БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАДЫ...

  • Кыргызстан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар комитетине мүчө болуп кирди.
  • Ушул аптага карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 МИЛЛИАРД 568 МИЛЛИОН метр кубду түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 1 миллиард 836 миллион метр кубга аз.
  • Бишкекте МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы фонд ачылды. Фонд жыл сайын маркумдун туулган күнүнө карата эң мыкты журналисттерге 100 миң сомдон сыйлык тапшырып турат.
  • Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулу 1-сентябрдан тарта 300дөн 500 СОМГО жогорулайт.
  • Алтын чыккан жерлерди иштетүүгө жана “Ысык-Көл” аэропортун реконструкциялоого даяр экенин ИТАЛИЯЛЫК ИНВЕСТОРЛОР билдиришти.
  • “Эми мыйзамсыз түрдө жолду тосуп митингдерди уюштургандар 1 МИЛЛИОН СОМДУК айып пулга жыгылат”,- деп Өмүрбек Бабанов билдирди.
  • Казакстан Кыргызстанга ТҮРК ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНА төрагалык кылуу милдетин өткөрүп берет.
  • Президент Алмазбек Атамбаев “Жалпы аскердик жана альтернативдик кызматтар тууралуу” мыйзамына “аскерге чакыруу курагынын жогорку чегин 27ден 25 ЖАШКА түшүрүлсүн" деген өзгөртүү киргизди.
  • СОЧИГЕ олимпиадалык объекттерди курууга архитектура жаатында окуган 25 кыргызстандык студент практикага жөнөтүлөт.
  • Туризмди өнүктүрүү сектору билдиргендей, быйыл Ысык-Көлгө 400 МИҢ эс алуучу келери күтүлүүдө.
  • Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы болуп АМАНБАЙ КАЙЫПОВ шайланды.
  • 14-июнда жүргөн сел агымынан кийин ОШ-НООКАТ жолу убактылуу жабылды.
  • Япония кыргызстандыктарга Японияда билим алуу үчүн 2,7 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант бөлүп берет.
  • Кыргызстанда 12 МИҢГЕ жакын адам жыл сайын тамекинин кесепетинен каза болуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
  • Өлкөнүн бардык аймактарында Аи-80 70 ТЫЙЫНГА, ал эми Аи-92 жана Аи-95 күйүүчү майлары 80 ТЫЙЫНГА арзандады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
monchok
2012-06-18 11:22:33
Өлкөнүн бардык аймактарында Аи-80 70 ТЫЙЫНГА, ал эми Аи-92 жана Аи-95 күйүүчү майлары 80 ТЫЙЫНГА арзандады.КЫЙРАТЫПСЫНАР АРЗАНДАПТЫР 80ТЫЙЫНГА.
0
RIO
2012-06-18 13:16:27
monchok, деги канаагатанган кунунуз болобу!?
литрине 80тыйын арзан деген зор акча кээбирлер учун!
0
boris8907
2012-06-23 00:23:39
RIO, Туура айтасын
0
Sagy
2012-06-20 02:41:19
Ооба, мен учун бул зор акча. Кунуно 30 сомго чейин уномдоп калам )))
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан