ВЕТЕРИНАРДЫК – КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕСИП

Эгемендүүлүк мезгилинде өлкөбүздө мамлекеттик ветеринардык кызмат бир нече ирет кайра курууларга тушукту. Кыскартуулардын артында иштин көзүн билген адистер курмандыкка чалынды. Мындай жагдай жеке веткызматкерлердин өсүшүн шарттаары анык. Бирок жеке болобу же мамлекеттик болобу, чоң маселе бул – мурдагы ветеринарлар пенсия курагынан өтүп, ал эми жаш адистердин аздыгы.

ЖАШ АДИСТЕРДИ ТАРТПАСАК, КЕЛЕЧЕКТЕ КУРУ КОЛ КАЛАБЫЗ!
Ветеринардык кызматкерлерге азыртадан баштап кам көрүп, тарбиялап, өстүрбөсө, келечекте алардан биротоло кол жууп каларыбыз ачуу чындык. Мындай абалды жакшы түшүнгөн Тоң районунун Ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Серен Жумакадыров колдон келген аракеттерин жасап, айылдык жаштарды ветеринардык ишке тартууну баштаган. “Жаш адистерди тартпасак, келечекте куру кол калабыз” деген башкаруучу веткызматкерлердин катарын жаштар менен толуктоо үчүн ишти алардын материалдык абалын жакшыртууга киришүүдөн баштаган.
Учурда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда иштеп жана практикадан өтүп жаткан ондогон жаш ветеринарлар пайда болду. Жаш адистерге ветеринарлардын атайын сумкасы берилип, ошону менен бирге эмдөө кызматын аткаргандыктары үчүн акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилди.
Жаштар азыр берилүү менен тажрыйба топтоп жатышканын көрүүгө болот. Билимге ээ болуп коюу эле эмес, ал кесиптин канчалык маанилүү экенин аңдап-түшүнүүдө жатат. Бул кесипти тандап алган жаш адистер иштеп өз жандарын баккандан сырткары айылынын, мекенинин келечегине салым кошуп жатканы мактоого арзыйт.

“АТАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОГУМ КЕЛДИ”
Тоң районунун Ветеринария башкармалыгынын алдында иштеп жаткан жаштардын бири Төлөн Жеңишбек уулу:
– Мен Бишкек агроколледжинин ветеринария факультетинде окуйм. Кайтыш болгон атамдын жолун жолдоп, ветврач болууну чечкен элем. Азыркы кезде ветврач болуп эмгектенүүдөмүн. Кесибим менен сыймыктанам. Себеби элимдин керегине жарап жатам. Бул жактан биз билим деңгээлибизди жогорулатып, тажрыйба топтоп жатабыз. Атайын долбоор боюнча бизди эмдөө кампаниясы башталганга чейин окуудан өткөрүштү. Мындан сырткары ветеринардын атайын кийимдери: бир жолу пайдалануучу мээлейлер, фартуктар, атайы көз айнектер, шприцтер, вакцинация үчүн төмөнкү температураны сактаган термочемодандар менен камсыз кылышты.


“ЭЛДИН БИЗГЕ МАМИЛЕСИ ОҢ ЖАККА ӨЗГӨРДҮ”
«Малды эмдөөдөн кийин бруцеллёз оорусунун санынын кыскарышы элдин бизге болгон мамилесинин өзгөрүшүнө алып келди» деп билдирет К.И.Скрябин атындагы академиянын акыркы курсунун студенти, Тоң районунун жаш ветеринары Нурбек Сагындыков:
– Малды эмдөө – малдын жана адамдардын ичинде жугуштуу ооруну төмөндөтө турганын эл түшүнүп калды. Бул үчүн бизге ыраазы болгондор четтен табылат. Веткызматкерлер болсо өз кезегинде чет элдик донорлорго ыраазычылыгын билдирип жатышат. Алардын жардамы болбогондо балдар жана кыздар ветеринарлыкка келери арсар эле да. Аз да болсо келишмек дечи, бирок ал жетишсиз болмок. Үйдөгүлөр менин экономист болушумду каалашкан эле. Бирок мага малга кам көрүп, аларды дарылоо иши жаккандыктан, ушул кесипти тандагам.

“МАМЛЕКЕТ ЖАРДАМ БЕРҮҮСҮ КЕРЕК”
Жаштардын ветеринардык кесипти тандап алышына жетекчилердин ролу да бар. Тоң районунда көптөн бери эмгектенип келе жаткан врачтар жана аксакал ветеринарлар жаштардын кесипти өздөштүрүп кетишине кол кабыш кылууну аяшпайт. Мисалы, эпидемиолог айым жаштарга малдан адамга жугуучу оорулар, андан кутулуунун жол-жоболору боюнча кеп-кеңешин берүүдөн чарчабайт. Ал эми жаш адистер айылдын жашоочуларына үйрөнүп, билгендерин айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. «Ветеринардын иши абдан маанилүү. Андыктан мамлекет тарабынан мамлекеттик ветеринарлардын штатын көбөйтүү, жаштар келиши үчүн айлык акыларын көтөрүү талап кылынат» дейт Серен мырза.
Иш издеп чет өлкөгө кеткен жаштардан айырмаланып, жогорудагы эки жигитке окшогон мекенчил жаштардан улам келечекте ветеринардык кызмат элет жерлеринде жаңыланарынан үмүт бар.

Асел Өмүракунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
roy
2012-06-18 23:26:10
Ветеринарный врач лечит ЧЕЛОВЕЧЕСТВО!!!!!!!
0
OPER-AFTANDIL
2012-06-19 23:02:06
ен жакшы толон ийгилик сага
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан