Өкмөт айдоочунун ишеним кагазын милдеттүү документтердин тизмесинен алып салуу жана автоунааны кайра каттоонун төлөмдүк пайызын азайтуу тууралуу токтом токугандан тарта коомчулукта түркүн суроолор жаралды. Автоунаа ээлери “мындай токтом, болгону, элдин капчыгын соруу” деп баа беришүүдө. Ал эми өкмөт транспорт тармагын иретке келтирүү жана салыктан качкандардын санын азайтуу үчүн токулган токтом экенин билдирүүдө. Кимиси туура?
ӨКМӨТТҮН ТОКТОМУ
Өкмөттүн 28-майда чыккан №329-токтомунун негизинде автоунааны кайра каттоого төлөнүүчү чыгым 5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Аталган токтом 11-июндан тарта күчүнө киргизилип, өкмөт башчы тиешелүү органдарга кайра каттоого кеткен убакытты 15 мүнөттөн ашпасын деген тапшырма берди.
“ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ КЕТИП КАЛДЫ”
Токтом чыкканы толук кандуу маалымат берилбей калгандыктан, коомчулукта түркүн суроолор жаралууда. Ошондуктан автоунаа ээлерин кызыктырган бир катар суроолорду топтоп, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин каттоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурали Пакировго кайрылып, суроолорду узаттык.
– Ишеним кагазы боюнча чыккан токтомго токтоло кетсеңиз?
– Коомчулукта суроолордун пайда болушуна маалыматтын туура эмес өңүттө тарап кеткендиги себеп. Токтомго ылайык, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы гана милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Ал эми генералдык ишеним кагазы ошол бойдон эле калтырылат. Нотариалдык конторалар мурдагыдай эле тартипте иштеп жатышат.
– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөндөр автоунааны өзүнө жол-жобосу менен каттата алабы?
– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөн адам автоунааны өзүнө-өзү каттата албайт. Мыйзамда ал алып-сатууга гана уруксат берүүчү кагаз. Генералдык ишеним кагазынын негизиндеги унааны каттоодон өткөрүүгө техникалык паспорттогу ээсин таап келиши керек. Эгер ээсин таппаса каттай албайбыз. Бирок автоунаанын мурдагы ээси чет мамлекетке көчүп кетип, аны табууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда сот аркылуу такталган аныктамалар боюнча чечимге карап иш кылабыз. Жакындарынын бирине да каттатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Генералдык ишеним кагазын жоготуп жиберген учурда да ушундай көрүнүшкө туш болуусу мүмкүн. Андыктан автоунааны ээлери өзүнө каттатышы керек.
Кошумча жагдайлар да бар. Мисалы, автоунаанын ээси каза болуп калган дейли. Ушундай учурда анын балдары же аялы "унааны саткандыгы тууралуу маалыматыбыз жок, акчасын да көргөн эмеспиз" деп чыгышы мүмкүн. Ошондо алар сотко кайрылып, соттошууга туура келип калат.
– Автоунаанын катталган жери менен анын ээсинин катталган жери эки башка жакта болсо кандай болот?
– Автоунаа Бишкекте катталып, ал эми ээси башка облуста катталган болсо, анда алгач катталган жерден унааны каттоодон чыгарып, облуска каттатуу керек.
– Каттатууга канча каражат талап кылынат?
– Кайра каттатуудан алынуучу 5 пайыз азыр 1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Мурда 5000 сом болсо, азыр 1000 сом болуп калды деген туура эмес. Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап 1 пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Ошондуктан ар бир машиненин өзүнчө баасы болот. Мисалы, учурда престиждүү болуп жаткан 2012-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны алсак, мурда 5 пайызы 79 миң сом болсо, азыр 1 пайызы 18 миң сомду түзүп калды. Ал эми чет мамлекеттен келген автоунаалар мурдагыдай эле 5 пайыздык салыкты төлөшөт. 1 пайыздык төлөм Кыргызстанда катталган унааларга гана тиешелүү.
Өзүбүздүн эле 2107 үлгүсүндөгү Жигулинин 5 пайыздык төлөмү 2000 сом болсо, эми 1 пайыздык төлөмү 400 сомду түзүп калды. Эми каттоого кеткен жалпы чыгымды карап көрөлү:
1 пайыздык төлөм – 400 сом
Техпаспорт – 590 сомдун тегереги
Мамлекеттик номер – 690 сомдун тегереги
Арыз – 75 сом
Жалпысынан каттоо үчүн 1755 сом сарпталат. Мурдагы баа менен эсептегенде каттоого 3351,66 сом талап кылынмак.
– Автоунаа ээлери башка бир адамга автоунаасын берүүдө кандай болот?
– Эми техпаспорт жана салыктын дүмүрчөгү менен башка бир адамга айдоого берүүгө болот. Бирок жол эрежеси бузулган учурда айыпты айдоочу эмес, автоунаанын ээси тартат.
15 МҮНӨТ – ЖОМОК
15 мүнөт ичинде кайра каттоону уюштурууну тапшырган өкмөт башчынын сөзү аткарылып жатабы же кезек күтүп чарчагандардын саны арбып кеттиби деп Бишкек шаарынын каттоо-сынак бөлүмүнө баш бактык. Кезек күткөндөр көп экен. "1 сааттан бери жүрөм" дегендер болду. 15 мүнөт болбой кайра каттоонун убактысы созулуп кеткендиги боюнча анда иштеген башкы адис Кубат Айтакуновдон төмөндөгүчө жооп алдык:
– Өкмөт башчы тарабынан каттоого 15 мүнөт кете турган болсун дегени бар. Бирок бул иштин жүрүшүнө жараша болуп жатат. Каттоодон чыгаруу жана отургузуу боюнча 15 мүнөткө жетпеген убакыт кетет. Мындан сырткары унааны текшерүү деген бар. Анын кыймылдаткычы, түсү документи менен дал келеби, уурдалган эмеспи деген сыяктуу иштер бар. Ээси жок болсо, каттоого болбойт. Себеби эртеңки күнү ээси чыгып чыр салышы мүмкүн. Мунун баары убакытты алат.
ЖАҢЫ СХЕМА КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
Автоунаа ээлеринеби?
Кайра каттоо үчүн мисал катары 2005-жылы Японияда өндүрүлгөн кыймылдаткычынын көлөмү 2400 сантиметр куб жана баасы 8000 доллар болгон Хонда Одиссейди алып көрөлү.
1 пайыздык төлөмү – 3200 сом (каттоо кызматы тарабынан бекитилген тарифтик торчосунун негизинде)
Техпаспорт – 590 сом
Мамлекеттик номер – 690 сом
Арыз – 75 сом
Жалпы: 4555 сомдун тегерегинде сарпталат.
Эгер Бишкекте каттооңуз жок болсо, автоунааны туруктуу жашаган дарегиңизге каттатууга туура келет. Бул үчүн жолго кетүүчү каражат да кошулат. Мисалы, Талас шаарына каттатуу керек болсо, ал жерге баруу үчүн 297 чакырым аралыкты басып өтүү керек. Жогорудагы унаа 100 чакырымга 9,5-10 литр бензин ичет. Демек, 30 литрдей май (бул 1140 сом) керектелет. Салыгы төлөнө элек болсо, 1800 сом кетет (чыгарылган жылына жараша). Ошондо жалпысынан алганда 7495 сомдун тегерегиндеги акча сарпталат.
Өкмөткөбү?
Мындай схема унаасын тез-тез алмаштырган жарандарыбыз үчүн бир топ түйшүктү жаратары, каражатты талап кылары көрүнүп турат. Экинчи жагынан өкмөттүн токтому чечилбей келген транспорттук көзөмөлдү жөнгө салып, салыктын эсебинен мамлекеттин казынасына бир топ каражат алып келет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2011-жылы 225 миң ишеним кагазы катталса, каттоодон 46 миң автоунаа гана өткөн. Алардан түшкөн жалпы төлөм
450 миллион сомду түзгөн. "Токтомдун негизинде салыктан түшкөн сумманын саны дагы 90 миллионго чейин жетиши күтүлүүдө" дешет өкмөт өкүлдөрү. Себеби айып пул жол эрежесин бузган же салыгы төлөнбөгөн унаанын айдоочусуна эмес, анын ээсине салынары айтылып өттү. Муну менен кыймылдуу мүлккө болгон жоопкерчилик күчөтүлүп, аны сатуучу сатып алып жаткан адамга сөзсүз каттатууну талап кылууга түртөт.
Ал эми токтомдун артынан курсагын кампайтчулар да жок эмес
Өкмөттүн бул токтомунун арты менен капчыгын кампайтууга кызыкдар адамдар, фирмалар бар. Мисалы, учурда техникалык паспортту жана мамлекеттик номерди бир гана жеке менчик “Атлас Крипт” ЖЧКсы жасап жатат экен. Ал эми өкмөттүн өкүлдөрү аталган жеке менчик фирманын чыгарган продукциясынын сапаты мыкты деп мактап жатышат. Өкмөттө жөндөн жөн эле мактай беришпейт. Демек, бул фирманын артында бир чоң чиновниктин же кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар.
«Супердин» сурак бурчу
ӨКМӨТ АЙДООЧУЛУК ИШЕНИМ КАГАЗЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ. УШУЛ ЧЕЧИМ ТУУРАБЫ?
Нурбек Сапаралиев, айдоочу:
– Жаңы токтом, менимче, туура эмес. Мисалы, Ошто жашаган адамдын унаасы Бишкекте катталган болсо, аны каттоодон чыгарып кетиши керек болот. Андан сырткары техпаспорт, унаанын номерине кайра төлөш керек. Мурдагы эле мыйзам боюнча калтырса болмок.
Орозалы Анапияев, айдоочу:
– Кайра каттатуу такыр туура эмес. Жаңы токтом акча жыйнаштын амалы болсо керек. Техпаспорт, номер дегендерди саталбай жатат да. Элге оор болуп калат. 1000 сомго каттоо кылат дегени жөн гана сөз. Мындан сырткары салыктар бар. Биз үчүн эч кандай пайдасы жок.
Мирбек Турдумамат уулу, айдоочу:
– Каяктан акча жешти билбей, автоунаага тийишип жатышат. Азыр эмне көп, автоунаа көп. Ар бир унааны каттоодон өткөрүшсө, канча деген каражат түшүп жатат. Биз деле жүргүнчүлөрдү ташып жатканда акча жейбиз да. Азыр баары акча жештин амалын кылышат.
Табылды Акеров, серепчи:
– Арзандатылганы жана жоопкерчиликтин күчөтүлгөнү элге жакшы. Бирок өкмөт салыктын эсебинен казынаны толтуруп, иштеп жаткандыгын көрсөтүүгө гана тырышууда. Кыскасы, бул токтом өкмөттүн өмүрүн узартуу үчүн жасап жаткан кадамы.
Турат Акимов, серепчи:
– Мында документтерди жасаган фирма пайда табат. Анан да Өмүрбек Бабанов мамлекеттик казынага кайдан акча табарын билбей, ушундай токтом кабыл алды. Өкмөт муну менен жол кырсыгы азайып, транспорт тармагында тартип орнойт дейт. Мен буга ишенбейм.
Аттокур Долуев, айдоочу:
– Учурда 3 жылга берилген генералдык ишеним кагазы менен эле жүрөм. Дагы узартууга кеткен акчаны каттатууга сарптасам туура го дейм. Менчигим болгондон кийин өзүмө каттатып алганым оң да.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg