ПСИХОЛОГДУН КЕҢЕШИ

Суроолорго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет.


«КҮЙӨӨМ МЕНЕН ЖАШАЙМ, БИРОК ЖИГИТИМДЕН БОЮМДА БАР»
– Бир баланын ата-энеси болуп күйөөм экөөбүз жакшы эле жашап жатканбыз. Бир ирет мурдагы жигитиме жолугуп калдым. Ал жигит экөөбүздө эски сүйүү козголуп, ортобузда ысык мамиле пайда болду. Азыр андан боюмда бар. Эми эмне кылсам?..
Айгүл, 22 жаш, Бишкек.

– Кыңыр иш кырк жылда билинет. Бул мамилени күйөөңүздөн жашыра албайсыз. Күйөөңүзгө иштин жайын түшүндүрүүгө аракет жасаңыз. Бирок андан да биринчи, сиз өзүңүздүн каалооңузду аныктап алышыңыз керек. Мындай кырдаал жаралышына эмне себеп болду? Сиз күйөөңүз менен жашагыңыз келеби? Биринчи жигитиңиз сизди чын эле сүйөт деп ишенесизби? Ал адам менен кол кармашып, бакыт табарыңызга көзүңүз жетеби? Мына ушул суроолорго жооп берип көрүңүз. Ошондон кийин гана ким менен калууну туура тапсаңыз, ошого жараша иш кылыңыз. Эгер күйөөңүз менен калам десеңиз, ага ишти айтып бериңиз. Ал эми жигитиңиз менен бактылуу болом десеңиз, ага абалыңызды айтып, чогуу чечим издегиле. Бирок экөө менен тең ажырашып кала турган кырдаал жаралышы мүмкүн. Бул учурда өзүңүздү колго алып, баарына даяр болуңуз. Эң негизгиси, калптын казаны кайнабайт экенин эсиңизден чыгарбаңыз.

«ӨГӨЙ КЫЗДЫ БАККЫМ КЕЛБЕЙТ»
– Бир жыл мурун күйөөгө чыгып, бир кыздуу болдук. Бирок күйөөмдүн биринчи аялынан 11 жашар кызы бар. Каникулда биздикине келип турат. Ал биз эмнени сүйлөшпөйлү, эмнени кылбайлы, бардыгын өз энесине жеткирип барат экен. Анан анысы “мени мындай депсиңер, кызымды минтипсиңер” деп ызы-чуу салып баштайт. Азыр ал аял Орусияга кеткенине байланыштуу күйөөм кызын «биздин колго алалы» деп жатат. Мен ал кызды көргөндө кыжырым келет. Эгер күйөөм болбой алып келсе, аны менен кандай мамиле курушум керек?
Барчынай, 21 жаш, Нарын.
– Биринчиден, ал кызды түшүнүүгө аракет жасаңыз. Экинчиден, ал кызды эмне себептен жаман көрүп жатканыңыздын түпкү себебин издеп көрүңүз. Чын эле ошол кыз сиздин кыжырыңызды келтиреби же анын апасыбы? Эгер апасына болгон терс мамилеңиз болсо, аны кызга эңшерүү туура эмес. Ал аял менен тең тайлашуунун да кажети жок, анткени күйөөңүз сизди тандады. Сиз менен жашап жатат. Ал эми кыз сиздер менен жашай турган болсо, аны эч кооптонбостон кабыл алганыңыз оң. Ага сүйүү, мээрим төгүүгө аракет жасаңыз. Башында жасалма болсо да жакшы көрүүгө аракеттениңиз. Аны менен дос болуп, жакшы көрүп кете алсаңыз – жеңиш сиздики!

«ТИЕМ ДЕЙТ ДА, КАЙРА АЙНЫЙТ»
– Аялым менен ажырашканыма бир топ болду. Эки балам бар. Азыркы кезде сүйлөшүп жүргөн бирөө бар. Анын биринчи күйөөсүнөн эки кыз, бир уулу бар экен. Үйлөнүп, чогуу жашайлы деген сунушума так жооп ала албай жүдөдүм. Же макул дебейт, же биротоло жоголуп кетпейт, айтор, жүдөттү!
Жакып, 40 жаш, Сокулук.
– Ал аялда сизге болгон ишеним жетишсиз. Биринчи күйөөсү менен ажырашкан соң анда үй-бүлө курууда коркунуч болушу мүмкүн. Андан арылтуу үчүн эң биринчи сиз өзүңүзгө “мен аны бактылуу кыла алам” деп ишенишиңиз керек. Себеби сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңиз башка адамдын сизге болгон ишенимин жаратат. Качан ал сизге толук ишеним арткан күнү сиз менен чогуу түтүн булатууга макулдугун берет.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз же редакцияга кат жазсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aybeq
2012-06-18 09:25:04
биринчи кыздын берген суроосуна жооп берген психологдун созу канаттандырган жок ачык айтса ажырашып кетишпейби алдырып кой же айтпай тороп ал
-1
gulshan82
2012-06-18 16:05:22
aybeq, туура айтасын алдырып салыш керек,эмне кылат дейм да,куйоосу туруп суйгонуно жоолугуп.
+1
monchok
2012-06-18 17:49:41
aybeq, Алдырып баланын убалына калгыча тороп эле алганы жакшы,Куйоосун алдап зынаага батты кечирилгис куноого батты!Ажырашып тороп алыш керек эгер куйоосу макул болсо жашай беришсин!.
0
Nur45
2015-02-13 23:25:13
monchok,ХХХ ХХХ мындай ачлдын баарынан жогу жакшы

0
admin_superstan
2015-02-14 13:10:57
Nur45, этика нормаларын сактаңыз!
0
isana
2012-06-20 00:03:58
Мындай аялдарды атып салыш керек! Жанында жакшынакай куйобу турса, бироого жабышып. Суйсо суйгонуно башында эле тийип албайбы, куйобу укса онбойтко бул...
+1
Kitep
2012-06-21 02:48:19
Таш баран кылыш керек ошо суйгону менен ойногон аялды!
+1
molly
2012-06-22 00:38:15
Эн негизгиси "аборт" кылбаш керек наристеде эмне куноо.
0
landysh
2012-06-24 01:57:46
Abortko men da karwymyn balada emne kunoo bizdi enebiz kandai toroso ar bir balabyzdy torop jaryk duinonu korgozgongo mildettubuz al da adam biz syiaktuu anan biz emne kudai belek kaalasak torop kaalabasak aldyryp salyp a ozunun problemasyn ozu kylgandan kuiun 4ydap turup tuura 4e4im kylyw kerek
0
kipchak
2012-07-02 07:59:56
abort kylgydai naristede emne kuno? psihologdun aitkanyn kyluu en tuura jol....
0
evgeniya
2012-07-24 01:24:22
аборт кылгандар гана ошентип жаза беришет да,айтышат го балалуу уй -базар деп,балада эмне кунооо???
0
Jamaksana8988
2012-11-08 17:37:20
Balanu alduryp ubaluna kalgandan koro torop algan on.... A ozunun nikelesh kuyoosu turup bashka biroo menen anday zunaa ish kulgan : Allahtun elchisi MSV - aytkan kuyoon bolup turup owogo kanattanbay konuwu kolon je bashka biroo mn zunaaga batkan ayal bolobu erkek bolobu akurette kuyguzulot degen... Allahum kechiruuchu zat ... kechirim surasak kechiret .... Ketch bolo elekte...
0
zarifa_love
2013-04-30 20:21:56
аллахтын алдында суак берууну ойлонуш керек мусулмандар
0
Adiko..91
2014-11-25 09:01:42
egerde turmuwtu ulantam dese anda abort kyluu kerek al emi jawabaim dese anda toroo zaryl birok kata kylypsyn bawynda
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан