Өткөн аптанын дем алыш күндөрү борбор калаабыздагы эс алуучу жайлардын биринде Таиланддан келген трансвеститтер шумдуктуудай шоу тартуулашты. Алар дүйнө жүзүнө “Альказар шоу” деген ат менен белгилүү. Келбети, кыймыл-аракети менен анча-мынча кыздарды артка таштаган кызтекелер өздөрүнүн бүйүр кызыткан шумдуктуу бий өнөрү менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты.