ЭС АЛУУГА ДАЯРДЫКТАР КӨРҮЛҮҮДӨ

Ысык-Көлгө кыргызстандыктар эле эмес, көптөгөн чет өлкөлүктөр суктанары турган иш. Көлдөгү курорттук зонада 191 курорт, санаторий бар. Алардын 163ү Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан. Эс алуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн да эмгектенүү талап кылынат. Өткөн жылы көптөгөн адамдар эс алып кетишти. Бул жылы да былтыркыдан кем келбейт деген божомол бар. Ошончо адамдын бейпилчилигин сактоо, чынында, оңой иш эмес. Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бул үчүн быйыл милициянын 200дөн ашык кызматкери жана коомдук бирикмелердин 500гө жакын өкүлдөрү ишке тартылат. Милиция академиясынын офицерлери жана курсанттары да бейпилдикти сактоого жардамдашышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asul
2012-06-21 14:10:59
Мен өзүм көлдүкмүн. Бирок көлгө түшкүм келбейт. Эмнеге дегенде мурдагы биз бала кездеги таза көл жок. Бир жолу эс алганы барып, суунун үстүндө калкып жүргөн "кыкты" көргөндөн кийин экинчи сууга түшкүс болгом. Айбандан айырмабыз акыл-эсибиз гана болбосо, калган кылган жоруктарыбыз айбандан айырмабыз жок болуп калды.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан