Тамара Джаманбаева, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү: «ЭФИРДЕН ЭРТЕ КЕТКЕНИМ ҮЧҮН ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙМ»

“Ай төбөдөн өтө элек,
Ажарлуу беттин кызылы
Азыр деле өчө элек.
Күн төбөдөн өтө элек,
Күмүш беттин кызылы
Күүгүм кирип өчө элек” деген ыр саптарын акын Жолоочу Рыспаев КТРКнын, бир кездеги Фрунзе телекөрсөтүүсүнүн алгачкы диктору Тамара Джаманбаевага арнаган. Ошол айым биздин “түз эфирде”.

1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган.
1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы КМУнун журналистика бөлүмүн аяктаган.
16 жашында Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине диктор болуп орношкон.
1988-1992-жылдары Ош облустук телерадиокомитетинде башкы редактор, төрайым болуп иштеген.
1994-1995-жылдары УТРКнын вице-президенти.
1996-2007-жылдары “Замана” программасын түптөп, аны жетектеген.
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын Эл артисти.
Эки уул, эки кыздын энеси. 7 небереси, 1 чөбөрөсү бар.

– Тамара Кусеиновна, жүздөгөн, миңдеген күйөрманыңызга айланган көрөрмандарыңыз “кезинде бир диктор кыз бар эле, учурда эмне менен алек экен?” дешсе керек...
– Телерадиодон кеткенден кийин “биздин балдарга сабак бериңизчи” деп Чыгыш университетине чакырып калышты. Азыр ушул ЖОЖдун Эсенгул Ибраев атындагы журналистика кафедрасында профессормун. Жакында эле студенттер бизди жагымдуу маанайга бөлөштү, ошондон баштагым келип турат.
10 жылдан бери ЖОЖдор арасында “Студенттик жаз” деген фестиваль өткөрүлүп келет. Быйыл биздин тырмактай университет башка чоң-чоң атаандаштарынан өтүп, баш байгени алды. Бул окуя мени аябай кубантты.

– КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы курамына мүчө болуп тандалгансыз. Миссияңыздар кандай башталды?
– Байкоочу кеңешке мүчө болууга 60ка чукул адам арыз таштаган. 3 ай бизди тандашты, электен 15ибиз өттүк. Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн ичинде телерадиодо көп жыл үзүрлүү иштегендер, элге белгилүү журналисттер, юристтер, эки илимдин доктору, КРнын Эл акыны бар. Төрагалыкка бешөө талапкер болуп, анын ичинен көпчүлүк Кылычбек Султановго добуш беришти. Жаштык күч-деми, креативдүү ойлору менен жаңылык жаратат го деген чоң үмүтүбүз бар.
Алдыда турган иштерибиздин негизгилери – КТРКнын стратегиясы, структурасы жана редакциялык саясатын карап чыгуу. Жалпысынан телерадиодогу эфирдин профессионалдык деңгээлин жогорулатууга жардам берүү. Бир эле мисал, 17,5 сааттык эфирдин 30 пайызын кинопродукция түзөт экен. Тасма менен мультфильмдерди кыргызчага которуу деңгээли да көп суроону жаратууда. Ошондой эле КТРКны 24 саат бою иштетүүнү көтөрүп чыксак деп ойлонуп жатабыз. Буга акча жок дешет, бирок бул маселени чечүүгө Байкоочу кеңешке, КТРКнын жетекчилигине саясий эрк керек.

– КТРКнын азыркы дикторлоруна купулуңуз толобу?
– Ачык айтсам, көп толо бербейт, ошону менен катар көгүлтүр экрандын көркү боло тургандары да бар. Алып баруучулардын телекөрүүчүлөргө “уксаң ук, укпасаң өзүң бил” дегени жарабайт. Алар менен апаң, атаң, сүйгөн жигитиң же кызың менен саламдашкандай, “Кутмандуу кечиңиздер менен! “Ала-Тоо” өз көрсөтүүсүн баштайт” деген сүйлөм жагымдуу үн менен коштолушу керек. Экран – рентген, ал аркылуу баары көрүнүп-билинип турат.
Жаңылыктын убактысы да өтө узун, 50-55 мүнөткө чейин созулат. Эл аралык стандартка ылайык, ал 30-35 мүнөттөн ашпашы керек.

“ТЕЛЕВИЗОРДУ БИЛБЕЙ ДИКТОР БОЛДУМ”
– 16дамын. Медициналык окуу жайды бүткөн кезим. Бир жолу көчөдө баратсам, орус аял токтотуп: “Тиги бийик мунараны көрдүңбү? Ошол жерге кел. Диктор издеп жүрөбүз”,- деп калды. Анда диктор эмес, телевизор эмне экенин билчү эмесмин. Айткан жерине келип, кыргызча-орусча текстти окуп көрдүм. Кабыл алгандар “үнү, өңү го жакшы, бирок жаш экен. Иштеп көрсүн, эптеп чоңоюп кетер” дешти. Орус тилинен башында кыйналып, анча-мынча ката кетирсем, кээ бири мыйыгынан күлүп шылдыңдашчу. Намыстанып жүрүп үйрөнүп кетип, кийин кыргыз жана орус тилинде жаңылыктарды алып барып калдым.
Кечки саат алтыдан баштап он бирге чейин эфирден өткөн көрсөтүүлөрдүн баарын балдар үчүнбү, өнөр жай, айыл чарбасы, музыкалык, адабият же жаштар көрсөтүүлөрүбү, бүт бойдон дикторлор алып барышчу. Дикторлук кесип мен үчүн оңой дагы, кызыктуу да, кымбат дагы эле. Оңойлугу, көп жылдар бою түз эфирде иштеп, башка кесиптештеримдей болуп текстти кайра-кайра окуп убара болчу эмесмин. Текстти бир-эки ирет карап чыкканда эле жүрөгүмө жакын кабыл алганга аракеттенчүмүн. Өзүң түшүнүп турсаң гана көрүүчүгө оюңду жеткире аласың.

“БАЛДАР ТҮНҮ ДА БАЛА БАКЧАДА КАЛЫШЧУ”
– 18ге да толдум. Турмушка чыгып кетип, 19 жашымда уулдуу болдум. Бул аралыкта журналистика бөлүмүнө тапшырып, жумуштан чыгарым менен кечки окууга чуркап жөнөйм.
Таң атпай репетиция башталат. Кечки түз эфир түнкү он экиде аяктайт. Дагы жакшы “Ленин” заводунда күн-түн дебей бала бакча иштээр эле. Уулдарым азыр “бизди өкмөт чоңойтту” деп тамашалап калышса, мен “ооба, силерди аптасына эки жолу гана алчумун” деп калам. Кийин мектепке барып калышканда, чакырбаса деле ишемби сайын балдарымдын кандай окуп жатканынан кабардар болуп турчумун.
Улуу балам көп жылдар бою Тышкы иштер министрлигинде иштеди. Андан кийинки уулум – бажы кызматкери, бир кызым – ишкер, эң кенже кызым – прокурор.

“ЭКРАНГА БИР КӨЙНӨКЧӨН КЕЛГЕМ”
– Диктор болуп келгенимде интернаттагы бир күрөң көйнөк, бир юбка жана бир кофтам бар эле. Кийин эл-журтка таанылып калганда, анын үстүнө эң башында Кыргызстан боюнча биздин эле телекөрсөтүү иштечү, көгүлтүр экрандын касиети менен бардык базалардын эшиги бизге дайыма ачык эле.
Биринчи маянам 1500 рублду түздү. Укмуштай чоң акча да, эмнеге короторумду билбей таксиге түшөм, “Мишка косолапый” деген шоколадды килолоп алам. Айрыкча жаш кезимде бир да жөө баспадым.
Кайда барбайын, кичинесинде мени экран аркылуу эстеп калгандар азыркыга чейин сыйлап-кадырлашат. Ысымым кыргызча эмес деп өзүмө жакпаганы менен, эл ичин аралап калсам, “сага окшош болсун деп сенин атыңды койдук” деп калышчу.

“ЖОКТУН ИШИ ЖОК”
– Күйөөмдүн көз жумганына 20 жыл болуп калды. Жалгыздын иши жалгыз. Жоктун иши жок. Төгүлгөн аяк толбойт. Ал киши тирүү турганда жашоом таптакыр башкача болмок. Өлөр алдында ЖКнын депутаты эле. Кыргыз интеллигенциясынын арасында биринчи техника илимдеринин доктору болгон. Брикет фабрикасын курам деп турган кезде, 58 жашында өтүп кетти.

“ЭФИРДЕН ЭРТЕ КЕТКЕНИМДИ КЕЧИРЕ АЛБАЙМ”
– Турмушумдагы эң чоң катам эфирден эрте кетип калгандыгым болду. Эмдигиче өзүмдү кечире албайм. Уюштуруучулук ишке өтүп кеттим. Убакыт учкан куштай өтүп кетет экен. Жөн эле баяндамачы же кабарчы катары деле жүрө берсем болмок экен деп калам. Эфирге шашкалактап даярданып, анан бир заматта ордумдан жылбай калып, "мен түз эфирде иштебейм го..." деп тык токтоп калган түштөр эмгиче кирет...

Эльвира Караева
politika@super.kg
Сүрөттөр Т.Джаманбаеванын архивинен алынды.

 Кыстарылган видео 
Тамара Джаманбаева, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sevinch
2012-06-27 01:25:11
super! Kadyrluu adamdar da bul kiwiler.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан