Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, 40 жыл аралыгында биринчи жолу Бишкек-Кара-Балта унаа жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Министрликтин айтымында, Сокулук конушунан Кара-Балтага чейинки унаа жолу 4 тилкеге кеңейтилип, унаа тыгынын азайтмакчы. Жолду оңдоо иштерине каражатты "Азия өнүктүрүү банкы" бөлүп берет жана оңдоого кеткен чыгымдардын баасы болжол менен 120 миллион долларды түзөт. Ошондой эле каражат жеңилдетилген насыя түрүндө берилет. Банктын комиссиясы иликтөөлөрдү жүргүзүп, жаратылышка тийгизген таасири анализделген жана биринчи баскычында каражат техникалык жардамга бөлүнгөн. Макулдашууга 2013-жылдын аягында кол коюлуп, 2014-жылы курулуш иштери башталат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.