Апта башында "Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизишмекчи болушуп, ага байланыштуу коомдук уктуруу болуп өттү. Ага катышкан Токтайым Үмөталиева “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевге жаалдана асылып, адатынча депутатты өкүртө сындады. Эгемендүү тарыхыбызда экс-президенттер жаман түш көрүп калса деле Баш мыйзамды оодара чаап, өз ыңгайына жараша өзгөртүп алганына көнүп бүткөнбүз. Өнүгүүнү биринчи кезекте Конституцияны алмаштыра берүүнү токтотуудан баштоо керек дешип, 2010-жылы болуп өткөн референдум менен жакынкы Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынган.
Андан бери эки жыл өтүп, Бакиев менен Акаевдин суперпрезиденттик Конституциясынын жыты жоголгондон бери өткөндү эңсегендер да көбөйдү. Токтайым Үмөталиева да кокуйлаганын токтотподу. Өмүрбек Текебаев 2010-жылы өлкөнү мыйзамдуу жолго буруп, жаңы Конституциянын башатында туруп берди. Токтайым Үмөталиевачы? Эмне иш жасады? Конкреттүү сунуштарды, конструктивдүү сын айттыбы? Токтайым айымдын иш-аракеттеринен улам ал айымга "Конституция алмашты" деген сөз гана керекпи, мурункуга кайтабызбы же жаңы токуйбузбу? Ал мыйзам кыргызга пайда алып келеби, жокпу?" деген суроолор башын оорутпайт окшойт" деген ой жаралат.