Бышканда эле мөмөсү,
Топ-топ этип кулаган.
Кайсы жемиш бул өзү,
Чылгый шире чылаган?
Кең болсо да ай-аалам,
Батып кетет ичиме.
Эң эле бир керекмин,
Жаныбарга, кишиге.
Сойлоп өскөн сабагы,
Туш тарапка чачырап.
Мөмөсүнүн чоңдугу
Оозуңду ачырат.
Тып, тып, тыпылдайм,
Чып, чып, чыпылдайм.
Тийген жерим тешемин,
Жерге сиңип кетемин.
Аман Кармышаков