“Кеңеш” тобундагы Мүзүр менен Гүлмира кыздуу болгонун билдиришип, сүйүнүчү менен тең бөлүшүштү. Ымыркай 10-июнь күнү 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлүп, наристеге Ансари деген ысым ыйгарышыптыр.
Ал эми 11-июнь күнү ырчы Сема да балканактай уулдуу болуп, атын Элхан койсомбу деп турган чагы. Акыркы мезгилде жылдыздар кыргыздын санын көбөйтүүгө жакшы эле салым кошуп жатышат. Баланын төрөлүшү дайым эле кубаныч эмеспи!