Күн сайын колдонгон буюмдарды өз колубуз менен кооздоп алган кандай сонун! Кыздарга кадимки жөпжөнөкөй темир чач кыпчыткычты кооздоону үйрөтөбүз. Ал үчүн кездеме, кайчы, сызгыч, желим, топчу же мончок, ийне, жип жана чач кыпчыткычты камдап алуу керек.
1. Алгач түстүү кездеме алып, андан эки капталы тең 5 сантиметр болгон төрт бурчтуу кесиндилерден бешти кыркып алабыз.
2. Кыркылган кездеменин эки капталын ичине кайрып бүктөп, калган эки капталын бириктирип, ийне менен тигебиз.
3. Даярдалган беш кесинди бир жипке тизилген соң жипти тартып эки учун бириктирип байлайбыз да, ортосун топчу же мончок менен кооздоп коёбуз.
4. Диаметри 1 сантиметр болгон тегерек кездемени чач кыпчыткычтан өткөрүп, ага даярдалган гүл түрүндөгү кездемени желимдеп же тигип коёбуз.