Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЭМИ ИШЕНИМ КАГАЗЫ МЕНЕН МАШИНА АЙДАЙ АЛБАЙБЫЗ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.


Өкмөт айдоочунун ишеним кагазын милдеттүү документтердин тизмесинен алып салуу жана автоунааны кайра каттоонун төлөмдүк пайызын азайтуу тууралуу токтом токугандан тарта коомчулукта түркүн суроолор жаралды. Автоунаа ээлери “мындай токтом, болгону, элдин капчыгын соруу” деп баа беришүүдө. Ал эми өкмөт транспорт тармагын иретке келтирүү жана салыктан качкандардын санын азайтуу үчүн токулган токтом экенин билдирүүдө. Кимиси туура?

ӨКМӨТТҮН ТОКТОМУ
Өкмөттүн 28-майда чыккан №329-токтомунун негизинде автоунааны кайра каттоого төлөнүүчү чыгым 5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Аталган токтом 11-июндан тарта күчүнө киргизилип, өкмөт башчы тиешелүү органдарга кайра каттоого кеткен убакытты 15 мүнөттөн ашпасын деген тапшырма берди.

“ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ КЕТИП КАЛДЫ”
Токтом чыкканы толук кандуу маалымат берилбей калгандыктан, коомчулукта түркүн суроолор жаралууда. Ошондуктан автоунаа ээлерин кызыктырган бир катар суроолорду топтоп, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин каттоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурали Пакировго кайрылып, суроолорду узаттык.

– Ишеним кагазы боюнча чыккан токтомго токтоло кетсеңиз?
– Коомчулукта суроолордун пайда болушуна маалыматтын туура эмес өңүттө тарап кеткендиги себеп. Токтомго ылайык, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы гана милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Ал эми генералдык ишеним кагазы ошол бойдон эле калтырылат. Нотариалдык конторалар мурдагыдай эле тартипте иштеп жатышат.

– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөндөр автоунааны өзүнө жол-жобосу менен каттата алабы?
– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөн адам автоунааны өзүнө-өзү каттата албайт. Мыйзамда ал алып-сатууга гана уруксат берүүчү кагаз. Генералдык ишеним кагазынын негизиндеги унааны каттоодон өткөрүүгө техникалык паспорттогу ээсин таап келиши керек. Эгер ээсин таппаса каттай албайбыз. Бирок автоунаанын мурдагы ээси чет мамлекетке көчүп кетип, аны табууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда сот аркылуу такталган аныктамалар боюнча чечимге карап иш кылабыз. Жакындарынын бирине да каттатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Генералдык ишеним кагазын жоготуп жиберген учурда да ушундай көрүнүшкө туш болуусу мүмкүн. Андыктан автоунааны ээлери өзүнө каттатышы керек.
Кошумча жагдайлар да бар. Мисалы, автоунаанын ээси каза болуп калган дейли. Ушундай учурда анын балдары же аялы "унааны саткандыгы тууралуу маалыматыбыз жок, акчасын да көргөн эмеспиз" деп чыгышы мүмкүн. Ошондо алар сотко кайрылып, соттошууга туура келип калат.

– Автоунаанын катталган жери менен анын ээсинин катталган жери эки башка жакта болсо кандай болот?
– Автоунаа Бишкекте катталып, ал эми ээси башка облуста катталган болсо, анда алгач катталган жерден унааны каттоодон чыгарып, облуска каттатуу керек.

– Каттатууга канча каражат талап кылынат?
– Кайра каттатуудан алынуучу 5 пайыз азыр 1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Мурда 5000 сом болсо, азыр 1000 сом болуп калды деген туура эмес. Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап 1 пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Ошондуктан ар бир машиненин өзүнчө баасы болот. Мисалы, учурда престиждүү болуп жаткан 2012-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны алсак, мурда 5 пайызы 79 миң сом болсо, азыр 1 пайызы 18 миң сомду түзүп калды. Ал эми чет мамлекеттен келген автоунаалар мурдагыдай эле 5 пайыздык салыкты төлөшөт. 1 пайыздык төлөм Кыргызстанда катталган унааларга гана тиешелүү.
Өзүбүздүн эле 2107 үлгүсүндөгү Жигулинин 5 пайыздык төлөмү 2000 сом болсо, эми 1 пайыздык төлөмү 400 сомду түзүп калды. Эми каттоого кеткен жалпы чыгымды карап көрөлү:
1 пайыздык төлөм – 400 сом
Техпаспорт – 590 сомдун тегереги
Мамлекеттик номер – 690 сомдун тегереги
Арыз – 75 сом
Жалпысынан каттоо үчүн 1755 сом сарпталат. Мурдагы баа менен эсептегенде каттоого 3351,66 сом талап кылынмак.

– Автоунаа ээлери башка бир адамга автоунаасын берүүдө кандай болот?
– Эми техпаспорт жана салыктын дүмүрчөгү менен башка бир адамга айдоого берүүгө болот. Бирок жол эрежеси бузулган учурда айыпты айдоочу эмес, автоунаанын ээси тартат.

15 МҮНӨТ – ЖОМОК
15 мүнөт ичинде кайра каттоону уюштурууну тапшырган өкмөт башчынын сөзү аткарылып жатабы же кезек күтүп чарчагандардын саны арбып кеттиби деп Бишкек шаарынын каттоо-сынак бөлүмүнө баш бактык. Кезек күткөндөр көп экен. "1 сааттан бери жүрөм" дегендер болду. 15 мүнөт болбой кайра каттоонун убактысы созулуп кеткендиги боюнча анда иштеген башкы адис Кубат Айтакуновдон төмөндөгүчө жооп алдык:
– Өкмөт башчы тарабынан каттоого 15 мүнөт кете турган болсун дегени бар. Бирок бул иштин жүрүшүнө жараша болуп жатат. Каттоодон чыгаруу жана отургузуу боюнча 15 мүнөткө жетпеген убакыт кетет. Мындан сырткары унааны текшерүү деген бар. Анын кыймылдаткычы, түсү документи менен дал келеби, уурдалган эмеспи деген сыяктуу иштер бар. Ээси жок болсо, каттоого болбойт. Себеби эртеңки күнү ээси чыгып чыр салышы мүмкүн. Мунун баары убакытты алат.

ЖАҢЫ СХЕМА КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
Автоунаа ээлеринеби?
Кайра каттоо үчүн мисал катары 2005-жылы Японияда өндүрүлгөн кыймылдаткычынын көлөмү 2400 сантиметр куб жана баасы 8000 доллар болгон Хонда Одиссейди алып көрөлү.
1 пайыздык төлөмү – 3200 сом (каттоо кызматы тарабынан бекитилген тарифтик торчосунун негизинде)
Техпаспорт – 590 сом
Мамлекеттик номер – 690 сом
Арыз – 75 сом
Жалпы: 4555 сомдун тегерегинде сарпталат.
Эгер Бишкекте каттооңуз жок болсо, автоунааны туруктуу жашаган дарегиңизге каттатууга туура келет. Бул үчүн жолго кетүүчү каражат да кошулат. Мисалы, Талас шаарына каттатуу керек болсо, ал жерге баруу үчүн 297 чакырым аралыкты басып өтүү керек. Жогорудагы унаа 100 чакырымга 9,5-10 литр бензин ичет. Демек, 30 литрдей май (бул 1140 сом) керектелет. Салыгы төлөнө элек болсо, 1800 сом кетет (чыгарылган жылына жараша). Ошондо жалпысынан алганда 7495 сомдун тегерегиндеги акча сарпталат.

Өкмөткөбү?
Мындай схема унаасын тез-тез алмаштырган жарандарыбыз үчүн бир топ түйшүктү жаратары, каражатты талап кылары көрүнүп турат. Экинчи жагынан өкмөттүн токтому чечилбей келген транспорттук көзөмөлдү жөнгө салып, салыктын эсебинен мамлекеттин казынасына бир топ каражат алып келет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2011-жылы 225 миң ишеним кагазы катталса, каттоодон 46 миң автоунаа гана өткөн. Алардан түшкөн жалпы төлөм
450 миллион сомду түзгөн. "Токтомдун негизинде салыктан түшкөн сумманын саны дагы 90 миллионго чейин жетиши күтүлүүдө" дешет өкмөт өкүлдөрү. Себеби айып пул жол эрежесин бузган же салыгы төлөнбөгөн унаанын айдоочусуна эмес, анын ээсине салынары айтылып өттү. Муну менен кыймылдуу мүлккө болгон жоопкерчилик күчөтүлүп, аны сатуучу сатып алып жаткан адамга сөзсүз каттатууну талап кылууга түртөт.

Ал эми токтомдун артынан курсагын кампайтчулар да жок эмес
Өкмөттүн бул токтомунун арты менен капчыгын кампайтууга кызыкдар адамдар, фирмалар бар. Мисалы, учурда техникалык паспортту жана мамлекеттик номерди бир гана жеке менчик “Атлас Крипт” ЖЧКсы жасап жатат экен. Ал эми өкмөттүн өкүлдөрү аталган жеке менчик фирманын чыгарган продукциясынын сапаты мыкты деп мактап жатышат. Өкмөттө жөндөн жөн эле мактай беришпейт. Демек, бул фирманын артында бир чоң чиновниктин же кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар.


«Супердин» сурак бурчу

ӨКМӨТ АЙДООЧУЛУК ИШЕНИМ КАГАЗЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ. УШУЛ ЧЕЧИМ ТУУРАБЫ?



Нурбек Сапаралиев, айдоочу:
– Жаңы токтом, менимче, туура эмес. Мисалы, Ошто жашаган адамдын унаасы Бишкекте катталган болсо, аны каттоодон чыгарып кетиши керек болот. Андан сырткары техпаспорт, унаанын номерине кайра төлөш керек. Мурдагы эле мыйзам боюнча калтырса болмок.


Орозалы Анапияев, айдоочу:
– Кайра каттатуу такыр туура эмес. Жаңы токтом акча жыйнаштын амалы болсо керек. Техпаспорт, номер дегендерди саталбай жатат да. Элге оор болуп калат. 1000 сомго каттоо кылат дегени жөн гана сөз. Мындан сырткары салыктар бар. Биз үчүн эч кандай пайдасы жок.



Мирбек Турдумамат уулу, айдоочу:
– Каяктан акча жешти билбей, автоунаага тийишип жатышат. Азыр эмне көп, автоунаа көп. Ар бир унааны каттоодон өткөрүшсө, канча деген каражат түшүп жатат. Биз деле жүргүнчүлөрдү ташып жатканда акча жейбиз да. Азыр баары акча жештин амалын кылышат.


Табылды Акеров, серепчи:
– Арзандатылганы жана жоопкерчиликтин күчөтүлгөнү элге жакшы. Бирок өкмөт салыктын эсебинен казынаны толтуруп, иштеп жаткандыгын көрсөтүүгө гана тырышууда. Кыскасы, бул токтом өкмөттүн өмүрүн узартуу үчүн жасап жаткан кадамы.



Турат Акимов, серепчи:
– Мында документтерди жасаган фирма пайда табат. Анан да Өмүрбек Бабанов мамлекеттик казынага кайдан акча табарын билбей, ушундай токтом кабыл алды. Өкмөт муну менен жол кырсыгы азайып, транспорт тармагында тартип орнойт дейт. Мен буга ишенбейм.


Аттокур Долуев, айдоочу:
– Учурда 3 жылга берилген генералдык ишеним кагазы менен эле жүрөм. Дагы узартууга кеткен акчаны каттатууга сарптасам туура го дейм. Менчигим болгондон кийин өзүмө каттатып алганым оң да.




Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg



Эми ишеним кагаз менен машина айдай албайбыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(55)
18.06.2012. 20:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
17-04-2012
Соӊку аракети:
25-03-2016 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупциялашкан дагы бир токтом,башка эч нерсе эмес.Мындан кору ишеним кагаз жакшы болчу.
18.06.2012. 20:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-05-2012
Соӊку аракети:
04-01-2015 14:58
Жынысы:
Белгисиз
0
babanhik aferist kim makul ruki vverh
21.06.2012. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
16-12-2009
Соӊку аракети:
30-05-2016 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurgazy3,
сизге эскертүү, далили жок адамдын аброюна шек келтирүү болбойт.
23.06.2012. 18:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-05-2012
Соӊку аракети:
24-07-2012 13:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Nurgazy3, Ya soglasen s vami
18.06.2012. 20:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-06-2012
Соӊку аракети:
18-07-2012 15:05
Жынысы:
Белгисиз
0
жакында гийип жургон тапичкени каттоодон откоргуло дебесе болду. Но ошого да тан калбайт болчумун. Онугууну ойлогон эч бир жан жок, баары чонтогун ойлойт. Качан башка мамлекеттин адамдарындай сыймыктанып жашайбыз? Кыргызстан менин мекеним деп?
18.06.2012. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх несин айтып куйосун, паспорт озгоруу болду ,бир уйдон экинчи уйго кочсон алмаштыруу керек ,бюрократия деген аны да алмаштырууга канчалаган убакыт жана акча керек, аны болду дейли жаны айдоочу куболук чыкканычы, ал бутту эми эми катто керекпи аркандан узун болгон кезти кутуп!П.С. эки жыл мурун техникалык паспорт дегени бар беле жанылшпасам?Жээгилечи беш колунарды малып , жегенди да бир кун жооп берчи кун келет!Иншаллах!
18.06.2012. 23:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-01-2012
Соӊку аракети:
15-04-2014 19:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Ушул токтомдун айынан окмот кузундо жан берет го? Бул баягы Макстын схемаларынын бирине окшоп бараткандай.Элдин канын соргуч схемаларды ойлоп тапкыча андан коро башка чет жактан пайда тушчу схемаларды табышса болмок инвес-я дегендей!
19.06.2012. 06:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
19-01-2012
Соӊку аракети:
08-09-2014 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
e jon ele juruwpoibu uwular!!!! El jarylayin dep turat ansyz dele!!!!! Kymbatchylyk bolup atsa ozu.....wypyrylyp tuwuwu ele kaldy bulardyn.
19.06.2012. 10:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
08-08-2011
Соӊку аракети:
07-03-2015 01:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мен пятница жазатым короче баш аягы 5300сом болду кана 1750 деген сумма.Баты бат эле экен бирок где то 1:30 саат и то тааныш ар кылуу мунун баары. Если озум бутургондо муну алып кел тигиниалып кел деп тияка бияка барып журо бермекмин да.
19.06.2012. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
25-01-2011
Соӊку аракети:
17-06-2017 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен буга каршымын.
19.06.2012. 12:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
17-02-2012
Соӊку аракети:
10-12-2012 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
элге пайдасы тие турган бир нерсе ойлоно алышпайбы дейм.булар кайрадан элден кантип акча алуунун амалын ойлошот го.ошон учун да эч кимге жаккан эмес.
19.06.2012. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
04-05-2012
Соӊку аракети:
07-11-2018 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
korea
0
озубуз аран жургондо кайдагыны башташат
19.06.2012. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-03-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 10:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
20 жыл бою жыргатышпаган эми жыргатышмак беле элди, жеп жандары тынышсынчы деги, баардык нерсе учун да жооп берчу кун алдыда кутуп турат.
19.06.2012. 18:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
04-11-2011
Соӊку аракети:
07-11-2014 03:18
Жынысы:
Белгисиз
0
кылаар иштери жок башка канчалаган проблемалар жатат го эмнеге ошолорду чечишпейт элдин канын соруп бутту го чондор
19.06.2012. 23:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-06-2012
Соӊку аракети:
24-06-2012 23:44
Жынысы:
Белгисиз
0
ех кыргызстаным качан озуно келет???
20.06.2012. 11:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
11-06-2012
Соӊку аракети:
22-10-2012 16:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш тугонуп калгансып чыгарган закондорун карагыла булардын, 5 % дан 1 % га томондоттук дейт болбогон соз, жугуруп журо берип кайра ошол эле акча кетет экен да!
20.06.2012. 11:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-05-2011
Соӊку аракети:
18-09-2015 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар эле элди кыйнаш учун чыккан токтом деп жатасынар. Бул элди кыйнаш эмес, салык чогултуп анын эсебинен мына окмот иштеп жатат дегенди билдиргилери келип атат. Бабанов эптеп окмотун креслосун сактап калуу учун жасалып жаткан кадам. Бир чети чын эле алыс жакта катталган жарандар учун ашыкча чыгым кетет. Бирок экинчи жагынан алганда мыйзамдуулук жагынан бул токтом эн жакшы токтомдордун бири. Себеби тартип орнотууга чон жардам бере алат.
20.06.2012. 14:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
23-08-2010
Соӊку аракети:
09-08-2012 02:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Chikago
0
Ишеним кагазы жок айдоого уруксаат бергени туура эле болуптур, Америкада ушундай, бири-бирибиздин машинебизди айдап кете беребиз. Каттоодо облустан облуска чуркатканы карапайым элди сыйлабастык болуп калыптыр. Ошол аткаминерлерден сурап коргулочу, ошондой абалда эмне кылышарын. Райондук МАИнин башчысына тел чалат да жарым саатта бутурот. Ушул мумкунчулукту эле легалдуу кылып койсо, эл жыргабайбы! Андай алыс жакка барып отурбай эле факс менен эле алдырса болот.
20.06.2012. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
376
Катталган:
25-05-2011
Соӊку аракети:
21-01-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Жакшы жашоо келет экен деп журсо элди кыйнап салдынарго Бийликтегилер.
20.06.2012. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 09:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Элди кыйноонун дагы бир жолу,салыкты башка жол менен жыйнап алса да болот эх качан онолобуз
21.06.2012. 01:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
07-05-2012
Соӊку аракети:
18-12-2014 03:16
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне башка закон
жокпу чыгаргыдай
21.06.2012. 10:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
12-06-2012
Соӊку аракети:
20-11-2012 22:44
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну жон эле койсон болмок омурбек. ушул эле жетпейт эле.



