Футбол боюнча Европа чемпиондугун эркек аттуунун көбү көрүп, айымдар сүйүктүүлөрүнүн мээриминен куру кала баштады. Мындай футбол сүйүүчүлөрүнүн катарында атактуу инсандарыбыз да бар. Атактууларга “кайсы командага күйөрмандык кылуудасыз жана жеңиш үчүн эмнеге даярсыз?” деген суроо узаттык.
ГЕРМАНИЯ
“Немис машинасына” футболчу Азамат Байматов, ырчы Бактияр Токторов, режиссёр Сүйүн Откеев жан тартышат. Германиянын күйөрмандары анын чемпион болоруна ишенип, чемпиондукту оригиналдуу майрамдайбыз деп турушат.
Азамат Байматов, футболчу:
– Германия акыркы 10 жылдан бери өзүн мыкты көргөзүп келгени менен, чемпиондукка жете элек. Бул жолу жетет. Эгер немистер Европанын чемпиондук таажысын тагынышса, менин колумда “Германия” деген тату пайда болот.
Бактияр Токторов, ырчы:
– Германия көп жылдан бери жогорку деңгээлде ойноп келет. Быйыл сөзсүз чемпион болот. Азырынча чемпиондукту майрамдоого планым жок.
ИТАЛИЯКубан Атабеков, КТРКнын спорт баяндамачысы:
– Өзүм мелдешти баяндап жаткандыктан, эч бир командага тарта алган жокмун. Жеке оюмда, Италия финалга чыгат.
Эрмек Нурбаев, “Тамашоу” Лигасынын негиздөөчүсү:
– Менин командаларым – Италия менен Испания. Экөө ойногондо экөөнө тең жан тарттым эле, жыйынтыгында тең чыгып кубантышты.
Канат Асенов, КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы:
– Италия кайтып келди! Эми ал чемпион болсо, чачымды башка түскө боёгонго даярмын.
Ошондой эле... Ырчылардан Урмат Усенов Орусияга күйөрмандык кылып жаткан экен. “Мурун бир эл, бир журт болгонбуз” деп түшүндүрөт тандоосун Урмат. Ал эми футбол сүйгөн кыздардан “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева Урмат Усенов менен бир пикирде болуп, Орусия үчүн күйүп-бышып жаткан маалы.
ДЕПУТАТТАРДА ФУТБОЛ ҮЧҮН УБАКЫТ ЖОКПУ?
Шоу эле эмес, бизнес, саясат тармактарындагы аттуу-баштуу инсандарыбыз да футболго убакыт таап жатышыптыр. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев спортко кош көңүл карабаган жарандардан экенин билебиз. “ЕВРО-2012де” ал Украина жана Орусиянын оюндарын калтырбай көрүп, укмуштуудай күйөрманга айланыптыр.
Дагы бир депутат агабыз Садыр Жапаров убакыт тартыштыгынан улам футбол көрө албай жатканын айтат: “ЕВРО-2012ни” көрсөм дегенде эки көзүм төрт. Бирок күнү-түнү “Кумтөр” маселеси менен чуркап жүргөндүктөн, күйөрмандык кылган командам “Кумтөр” болуп жатат”,- дейт тамашалап. Ал эми “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековго кайрылганыбызда: “Мен “Европадагы бразилиялыктар” деп аталган Португалияга күйөрмандык кылуудамын. 2004-жылы алар өз талаасында Грецияга утулганда аябай ичим ачышкан. Бул жолу алар ошол ич ооруну жокко чыгарып, Роналду, Нани сыяктуу мыкты оюнчулары менен чемпион болот деп турам”,- деп жооп берди.
Учурда көпчүлүк жердештерибиз Орусияны колдошот эмеспи. “Абдыш-Ата” футболдук клубунун кожоюну Советбек Сакебаев да
орусиялыктарга жан тартып жатканын уктук. Ошондой эле “Олимпиадачылар” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Касеновдун уйкусун бузган командалар – Орусия менен Испания. Эгерде бул эки команданын бири чемпион атала турган болсо, “Дордой-2002нин” 10 жашар мыкты оюнчусу Рыскелдиге УЕФАнын ЧЛсынын быйылкы чемпиону “Челсинин” саатын белек кыларын айтты.