Нурун чачкан күнгө, токчулук берген жерге, жашоо берген аялзатына сыйынып жашоонун өзү эле бакыт эмеспи. Бул жолу улуу-кичүү муундун жакшы көргөн ырчысы Кутман Жолдошев менен апасы тууралуу маек курдук.
«БЕШ БАЛАНЫ ЖАЛГЫЗ БАГЫП, ӨСТҮРДҮ»
– Биз беш бир тууганбыз. Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулуп, өскөнбүз. Апам абдан сабырдуу, токтоо киши болсо, атамдын куудулдук жагы болгон экен. Жанында жүргөн кишилерди дайым күлкүгө бөлөп, бура сүйлөп тамашага көп салчу дешет. Бул турмуш биз ойлогондон алда канча татаал тура, кичине кезибизде эле атамдын көзү өтүп кеткен. Ошого карабастан, апам Орозгүл бизди тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай, жалгыз багып, чоңойтту. Колунан келген күч-аракетти жумшап, негизгиси, бизди элден кем кылбай өстүрүү үчүн күрөшүп келди. Азыр ойлосом, беш баланы багуу апама аябай эле кыйынчылык туудурган экен. Ал кезде азыркыдай кесип тандамай кайда, кара жумуштарда кара жанын карч урчу. Биздин айылда пахта өстүрүлчү. Кийинчерээк пахта айылдын климатына туура келбей калган соң тамеки өстүрүүгө өтүшкөндүгүн апамдын айтып берүүсү боюнча билем. Күндүн ысык, суугуна карабастан, ошол кезден тартып пенсия курагына чейин апам тамекиде иштеди.
«ЧОҢ ЭНЕМДИН БАЛАСЫ БОЛЧУМУН»
– Ата-энелер тамаша иретинде “бул менин балам, тиги сеники” деп бөлүп алышат эмеспи. Мен чоң энемдин баласы болчумун. Мени көбүнчө чоң энем багып, шоктугума карабастан көп эркелетип, эмне жумуш кылса, мен дагы кошо каралашып жүрө берер элем. Башка бир туугандарымдан бөлүп, өзгөчө мени жакшы көрчү, жарыктык. Мен дагы балалыгым менен чоң энемдин баласымын деп апамдын сөзүнө кулак салчу эмесмин. Анда апам чоң энемдин көңүлүнө караса керек, канчалык тентек кылбайын, мага тийчү эмес. Кийин көзү өтүп кеткен соң баягыдай эле тентек кылсам керек, апам урушуп койду. Мен чоң энемди жоктоп абдан катуу ызаланып, “менин энем жок” деп көпкө чейин токтобой ыйлай бергем. Ошондо апамдын жүрөгү чыдабай “сен менин баламсың” деп сооротуп, “экинчи экөөбүз урушпайбыз” деп элдешкенибиз эсимден кетпейт. Ошондон кийин гана апамдын айтканын угуп, жумшаган жерине басып калгам.
«АПАМДЫН НАНЫН ЭЧ ЖЕРДЕН КЕЗДЕШТИРБЕДИМ»
– Деги эле бул жашоодо апа деген ыйык асылзатсыз ааламды элестетүү мүмкүн эмес көрүнөт. Адам болгон соң дайым эле телегейи тегиз болуп турбайт экен, бирде бар, бирде жок дегендей. Апам өтө сабырдуу адам. Кандай гана абал болбосун бир калыпта, токтоолук менен чече билет. Баарын тең өлчөп, жаманды жашырып, жакшыны ашырган сапаты бар. Мейли, абдан коркунучтуу жагдай болсун же, тескерисинче, кубанычтуу күн болсо да, токтоолук менен аягына чыгарат. Өтө берилип шаңданып же өткөн нерсеге кейий бергенди жактырбайт. Бардыгы буйрук менен болорун айтат.
Турмушта көп эле жерде болдум, бирок апам жасагандай нанды эч жерден кездештирбедим. Биз кичине кезибизде сүт кошуп жуурулган камырдан тандырга кыпкызыл кылып нан бышырар эле. Жегиче эле кыпкызыл өңүн көрүп, бир башкача жытына тоюп калчубуз. Иши көп болсо да нанды аябай таптап, бешөөбүзгө өз-өзүнчө кичинекей кылып токоч жасай турган. Анда да тентектигибиз ашынып, токоч бышкыча тандырдан ары-бери секирип ойночубуз. Качан гана апам “нан түшүп калат” деп тилдегенде тандырдан алыстаар элек.
«ДӨӨЛӨТТҮҮ ӨМҮР СҮРҮҢҮЗ, АПА!»
– Мен ырчы болом дегенимде ата-энемден да бир туугандарым караманча каршы болушкан. “Азыркы заманда ырчы болуп жыргатпайсың, андан көрө соода кыл” деген сунуштарын айтышты. Кийинчерээк ойлонушту окшойт, “элге сиңимдүү болуп, мыкты ырларды ырдаш керек” дегенге өтүшкөн. Мен аларга уят болбогонго аракет кылып, талбай ырдай берип, ушул даражага жеттим десем болот. Бүгүнкү күндө жубайым экөөбүз ата-энемден алган таалим-тарбияны балдарыбызга үйрөтүүгө аракет кылып келебиз.
Азыр апам айылда, улуу агамдын колунда. 2007-жылы ооруп, бир буту жана бир колу жакшы кыймылга келе албай калган. Ошондой болсо дагы, ооруга алдырбастан жакшы жүрөт. 84 жашка чыгып, небере, чөбөрөлөрү менен карылыктын таттуу күндөрүн кечирүүдө. Дөөлөттүү карылык сүрүңүз, апа!
Айзат Анарбекова
star@super.kg