КОЙ (21.03-20.04)
Аптада мурда берген убадаңызды аткарыңыз. Болбосо сөзгө туруксуз экендигиңиз ишиңизге да терс таасирин тийгизет. Дүйшөмбүдө каржы маселесинен улам үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Бейшембиде сүйүү жаатында мамиленин салкындап кетүүсүнө таасир этүүчү окуя чыгат. Жекшембиде көңүл ачуучу жайга баш бакпаганыңыз оң.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде кандай сунуш түшсө да андан баш тартыңыз. Алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу жогору. Шейшембиде ден соолугуңузга кам көрүп, этият болуңуз. Жума күнү сак болбосоңуз, жаныңыздагы буюмуңузду жоготуп алышыңыз мүмкүн. Ишембиде кыйынчылыктарга жолукпайын десеңиз, пландалган сапарды жекшембиге жылдырууну жылдыздар сунушташат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көңүлдү чөгөрө турган ушак, алдап кетүү сыяктуу жагымсыз майда окуяларга туш болушуңуз мүмкүн. Шейшембиде жасаган эмгегиңиз үчүн сый-урматка татыйсыз. Шаршембиде бирөөгө тапшырган ишиңиз оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Андыктан өзүңүз аракет кылыңыз. Жума күнү жаңы адам менен кездешүү күтүүдө. Эс алуу күндөрүндө үй иштери менен алектенүүгө туура келет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө бир катар маселелер жаралышы мүмкүн. Бирок аракет кылып, өз пайдаңызга чечүүгө болот. Бейшембиде пайда табуу үчүн сарптаган акчаңыз иштин жыйынтыгында акталбай калышы мүмкүн. Жекшембиде сабырдуулукту сактабасаңыз, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүк чоң чырга айланышы ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада каржылык абалыңыз жакшырып, капчыгыңыз кампаят. Алыс жакка чыгып эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаршембиде өз убагында аткарылчу ишти өткөрүп жиберип өкүнүп калбоо үчүн иш-планыңызга көңүл бура жүрүңүз. Жума күнү баарын өз колуңузга алсаңыз, жеке жашооңузда жакшы натыйжага ээ болосуз. Чыгармачыл адамдарга идеяларын ишке ашырууга жума ичинде шарт түзүлөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын алгачкы жарымында жаңы багыттар боюнча иш алып барып, жакшы ийгиликтерге жетүүңүз күтүлүүдө. Шаршембиде кирешеге ээ болушуңуз мүмкүн. Бейшембиде ден соолугуңузга кам көрүүнү унутта калтырбаңыз дешет жылдыздар. Ишембиде уккан маалымат жеке жашооңузга өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Жекшембиде төрүңүздөн коноктор орун алмакчы.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чечкиндүү болсоңуз, алдыга койгон максатыңызды ишке ашыра аласыз. Шейшембиде тааныштарыңыздын бири бут тосушу мүмкүн, сак болуңуз. Шаршембиде сапарга аттанбай туруңуз. Жол болбой, көңүлүңүз бузулат. Жума күнү бойдоктор издеген адамына кез келүүсү ыктымал. Дем алышта жакындарыңыз менен бирге убакыт өткөрөсүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар. Өзгөчө электр тогунан этият болуңуз. Дүйшөмбүдө таасирдүү адамдар менен жолугуп, ишиңиздин илгерилешине жол ачылат. Жакшы маанайдагы сүйлөшүүнүн соңу таарыныч менен аяктап калышы да мүмкүн. Жума күнү акча иштеринде алдамчылардын тузагынан сак болуңуз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аракетчилдикти көрсөтүүгө жетишсеңиз, кызмат ордуңуздан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Шейшембиде акчаңызга сак болуңуз, жоготуп жиберишиңиз мүмкүн. Башкалардын сөзүнө кулак салбай, өз билгениңиздей иш кылсаңыз жаңылышпайсыз. Жума күнү кандай маселе болсо да сиз тарапка чечилет. Көңүлүңүздөгү буюмуңузду сатып алып сүйүнөсүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көңүл ачууга убакыт бөлөм деп, ишиңиздин соңуна чыкпай калышыңыз мүмкүн. Андыктан көңүл ачууну чектей турганыңыз оң. Шаршембиде күтүлбөгөн иштер болуп кетиши мүмкүн. Эртеңки күнү маселе жаралбашы үчүн майда иштерди да өз убагында бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Эс алуу күндөрү бейтааныш адамдар менен урушуп кетүүдөн этият болуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө кандай чыр болбосун андан оолак болуңуз. Жолдо жүрүүдө этияттык талап кылынат, оор жаракатка кабылуу коркунучу бар. Бейшембиде алыстан кабар угасыз. Ишембиде белек алууңуз күтүлөт. Жекшембиде туугандарыңыз же досторуңуз менен чер жазып эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада иштин көзүн билгендер менен кеңешип иш кылсаңыз, жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Бул апта жаңы идеяны ишке ашырууга ыңгайлуу. Шаршембиде жеке жашооңузга же жакындарыңызга байланыштуу чечим кабыл алууга туура келет. Бейшембиде акчалуу болушуңуз күтүлүүдө. Буюм сатып алууда сапатына көңүл буруңуз.