МЕЛИСБЕКТЕН ОШТУКТАР КӨП НЕРСЕНИ ҮМҮТТӨНҮШӨТ

Ушул жылдын 31-мартында Казакстандын Караганда шаарында өткөн эрежесиз эр уруш мелдешинин M-1 mix fight түрү боюнча өткөн Эл аралык чемпиондукта Ош облусунун жаш спорт чебери Мелисбек Абдырахманов алтын медалдын ээси болуп кайтты. Мелисбек Ноокат районунун Ак-Чабуу айылында 1987-жылы туулган. Буга чейин да бир топ ийгиликтерди жаратып келген Мелисбек 2009-жылы Бишкек шаарында өткөн Эл аралык мелдеште күмүш медаль, 2011-жылы 7-апрелде Кыргызстан чемпиондугуна катышып алтын медалдардын ээси болгонун чоң сыймыгым деп билет. Ушундай бийиктикке чыгып баратканыма чоң салымын кошуп келген машыктыруучум Нурлан Нурановго жана демөөрчүмОш ЭлектрААКсынын жетекчиси Тилек Жолдубай уулуна ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт мушкер. Мелисбек мындан ары да чоң-чоң ийгиликтерди багынтып, кыргыздын желегин далай өлкөлөрдө желбиретет деген ишенич менен ага ийгиликтерди каалайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
begusia
2012-06-18 11:15:33
Эмнеге Оштуктар деп акцент кылып койгонсуздар,кандай айрымсы бар каердик экенине?!.Кыргыз болгондон кийин,теманарда кичине ойлонуп башкача кылып жазсанар болмок....
+8
zulya
2012-06-18 12:26:06
Ошону айтсан Кыргызстандын деп айтуу кыйынбы? Же Оштун желеги башка бекен ?
+4
Nursi_91
2012-06-22 10:44:03
zulya, Оштун желеги башкача билип ал!
-1
Gulzhan
2012-06-18 13:13:45
Туура айтасынар,мен силерге кошулам.Болуп-жаруу бардыгы ушул майда нерселерден башталат,журналистер маалымат таратуучулар туура жазганды жана суйлогонду уйронгуло,силерден улгу алышат окурмандар.
+4
antivir
2012-06-18 17:20:30
оштукпу тоштукпу короче молодец экенго
-2
Kagan
2012-06-18 17:33:39
же Ош областтынын кулуну деп жазсаңар боло
0
MiranA
2012-06-18 17:38:28
Оштун тургундары болсо, Оштуктар деп айтат да. Силердин оюңарча Оштун тургундарын деле Жалал-Абаддыктар деп жазыш керекпи эми?! Калп эле бөйрөктөн шыйрак чыгара беришти токтотобуз! Дагы бир ушундай мүнөздөгү билдирүү жазылса, жазалайм!
-3
elvira.n.89
2012-06-18 23:39:20
MiranA кечиресиз бирок чындыкты туура кабыл алууңуз керек деп ойлойм. Эн сонун текст жазылган, бирок темасы жарашпай калган.
Мелисбек Абдрахманов ийгиликтериниз менен куттуктайбыз! Мындан дагы зор бийиктиктерди багынтыңыз! Кыргыз эли сиз менен сыймыктанат жана Жалпы Кыргыз журту, Оштуктар, биз Ноокаттыктар дагы сизден кооп ийгиликтерди умуттөнөбүз!Азаматсыз!
+2
yoma.kg
2012-06-19 17:55:46
Суперден чон сураныч, негизиле коменттердин МИНУС болгондорун вообще бозортуп корунбой тургандай кылаласынарбы?
-4
Ayzatka
2012-06-19 18:23:03
mirana syndy tuura kabyl aluu kerek,jogoruda aytylgan sozdordun baaryna koshulam
+3
jazim
2012-06-20 19:39:39
оууу ушу биз Кыргыздар эмне мынча чырдаш калк экенбиз ээ?
0
Emil.
2012-06-21 09:52:30
Ош облусунун жаш спорт чебери деп турбайбы бул жерде жон гана спортчунун туулган жери жазылып турат го, эч кандай болуп жаруу жок деп ойлойм, эгерде Оштуктардан же Оштук ушуга окшош создор менен жазса ошондо болуп жаруу десе болот.
-1
rahilka
2012-06-21 23:55:08
Мелисбек дайым алга! ен негизгиси КЫРГЫЗ ошпу тошпу не имеет назначение
0
aijana.osh
2012-06-23 00:55:42
Чынында тема туура эмес жазылган.Мен макаланы окубай туруп,теманы коруп дагы мэр жонундо окшойт дептирмин. Азаматсын!!Ийгилик!
+1
Yujanin
2012-08-22 19:36:40
Ош АЛГАААА!!!
0
kanul9
2012-08-28 22:55:43
маладес мелис
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан