7-июнь күнү кечки саат бештерде Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан “Риом Авто” автоунаа базарында 23-30 жаштардагы белгисиз адам 43 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун себепсиз сабап, 5000 сом жана 1000 доллар салынган капчыгын тартып алган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 24 жаштагы И.Б. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.