(Башы өткөн сандарыбызда)
Эки жаш бактылуу күн кечирип жатышты. Жаннат ооруканада болгондугуна байланыштуу алар азырынча Жаныбектин үйүндө жашап турууну туура көрүштү. Анан да балдарга каралашып дегендей. Тумарга күндөр мурункудай эле өтүп жаткандай сезилет, бирок Жаннат менен Жаныбектин бул тууралуу ойлору башка. Мындай ойго кечээ болгон окуя далил. Тумар Айжамалды бакчадан алуу керектигин унутуп калып, күн батып, күүгүм киргенде тарбиячысы чалганда эстеп, барып алып келген. Келининин бул жоругу Жаныбек менен Жаннатка тез эле жетип, маселени талкуулап жатышып айтыша кеткен болчу. Жаныбек Тумарды да туура түшүнүү керек экендигин айтып, балдарга бала багуучу жалдоо керек деген тыянакка келишкен. Андан бери бир айдан ашык убакыт өтүп кетти. Бирок бала багуучунун маселеси чечиле элек. Тумар канчалык балдарга мээрими менен мамиле кылып, мурдагысындай эле кам көрүүнү каалабасын, кээде аларга байланышкан маселе капталынан чыгат. Андай учурларда же өз жумуштарын коё турууга, же кайнагасы менен абысынына жаман көрүнүүгө туура келет. Улан болсо өз иштери менен алек. Эки досу менен бирге сырттан азык-түлүк алып келип сатып акча табат. Иштен бошобой, кысталышта Тумарга жардамга келе албай калган учурлары көп болот. Андайда келинчегине жалынып-жалбарып, дагы бир аз чыдап коюусун өтүнүп калмайы бар.
– Жеңем айыккыча оор түйшүктүн баары сага түшөт эми. Аз калды, кичине чыдап кой. Экөөбүз да өзүбүздүн гана үй-бүлөнүн түйшүгү менен жүргөн күндөр алыс эмес.
Кадимкидей эле күндөрдүн бири эле. Жаныбек бул күнү үйгө күндөгүдөн эрте келди. Улан менен Тумар балдарды ага калтырып, кечке маал сейилдеп келүүнү чечишти. Экөө сейил бакта жүрүп, бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеген жаш үй-бүлөнү көрүштү.
– Тумар, карачы, кандай бактылуулар! Экөөбүз да ушинтип балдарыбызды жетелеп жүргөн күндөр бат эле келсе дейм.
– Мен да ошону каалайм.
– Суроом жаш баланын жоругуна окшоп калышы мүмкүн, бирок...
– Түшүндүм, качан балалуу болобуз дегени турасың го?
– Ооба.
– Кудай буюрган күнү. А балким, азыр кош бойлуудурмун.
– Ошондой эле болсун, жаным,- деген бойдон жаш балача кубанып, Тумарды ордунан так көтөрүп, эки-үч ирет айландырып жиберди.
Тумар да ошону самап, эңсей баштады. Негедир ушуга чейин бул тууралуу ойлонбогонуна таң калды. Улан экөөнүн нике кыйдырып алгандарынан бери деле 7 ай өтүп кетиптир. "Ушуга чейин боюма бүткөн жок. Кой, дарыгерге барбасам болбойт" деп тынчсызданып алды.
Эртеси эжеси айткан шаардагы мыкты гинекологго барып көрүндү. Дарыгер:
– Негизинен, бир жылга чейин бойго бүтпөгөн коркунучтуу эмес дечи, бирок текшерилүүгө келгениң туура болуптур. Жакшылап дарыланбасаң, балалуу болбой калышың да мүмкүн. Мунун себептери бар...- деди.
Ошол сөздү уккандан бери Тумардын маанайы суз. Уландын алдында өзүн күнөөлүү сезип, бош убактысы боло калса эле балалуу болуунун сырлары туурасындагы китептерди окуп жата бермей адат тапты. Самат менен Айжамалга мурдагыдан да башкача жылуу мамиле кыла баштады. Кээде экөөнү карап отуруп, ичинен "мен да силерге окшогон мотурайган балдарга жашоо тартуулап, алардын мээримдүү энеси боло алар бекенмин? Баланын жытына мас болуп, бакытка балкыган күнүм болор бекен?" деп калат. Улан анын неге мынча капа болуп жүргөндүгүн биле албай убара.
Мурунку курбулар, азыркы абысындардын мамилелери кайра жылып калды. Мурдагыдай жаман көрүү, бир нерсени талап кылуу дегендер жок болгондуктан, экөө жакшы сырдашып калышкан. Бул ирет да Тумар өз маселесин курбусуна айтып жеңилдеп алууну чечип, ооруканага келген. Экөө ал-жайды сурашып көпкө отурушту. Жаннат курбусунун маанайын байкап:
– Негедир акыркы күндөрү көңүлүң жок да. Сага эмне болгон, Улан таарынтып жатабы?
Тумар унчукпай бир жерди тиктеген бойдон отура берди.
– Аа, түшүндүм, боюңда бар окшойт, ошого кыйналып жатсаң керек?..
– Ошондой эле болсо кана, Жаннат. Менде да маселе көп.
– И-ий, эмне болду?
– Врачка көрүнсөм, “балалуу болбой калышың мүмкүн” дегендей кеп айтты.
Ушул сөздөр оозунан араң чыгып, шолоктоп ыйлап кирди. Жаннат Тумарды сооротууга аракеттенип, эмне деген гана мисалдарды келтирбеди, “тиги таанышым беш жылда араң балалуу болгон, баланчанын эжеси турмуш кургандан 8 жылдан кийин төрөгөн”. Бирок бул сөздөр Тумардын абалын жеңилдете алган жок. Ичине жыйнаган оюн Жаннатка төкпөй-чачпай айтып жатты.
– Мен Уландын балалуу болбой калышына жол бербейм. Азыр дарыланып жатам, эгер доктурлар “сен төрөбөйсүң” деп айтышса, ошол күнү кетем. Кетем да, экинчи Уландын көзүнө көрүнбөйм.
– Ошол кантип болсун?! Сен да менин катамды кайталап жатасың, Тумар.
– Кандайча?
– Мен да оорум тууралуу жаңы уккан кезде өзүмдү таптакыр таштап койгом. Бүттү, өлдүм го дегем. Ушул убакка чейин ооруканада жашап келатам, бир күнү да мен айыгам деп ойлогон эмесмин. Дарылардын күчү менен гана жашап жатам деп ойлочумун. Акыркы кезде менде жашоого болгон үмүт пайда болгондой. Ал үмүттүн күчү менен кадимкидей өзүмдү жеңил сезе баштадым. Менин айыккым келет, балдарымдын чоңойгонун, мектепти аяктаганын, бир кесипке ээ болгонун, турмуш куруп, бала-чакалуу болгондорун көрүп, бакытка балкыгым келет. Менимче, буга сенин да салымың чоң.
– Эмне дейсиң? Менинби?
– Ооба. Сен Уланга турмушка чыкпаганыңда мен өзүмдү таштап жата бермекмин. Жаныбекке Тумар турмушка чыкса, балдарды экөөлөп өстүрүшөт деген ойдон чыга албастан. Бирок Улан экөөңөр мамиле кура баштаганды уккандан бери менде кадимкидей бир күч пайда болду. “Ишенген адамың жок, өлүүгө акың жок” деп өзүмө күнүнө миң ирет кайталай бердим. Балдарды кимге ишенип таштайм? Анан да силердин тоюңар болгон күнү биз Жаныбек экөөбүз көпкө сүйлөштүк. Баягы барбайм деген орусиялык дарыгерге акыры бармай болгом. Буюрса, ушул айдын аягында учуп кетебиз.
Муну уккан Тумар курбусун кучагына тартып, көпкө чейин коё бербестен шолоктоп ыйлап жатты. Курбусунда жашоого болгон үмүт ойгонгонуна сүйүндү. Балдарын ойлоп, келечекке көз чаптырып жаткандыгын көрүп, Тумар ичинен Кудайга ыраазычылыгын билдирип жатты. Курбусу биротоло айыгып кеткендей сезимге курчалып, кубанычында чек жок.
– Жаннат, сенин оозуңдан ушул сөздү башында эле уккум келген. Сенин оорунун алдында алсызданып, биротоло моюн сунуп жатып алганыңа чындыгында аябай жиним келчү. “Эмнеге балдары үчүн болсо да жашоого аракеттенбейт? Мончоктой эки баласын эмнеге ойлобойт?” деп ичимден кээде сени жек көрүп кетчүмүн.
– Мени койчу, Тумар, мунун баарын сага эмнеге айтып жатам? Тагдырым ушул экен деп үмүттү үзүп жатып алган болбойт. Балалуу болбой калышыңа мен ишенбейм. Болгону, убакыт керек. Анын үстүнө баш кошконуңарга аз эле убакыт болду го.
– Чындык эртеби-кечпи, акыры ачыкка чыгат эмеспи. Эми эмнесин жашырайын? Жаннат, биз үйлөнүү тоюбузду бергенге чейин эле нике кыйдыртып баш кошуп алганбыз. Кыскасы, көп эле убакыт өттү андан бери.
(Уландысы кийинки сандарыбызда)
Айнура Болот кызы