Биздин гезиттин 10 жылдыгына арналган “Суперфутбол-2012” мелдешин өткөрүп жибердиңиз беле? Анда кейибей, 24-июнду күтүңүз. Бул күнү Суперфутбол мелдешинен эксклюзивдүү репортажды Коомдук биринчи канал аркылуу көрө аласыз. 90 мүнөт ичинде кырчылдашкан тай талашты, "мегакомчу" Улан Барпиев менен Азамат Байматовдун майдандагы оригиналдуу бийин, официанттар менен депутаттардын таймашын, пенальтилер сериясын, жеңүүчүлөрдүн кубанычын жана жеңилгендердин ызасын, сыйлык тапшыруу аземин жана башка урунттуу учурларды тартуу кылабыз. Бул үчүн 24-июнь, жекшемби күнү кечки саат 22:40та сыналгынын маңдайынан орун алыңыз да, КТРКдан алыстабаңыз. Өткөрүп жибербеңиз, 24-июнь, жекшемби, 22:40, Коомдук телеканал.