Парламент жыйынында “Баңгикаражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыктын алдын алуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору баңгикаражаттарын, психотроптук заттарды, алкоголду колдонгондордун санын жана анын кесепеттерин төмөндөтүү боюнча шарттарды түзүүгө багытталган.
КЫРГЫЗСТАНДА 26 МИҢ БАҢГИ БАР
Долбоорду талкуулоодо депутат Дамира Ниязалиева Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде баңгизатына көз каранды адамдардын саны эки эсе өскөнүн билдирди. Анын айтымында, баңгизаттардын эң оор түрүн – героинди колдонгондордун саны 10 592 адамга жеткен. Бул расмий такталган маалымат болсо, каттоого алынбагандардын саны мындан эки эсе көп болушу мүмкүн. “Чындыгында, бизде 26 миң баңги бар, алардын 25 миңи героин колдонот”,- деди Дамира Ниязалиева. Буга чейин айрым мекемелер баңгизатка көз каранды болгондорду метадон менен дарылап келишкен. Бирок бул чаралардын баары жөнгө салууга жана мыйзам аркылуу бекитүүгө муктаж.
МЕТАДОНДОН БАТЫШ ЭЧАК ЭЛЕ БАШ ТАРТКАН
Кээ бир депутаттардын пикиринде, баңгиликтен дарылоодо метадонду колдонууну камтыган мыйзам, тескерисинче, баңгиликти күчөтүшү мүмкүн. “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева баңгизаттарына көз каранды болгондорду дарылоодо колдонулуп келе жаткан метадон дарысын ташып келүүгө тыюу салуу керектигин билдирди. “Метадон баңгизаты сыяктуу эле көз карандылыкты пайда кылат. Анын баңгизатынан айырмасы деле жок. Андан көрө биз баңгиликтин алдын алуу чараларын күчөтүшүбүз керек”,- деди Жылдызкан айым.
Депутат Курманбек Осмонов да бир катар ири өлкөлөр метадондон баш тартканын белгиледи. Мисалы, жакынкы эле Орусия метадон баңгизатына болгон көз карандылыктан арылтпайт деп, аны колдонуудан баш тарткан. Европа өлкөлөрү мындай дарыны ири көлөмдө даярдап, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө сатышат. Буга жооп катары Дамира Ниязалиева Кыргызстан метадонду өз каражатына сатып албасын айтты. “Метадон бизге Глобалдык фонд аркылуу 2002-жылдан бери алынып келинүүдө. Метадон мамлекеттик мекемелерге гана берилет”,- деди ал. Дамира айым метадондун баасы баңгизаттарынын баасына караганда кыйла арзан экенин кошумчалады.
Бир баңгизатын экинчи баңгизат түрү менен алмаштырып коюу көйгөйдү чечпейт. Метадон бекер келгени менен, "бекер быштак бир гана капканда болот" демекчи, көмүскөдө эмне жашырылганын ким билет? Же "Дамира Ниязалиева Кыргызстанда метадон чыгаруучу завод курат имиш" деген сөздөр чынбы?