Парламенттин чоң жыйындарында залдагы депутаттардын саны көп учурда 30дан ашпай калганы жаңылык эмес. Анын айынан коомдук уюмдар отурумдарга себепсиз келбеген эл өкүлдөрүн сотко да беришкен. Бирок депутаттар Анарбек Калматов менен Кожобек Рыспаев намысы өтө назик өңдөнөт, Жогорку Кеңештин кадыр-баркы үчүн заматта "баатырга" айланышты. “ММКларда жыйындарга келбеген депутаттардын тизмеси жарыяланыптыр, анын ичинде мен да жүрөм. Бирок мен алдын ала кат менен убактылуу катышпай каларымды эскерткем”,- деди Анарбек мырза. “Ар-намысчы” депутат мындан ары себебин кошо жарыялоону талап калды. Аны колдогон кесиптеши Кожобек Рыспаев: “Ар бир депутаттын өз себеби бар же командировкада болуп калышат. Бизди себепсиз жыйынга катышпады деген туура эмес”,- деп коштоду.