Ысык-Көл облусунда 22-майдан бери өтүп жаткан «Дени сак улут – гүлдөгөн өлкө» деген аталыштагы айыл жаштарынын арасындагы республикалык спорттук мелдештер 27-майда жыйынтыкталды. Ар кайсы облустан келген 644 мелдештин катышуучулары спорттун алты түрү боюнча (футбол, волейбол, жеңил атлетика, күрөш, ордо, жана тогуз коргоол боюнча) мелдешкен. Бул атаандаштыкта Ош облусунан келген спортчулар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушту. Алар жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлешти. Экинчи орунга Чүй облусу ээ болду. Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин кызматкери Шайымбек Бакасов волейбол боюнча таймашта "Кой-Таш" командасынын намысын коргоп келди. Ал эми 3-орунда Талас облусу. Кошумчалай кетсек, бул өңдүү спорт мелдештери муну менен гана токтобостон, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында да өткөрүлөрү пландаштырылууда.
Айзат Анарбекова