22.06.2012. 01:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-04-2012
Соӊку аракети:
23-06-2012 17:36
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйратыптыр. Шылтагы ошо болуптур эми. Эми ким качат кыргызстандан? Эки чонду жонотушту эл. Учунчусу эми чын эле журоктон элге ищтеп берген он болмок.
Super TV
22.06.2012. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-10-2011
Соӊку аракети:
29-10-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Rossia
0
ашыкча эле чыгым да бул
Super TV
22.06.2012. 13:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
12-05-2013 00:28
Жынысы:
Белгисиз
0
окмоттор ар дайымкыдай оздорунун каамын ойлошотда элди ким ойломок эле? Жогоркулардын капчыгы толо болсо эле болду калганы менен иштери жок ойлонушса болмок кичине бет дагын керекда.
22.06.2012. 14:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
15-03-2016 21:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурунда ар бир малга паспорт болсун деген чондордон эмнени умут кылып жатабыз билбейм. Бир чети ошол мыйзам отуп калса жакшы болмок экен кулгонго. Той-топурда мал союлганда: "Трагически погиб при исполнении своих прямых обязанностей", деп акт тузуп коймокпуз. Элди ойлогон бир башчыларыбыз жок. "Элде коп суммадагы акчалар уйдо катылып жатат" дешпеди беле. Ошол акчаларды кантип алыштын амалы.
22.06.2012. 19:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-06-2012
Соӊку аракети:
19-01-2014 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок достор кечирип койгула окмот бийлигине туура эмес коз карашта ойун билдирген достор силердин ойунарга таптакыр эле кошула албайбыз себеби. Авто унааны айдаш учун ишеним кагазын жаздырабыз. Ким айта алат ишеним кагазы кандайдыр бир кыйынчылыкты же болбосо бир глобалду проблеманы чечип келет деп. Ушул убакытка чейин машинада болгон соода сатыкта бир гана жеке НОТАРИУС тардын кана чонтокторуно киреше тушуп келген. Мисалы 1кундо 10машинага генералдык ишеним кагазын 3жылга берсе 950сомдон 10машин
22.06.2012. 19:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-06-2012
Соӊку аракети:
19-01-2014 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Арбир окмотко турган окмот бийлигин куноолой берсек. Окмотубузду ким башкармакчы достор. Ойлонуп коргулочу биздин арабыздан бироо боло турган болсо окмот башчы биз Балабакчадагы балдарыды да башкара албайбыз. Ишеним кагазы биздин эле мамлекетте эле берилип жургонун да эске ала кетишибиз керек достор.
23.06.2012. 13:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-06-2012
Соӊку аракети:
14-12-2012 17:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
biwkek
0
li4no maga jakty bez doverenost aidagany
23.06.2012. 20:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
26-01-2012
Соӊку аракети:
25-02-2015 22:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
корея
0
окмотун куугунтук менен кетуусуно булар жолок болуп берет бабанов атамбаев булар элди жегичтер тойбостор акаев бакиевтен да отот го дейм айбандар
24.06.2012. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
23-11-2010
Соӊку аракети:
17-03-2016 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
ээ мунун баары ерунда. кытай алып чыгып кетип жаткан алтынды ойлосон ошолордун бир кундук ондургон алтыны ушул расходдун баарын жапмак да. килейген кытай кичинекей кыргызстандын байлыгына кызыкканы вот проблема. жакында кытайга жердин баарын сатып жиберишеби деп коркосун астахфируллох...
24.06.2012. 22:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-06-2012
Соӊку аракети:
30-09-2012 22:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонушпайбы десен... Эл муну кандай кабыл алат болду экен деп. Элдин камын ойлобой,оздорунун кызыкчылыгын ойлоп атышатго булар. Ал акча мамлекетке тушкондо деле кыйратпайсынарго!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: