Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын жаңы курамы 41 пайызга жаңыланганын аталган кызматтын төрагасынын орун басары Аскар Төрөбаев премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушууда маалымдады. Кызматка жаңы келгендердин басымдуу бөлүгүн юристтер жана фискалдык органдарда тажрыйбасы бар адамдар түзөт. Алар 10 күн ичинде иштин чоо-жайы менен таанышып, андан соң гана иш башташмакчы. ЭККМКнын бош орундарына 1445 адам талапкерлигин коюшкан. Тандоо 4 баскыч менен өттү. Жыйынтыгында тергөө бөлүмү 51 талапкер, оперативдик курам 142 жана башкаруу аппараты 31 талапкер менен толукталды.
Каржы полициясы паракорчулуктун чордонуна айланганын көпчүлүк тили тешиле айтып келген. Бирок ал кызматты жоюп салууга эч бир премьер даай алган эмес эле, чечкиндүү кадамга Өмүрбек мырза барды. Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн дейт. Жакшы идеялардын генератору катары өзүн көрсөтүп жаткан Өмүрбек Бабановдун иштери колдоого муктаж. Анткени премьерге карата айтылган сын-пикирлердин толкунунан алгылыктуу идеялары байкалбай калууда. Албетте, парламент да өкмөттү камчылап турушу керек. Бирок камчынын ээси болгон Жогорку Кеңеш көбүрөөк куру доомат айтуучу, ар бир добушун акчага саткан мекемеге айланып баратканы да коомчулукта кеңири талкууланууда.