Элибиздин сүйүктүү ырчысы Каныкей Эралиеванын ырчылык, композиторлук жолдо байсалдуу сапар кечип келатканына быйыл туптуура 45 жылдын жүзү болуптур. Бул жылдар аралыгында ырчы эжекебиздин обондору менен аткарган ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк тапты деп ооз толтура ишенимдүү айта алабыз. Буга далил катары композитордун эмгеги бааланып, 2009-жылы "КРнын Эл артисти" деген наам алгандыгын айтууга болот. Эске салсак, Каныкей Эралиева жогорку тепкичте турган бул наамды багынткандан бери элге жеке концертин тартуулай элек болчу. Бирок бул күн алыс эмес экенин ырчы бизге кабарлады:
– Буюрса, 16-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертимди элиме сунуштаганы турам. Бул маалымат элге тарай баштагандан бери үйгө чейин телефон чалып, "ата-энебизди, туугандарыбызды, балдарыбызды алып концертке баралы дедик эле" деп кенен маалымат сурагандар көбөйдү. Ушундан улам "ырларым элимдин жүрөгүнөн түнөк тапкан экен" деп кудуңдап кубанып жүрөм. Айта кетчү нерсе, концертте балдар темасына да кайрылабыз. “Ак Шоола” балдар хору ырдайт. Ошондой эле менин ырларымды белгилүү ырчылар аткарышмакчы. Алар: Курал Чокоев, Лира Раимбекова, Бактыгүл Бадыева, Гүлбү Орозкул кызы, Салима Балтаева, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева жана башкалар. Андан тышкары жаш ырчы Омар экөөбүз дуэт ырдайбыз.