Элибизде “келиндин келгендегиси эсинен кетпейт” деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Кайсы гана жеңеге, апага же чоң энеге бул суроо менен кайрылбайлы, өз тарыхын жылмаюу менен эстеп, айтып калат. Ал эми элге таанымал адамдар бул жайында эмне дешет?
Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти: “СУУГА ТҮКҮРТҮП, НИКЕБИЗДИ КЫЙЫП ЖАТКАНЫ ГАНА ЭСИМДЕ”
– Мен ушу биринчи сахнага чыкканымды, биринчи балалуу болгонумду жакшы эстей алам, бирок келин болуп келген кезим анча эсимде жок. Отуруп мындай эстесем, анда 18-19 жашта экенмин. Сууга түкүртүп, никебизди кыйып жатканын элес-булас билем. Анан да келин болуп бир да жолу жүгүнбөптүрмүн. Анда салтты баалачу эмесмин. Азыр ошол кезди эстеп, өзүмө бир аз капа болуп кетем. Келин болуп кызмат деле кылган жокмун. Жадакалса үй шыпырганды билчү эмесмин. 20 жаштан ашып барып гана токтолдум. Ага чейин ойноп эле жүрдүм. Айылдагылар “ушундай да келин болобу?” деп таң кылышчу экен. Эң кызыгы, “ырдап кой” десе, кайындарымдын биринен да тартынбастан жаш балача ырдай берчүмүн.
Назира Айтбекова, алпаруучу: “ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ АПАМДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАМАК БЫШЫРГАМ”
– Апамдын жападан жалгыз кызы болгондуктан, аябагандай эрке өстүм, кыз болуп үйдө бир да жолу тамак жасаган эмес экенмин. Үйдө болуп калганда да апам тамак бышырып жатса, жанында сүйлөп отура берчүмүн. Жадакалса пияз туурашып да жардам кылчу эмес экенмин. Турмушка чыктым дегенче эле келиндин башына тамак жасоо деген иш жүктөлөт эмеспи. Ашканага кирдим, толкунданып. Мени менен кошо күйөөм да кирип алган. Баарын аарчып, туурап алгандан кийин «эми эмнесин биринчи салуу керек?» деп күйөөмдөн сурап коём, ал да билбей «менимче, муну болуш керек» деп коёт. Анан айлам кетип, “пиязды куурудум, эми эмнени салам?” деп апама телефон чалдым. Ошентип, телефон аркылуу апамдын айткандарын аткарып жатып тамак бышыргам. «Даамдуу болуптур» деп тамагымды макташкан болчу.
Неля, ырчы: “КАЙНЕНЕМДЕН ЭСКЕРТҮҮ АЛГАМ”
– Келин болуп барганда айылдагылар келинди көргөнү келип, жоолук сала беришет эмеспи. Бир карасам, көшөгөгө жоолук деген үйүлүп кетиптир. Аларды көтөрө албай көшөгө үзүлүп кетпесин деп баарын жыйнап, бүктөп алып койсом, апам келип “жоолуктар канча көп болсо ошончо жакшы, аны азырынча албай туруу керек” деп мага эскерткени бар. Анан кайра илип койгонбуз. Дагы бир эсимде калганы, көшөгөдө отурсам, мени ачка калды дедиби, айтор, Урмат тамак көтөрүп көшөгөнүн четин акырын ачып кирип келген.
Роза Шакирова, ырчы: “КАЙЫН ЖУРТУМА КЫЗМАТ КЫЛГАН ЖОКМУН”
– Менин бешенеме ушундай жазылган окшойт. Келиндик доор сүрүп, кайын журтка кызмат кылган деле жокмун. Жолдошум экөөбүз бул жактан баш кошуп алгандан кийин 4-5 ай өткөн соң гана кайындардыкына баш баккам. Анда да өтүп баратып эле тие кеткенбиз.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg