Актуалдуу болуп жаткан Европанын 14-чемпиондугуна карата Иран полициясы “ирандык айымдар “ЕВРО-2012ни” күйөөлөрү менен барда, кафе-ресторандарда көрбөсүн” деген чечим чыгарды. “Айымдар эркектердин футбол көрүп жатып тынчсыздангандан улам айткан уят сөздөрүн угууга татыктуу эмес” дешет мыйзам ээлери. Ал эми Германия курама командасынын башкы машыктыруучусу Йохим Лев Европа чемпиондугу маалында футболчуларды ашыкча чектөөнү токтотту. Ал оюнчуларга чылым чегүүгө, тиешелүү өлчөмдө сыра ичүүгө жана интернеттеги социалдык тармактарга кирүүгө уруксат берди. Эми немистер үчүн жубайлары менен түнөөгө уруксат алуу гана калды.