«КАШГАРСКИЙ МЕЧ» – КЫРГЫЗЧА АНТИВИРУС

Ысык-Көл ИИБине белгисиз бирөө персоналдуу компьютерлердин оперативдик системдерине зыян келтире турган «Borubash-Mirlan» жана «Konurbai» деген компьютердик вирустарды түзүп, бүтүндөй облуска таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын жашоочусу, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин информатика жана математика факультетинин 5-курсунун студенти О.М. кармалды. Өз күнөөсүн моюнуна алган студент вирустарга каршы «Кашгарский меч» программасын иштеп чыкканын да маалымдаган. Учурда вирусту таратканы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан маалы.
О.М. кылган иш, албетте, кылмыш болуп эсептелет. А бирок Кыргызстанда ушул жигит сыяктуу заманбап техника жаатын «ичип-жеген» адистин бар экени кубандырды. Вирусту эле эмес, ага каршы программаны ойлоп табуу да компьютердик адистердин мактоосуна алынчу иш. Эгерде жигиттин билимин, дареметин туура багытка жолдоп, мыйзамдуу программаларды иштеп чыгарууга шарт түзүп берсе, мамлекетке пайдасы тиери анык. Баарыбызга белгилүү болгондой, вируска каршы программалар чет өлкөлөрдөн сатылып алынат. Колдоо көрсөтүлсө, мүмкүн, өзүбүздүн эле кыргыз жигити пайдалуу программаларды жасап берип турмак...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
ROZI
2012-06-18 11:24:45
Мыкты жигит экен!
+1
nurbek_posol
2012-06-18 11:29:00
Азаматсын ! Эми кылмыш иши козголгону менен бул бала коп пайдасы тиет Кыргызстанга ! Ийгилик !
+1
kipchak
2012-06-19 06:49:39
Emi komptu korgondo korko turgandai kylyp koiboso ele boldu bizdin suiuktuu milicionerleribiz)))))
0
isana
2012-06-19 23:27:47
Азаматсын! Кыргызстандан ушундай балдар чыкканына кубанычтамын.
+1
Sagy
2012-06-20 02:36:07
Атын чыкпаса жер ортто !
0
peach
2012-06-20 06:15:50
shumduk go
0
Zverchik
2012-06-20 11:06:12
Азамат экен мындайларга колдоо корсотуш керек! А биз камап жатабыз!
0
ularbek89
2012-06-21 19:14:33
Бир шанс берип коргуло да, учетко тургузуп койсо болот ко менимче, Кыргызда да ботот экенда э Хакерлер!
0
aikasarinjievna
2012-06-21 20:50:29
андан коро койберишсе жана жардам беришсе ал балага сонун болмок
0
Asul
2012-06-22 15:24:36
Бирдеме болсо эле камаганга шашылабыз. Кыргызстанда мындай жигиттер саналуу экени айтпаса түшүнүктүү. Бир туура жолго салуу, направить этип туруу болобу бизде, же кыргызстандыктар поголовно зэк болобузбу?
0
temirstal
2012-06-23 04:56:18
мындай гений кыргыз элинин арасынан чыгышы кубандырат. Колдоо корсотуш керек. Дагы бир жут чиновник чыгарып алып сатып жибербесе болду. Арабыздагы жуттардан баарын кутсо болот
0
qiltan
2012-06-24 15:50:39
Men bul maalymatty KTRK den alyp aiabai kubandym , bizdin kyrgyzda ushundai Computer adistery qyga bersin ! Azamatsyng saga yigilik kaalaim !!!
0
Francesko_91
2012-06-25 05:27:02
красавчик ошондой хакерлерден дагы10 миндей болсо президентибизди ар мамлекеттерге барып карыз суратбай эле хакер жигиттерибиз оздору эле ошол мамлекеттердин банктарын тазалап турмак .
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан