ПАКЬЯО ЧЕМПИОНДУГУНАН АЙРЫЛДЫ

Бокс

Чоң боксто императорго айланган филиппиндик Мэнни Пакьяо 11-июнда Лас-Вегаста америкалык Тимоти Брэдлиге жеңилип, жарым орто салмакта WBO версиясы боюнча чемпиондук наамынан кол жууду (3 калыстын бири жеңишти Мэнниге, калган экөө Тимотиге ыйгарды: 115:113, 113:115, 113:115). 2004-жылдан бери 28 беттешти катары менен жеңип келген 28 жаштагы Тимотини Мэнни да токтото албады.
Тимо тууралуу айтсак, ал жеңил орто салмакта WBO жана WBC версиялары боюнча да чемпион. Акыркы 2 жылдан бери мыкты мушкер аталып келген Пакьяону кайсы кара теке сүздү? Балким, бул анын чоң бокстон кетем дегенине түрткү болуп берет...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан