристина Агилера

“Чыныгы сулуулук жылаңач денеде”,- деп эсептейт атактуу ырчы. Дал ушул себептүү төшөк кумарына батып бүткөндөн кийин ал эч качан кийинүүгө шашылбайт. Ал тургай сүйүктүүсү экөө айрым жекшемби күндөрдү жылаңач өткөрүшөт. Башкача айтканда, үйдүн эшигин ичинен бекитишет да, күнү бою энеден туума жылаңач жүрүп эс алышат.

Хэлли Берри

Ар кандай төшөк оюндарын колдонууну жактыргандардын катарында Хелли да бар. Эгерде кумарга батар алдында кызыл шарап ичип койсо, же мырзасы жаш баладай кылып өз колу менен тамактандырса, тез дүүлүгүп чыгат. Негизи, сексте сүйүктүүсүн жана өзүн рахатка батыруу үчүн баарына даяр. “Качан мени өөп, эркелетет?” деп эркекти карап, баарын андан күтүп отургусу келбейт. Керек болсо бул жаатта сунушту өзү киргизип, “ишти” өзү деле баштап жиберет.

Уилл Смит

Уилл Смит төшөк кумарына батардын алдында өзү роль жараткан айрым тасмаларда кийген кийимдерин кийип алууну жактырат. “Мунум сүйүктүүмө абдан жаккандыктан, кучагымда тим эле балмуздактай эрийт”,- дейт актёр.

Меган Фокс

“Менин өзгөчөлүгүм – секске таптакыр тойбогонум. Ал тургай ага өзүмдү көз каранды сезем. Качан болсо да, кайда жүрсөм да төшөк кумарына баткым келе берет”. Көптөгөн айымдардан айырмаланып, жалпы журтка өзүнүн мындай оюн ачык билдирүүдөн актриса эч качан тартынбайт.

Кира Найтли

Актриса жашоодо баарынан да тасмага тартылуу үчүн энеден туума жылаңачтанып чечинүүнү жактырат жана мындан эч уялбайт. Айрыкча төшөк майданында эркекке баш ийүү, анын алдында өзүн алсыз сезип, айтканын аткаруу Киранын көңүлүнө төп келет.

Женнифер Энистон

Женнифердин төшөктө жылаңач денесине каймак сүйкөп, анан аны сү­йүктүүсүнүн жалап жегенин өтө жакшы көрөт. “Ошондой эле мырзамдын өзгөчө төшөк ыкмаларын колдоно билүүсү, качан болбосун сексти каалап тургандыгы мени өзүнө тартып турат”,- деп ыймандай сырын билдирет Женнифер.

Ева Мендес

Голливуд жылдыздарынын бири Еваны көп окуган, билимдүү эркектер көбүрөөк кызыктырат. Ошого карабай эмнегедир айымдар менен да төшөк майданында болуудан баш тарткысы келбейт. Ева жаш кезинде АКШны кыдырып чыкканын жана ар бир штаттын эркектери менен кумарга батканын азыр да кумарлануу менен эстейт.

Астра Айдарова
erotica@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
baisal1
2015-02-20 22:42:17
Kyrgyz jyldyzdarynanda surap korboisunorbu?.
+2
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан