Мелдеш башталганга чейин Голландия, Германия, Испания башкы талапкер аталып келишкен. 1-тур оюндарынан кийин серепчилер Англия, Италия жана Францияны чемпиондукка башкы талапкерлердин катарына кошуп жатышат. Анан да океңдердин ити чөп жеп, 3 гол киргизген Алан Дзагоев (сүрөттө) мелдештин башкы бомбардири болуп турган маал. 1-турдун күтүүсүз окуясы “В” тайпасында голландиялыктардын Данияга жеңилип калганы болду. Дарбазаны көздөй узаткан 31 соккунун бири да даниялыктардын дарбазасын көзөп өтө алган жок. Ал эми эл күткөн Англия-Франция беттеши ич жылытарлык боло бербеди. Англия курама командасы уялбай эле коргонуу менен чектелди. УЕФАнын ЧЛсынын өткөн сезонунда бул стилдин бактысы ачылып, лондондук “Челси” дал ушундай оюну менен Лиганы утпадыбы (футбол адистери менен күйөрмандар “Челси” клубдук автобусун дарбазасын тосуп токтотуп койгондой эле болду” деп айтып жүрүшөт).
Ошентип, алдын ала божомолдонгондой, “англиялыктар кудум “Челсидей” болуп оюн алпарат” деген пикир тастыкталды. “Челси” го андай тактика менен Берлинге чейин жетип, Европаны багынта алды.
“ЕВРОну” ута элек Англиянын автобусу 1-июлда Киевде өтүүчү финалга жете алат болду бекен?
НАТЫЙЖАЛАР
Төмөндө 1-тур оюндары жана гезитибиз басууга кетер алдында орун алган "А" тайпасынын 2-тур оюндары берилди.
1-тур. “А” тайпасы
Польша-Греция – 1:1
Орусия-Чехия – 4:1
2-тур.
Греция-Чехия – 1:2
Польша-Орусия – 1:1
1-тур. “В” тайпасы
Голландия-Дания – 0:1
Германия-Португалия – 1:0
1-тур. “С” тайпасы
Испания-Италия – 1:1
Ирландия-Хорватия – 1:3
1-тур. “D” тайпасы
Франция-Англия – 1:1
Украина-Швеция – 2:1