Теннис
11-июнда Парижде теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген Франциянын Ачык чемпиондугу – Ролан Гаррос аяктады. Мырзалардан финалда испаниялык Рафаэль Надаль сербиялык Новак Жокович менен беттешип, 3:1 (6:4, 6:3, 2:6, 7:5) эсебинде жеңип чыкты. 111-ирет өтүп жаткан мелдештеги чемпиондук наам испаниялык үчүн жетинчиси болуп калды. Буга чейин бул мелдешти эч ким 7 ирет утуп көрбөгөн. Демек, Надаль жаңы рекордго кол койду.
Айымдар арасында чемпион болуп орусиялык Мария Шарапова аталды. Буга чейин Чоң Шлем түркүмүндөгү 4 мелдештин үчөөндө жеңишке жетишкен Маша минтип Франциянын Ачык чемпиондугун да жеңген күнгө жетти.