Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 2012-2013-окуу жылында абитуриенттерди журналисттикке жана дизайнерликке кабыл албайт. Бул тууралуу Болон системин ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Токтахунов билдирди.
Анын айтымында, 2011-2012-окуу жылында студенттер аз болуп группа толбой калгандыктан, факультеттеги адистиктерди жоюп салууга аргасыз болушкан.
«Филология, педагогика жана журналистика факультетинде журналисттик адистиги менен искусство жана маданият факультетинен дизайнерлик адистиги кыскартылууда. Себеби бул адистикти тандагандар жылдан жылга азайып барат. Бир группада 5-10 гана студент билим алып калышкан. Биротоло жабылып калат деген ойдо эмеспиз. Болсо кийинчерээк ачылышы мүмкүн» деп билдирет Ж.Токтахунов.