Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн отурумунда Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов ооруканага жеткирилгенин маалымдады. 13-июнда Ак үйдө өтүп жаткан министрлердин жыйынында Ош шаарынын мэри залдан чыгып кетип, кайра отурумга кирген эмес. Отурумда губернаторлор жана мэрлер жасаган иштери тууралуу отчёт тапшырып жатышкан эле. Ал эми Мелис Мырзакматов эң акыркылардан болуп сүйлөмөк. Мелис мырза өзүн жаман сезип, аны ооруканага алып кетишиптир.
Мэрдин жардамчысынын айтымында, жыйын күнү Мелис мырза өзүн жаман сезип, Бишкектеги үйүнө кеткен. Ал Мелис Мырзакматовдун ооруканага жатып калды же Ошко учуп кетти деген маалыматтарды четке какты.
Айдай Асанбекова,
Айзат Анарбекова
politika@super.kg