Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү престиждүүлүгүнө карап ЖОЖдорго тапшырат. Ошол кезде алар 5 жыл окуган соң кесиби боюнча жумуш таап, иштеп кете алабы же жокпу, ойлоно беришпейт. Учурда жана келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болот? Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, учурда медицина, педагогика, курулуш, компьютердик технология, жеңил өнөр жай, энергетика, транспорт, тоо-кен казуу, туризм, тейлөө тармактарында кадрлар жетишсиз. Сөзүбүз куру болбош үчүн Кыргызстандагы ири компанияларга кайрылып “кайсы кесип боюнча адистерди табууда кыйынчылык туулат?” деген суроо узатып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
“Кумтөр” алтын кенин казуучу ишкананын ММКлар менен иштешүү бөлүмүнүн менеджери Сергей Дедюхин:
– Негизи, биздин ишкана көбүнчө орто кесиптик-технологиялык кесиптеги адистерге муктаж. Оор жүк ташуучу КамАЗдардын айдоочуларына, экскаваторлордун операторлоруна жана ал техникалардын абалын текшерип, оңдогон слесарларга суроо-талап жогору. Бизде транспорт тармагында миңден ашык жумушчу оруну бар. Мындан сырткары инженер, геолог, металлург адистерине да суроо-талап көп. “Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын кадрларды тандоо бөлүмүнүн адиси Мээрим Сатаева:
– Биздин компанияга, негизинен, техникалык багыт боюнча, маркетинг, маалымат технологиялары жана кардарларды тейлөө чөйрөсүнүн адистери көп талап кылынат. Кадрларды тандап алууда алардын билим деңгээлине жана тажрыйбасына көңүл бурулат жана ошого жараша айлык акы төлөнөт.
“Шоро” компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн директору Оксана Киселёва:
– Бизде дайыма керектүү кадрлар болуп электрик, ширетүүчү, айдоочу, соода агенттери жана ишканадагы жабдыктарды оңдоочулар эсептелет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов:
– Медицина тармагында анестезиолог-реаниматолог, хирург, акушер-гинеколог жана психиатр адистери жетишпейт. Айтып кетчү нерсе, айлык акыны көтөргөндө мээрман айымдар боюнча тартыштык чечилген, ал эми жогоруда айтылган адистиктеги дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон калууда. Буга себеп, биринчиден, үй маселеси, аймактардагы инфраструктуранын начардыгы. Жакынкы күндөрү аталган маселени чечүү боюнча өкмөткө сунуш киргизгени турабыз. Ал сунушта алыскы аймакта жетишпеген адистик боюнча иштейм деген дарыгер үчүн квартал сайын кошумча 35 миң сом көлөмүндө айлык акы кошуп берүү керектигин белгилеп жатабыз.
Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы кесиптик- техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов:
–Учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда кесиптик-техникалык билимге ээ адистерге суроо-талап чындыгында жогору. Себеби курулуш, жеңил өнөр жай жана тейлөө тармактары өнүгүп келе жатат. Биринчи орунда курулуш тармагына кесипкөй жаштар жетишпейт. Андан кийинки кезекте ветеринарлардын, тейлөө тармагында ашпозчу, официант, бармен өңдүү кесип ээлери жана автоэлектрик, компьютердик технологиялык адистерге иш орундары көп.
Мына ушундай, бүтүрүүчү. Кесип тандоодо анын престиждүүлүгүнө эмес, ал кесиптин келечегине карап тандагыла.
СТАТИСТИКА
Кыргызстандагы окуу жайлардын саны:
Жогорку окуу жайлары – 50дөн ашык.
Орто кесиптик окуу жайлары – 36.
Баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайлары – 110.
2012-жылы өлкө боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны
71 044тү жана 9-классты аяктагандардын саны 93 319ду түздү.
Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн тестирлөөгө 55 миңге жакын бүтүрүүчү катышкан.
Быйылкы жылдын эсебинен артыкчылык аттестатын алуу үчүн 1998 бүтүрүүчү арыз менен кайрылып, тестирлөөгө 1921и катышкан. Жыйынтыгында алардын ичинен болгону 241и гана артыкчылык аттестатына ээ болуп, калганы тестирлөөдөн өтпөй калган.
Кубаныч Сыдыков
star@super.kg