Кытайлык мунай чыгаруучу “Жунда” компаниясынын Кара-Балтада тургузуп жаткан мунай заводунун курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Орусия менен Казакстандан Кыргызстанга чийки мунай алып келүүчү куур да орнотулат. Ал аркылуу жылына өтө турган 10 миллион тонна нефтинин 1-2 миллиону Кыргызстанда иштетилсе, калган 8-9 миллион тоннасы Ысык-Көл аркылуу Кытайга өтөт. Ошентип, Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат.
Курулуш иши 2013-жылы май айында аяктап, августта ишке берилмекчи. Заводдун кубаттуулугу жылына 800 миң тонна мунайды иштетүүгө жетет. “Жунда” компаниясынын директорунун орун басарынын айтымында, заводдон өндүрүлгөн товарлар Борбор Азиядагы атаандаштыкка чоң салымын кошот. Ошондой эле миңдеген жергиликтүү калк жумуш орду менен камсыз болмокчу.
Кара-Балта шаарында курулуп жаткан бул заводдун курулуш иштери менен Өмүрбек Текебаев баш болгон “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары таанышып келишти. Өмүрбек мырза "заводдун курулушу менен экономикалык соода саясатыбыз жогорулайт" деп билдирди. Ал эми мунайды кайра иштетүүдө жылына 1 миллиард долларлык продукция өндүрүлөт.