ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ ИШ-ЧАРА ӨТӨТ

Облустун кээ бир айылдарында 15-16-июнь күндөрү «Жашоо зордук-зомбулуксуз» деген ураан менен маалыматтык кампания өтөт. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн адиси Ырыскелди Жуманов билдирди. Анын айтымында, бул иш-чаранын максаты – жаштардын карыларга кылган мамилесин оңдоо болуп эсептелет. «Бул долбоор улгайган адамдарга жасаган мамилелерди түздөп, сый- урмат көрсөтүүнү, аларга көңүл бурууну унутпоо керектигин эске салып, облустун аймагындагы бир нече айылдарында өтөт. Иш-чарада сүрөт тартуу боюнча сынактар, спорттук күрөштөр болот» дейт Ы.Жуманов. Эскерте кетсек, «Жашоо зордук-зомбулуксуз» күнү 2006-жылдын 15-июнунан тартып белгилене баш­таган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Meris
2012-06-21 17:48:26
Курсак ток, жумуш коп улуулар созуно турган, улгу болгон кун болсо ушундай коп конул калуу нерселер аз болот беле. Контроль деген соз бизде таптакыр жок. Ким биринчи акча берсе "Закон" ошонуку -
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан