Кемин районундагы Чым-Коргон психиатрдык ооруканасында учурда 390 оорулуу дарыланууда. Аталган оорукананын башкы врачы Жаныбек Ажибековдун маалыматына караганда, учурда 1 оорулууга 1 күнгө тамак-ашка 41 сом, ал эми дары-дармегине 10 сом бөлүнөт. Албетте, мындай кымындай каражат каржы жетишпестигин айдан ачык көрсөтүп турат. Бул эле эмес, коммуналдык акыларды төлөөгө, канализацияларды тазалоого, унаа кызматына каражаттар да өп-чап бөлүнөт. 2011-жылы ооруканада 1025 адам жатып дарыланып, алардын 1017си дарылануудан кийин үйлөрүнө чыгарылган. Булардын 945и өз каалоолору менен дарылануудан өтүшкөн.
Айта кетсек, оорукана 1965-1970-жылдары салынып, акыркы оңдоп-түзөө иштери 2006-жылы гана жүргүзүлгөн. Жыйынтыктап айтканда, оорукана өгөй баладай мамилеге эмес, толук көңүл буруп, каржыланууга муктаж.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
elyadin
2012-06-18 19:04:06
1025 адам жатып 1017си даарыланып чыкканын кантип тушунсо болот Чым Коргонго тушкон соо адамда кайра чыкпайт дешетго ал жактагы врачтар соону да жинди кылып коюшат экенго ошол чынбы ар кайсы даарыларды сая берип.Жинди адамдар эмне тамак жеп эмне укол алып жатышканын деле билишпесе керек байкуштар анан врачтар 10 сомдук уколдорду сая беришетда даарылабай эле кайра ого бетер жинди кылышып
0
elyadin
2012-06-18 19:09:18
Жиндилерге эмес соолоруна даары жок деп жакшы карашпайт.Жиндилерди оздору билгендей кылышатда каалагандай окмот жиндилерди текшерип олтуруптурбу соолоруна алы келбей жатат.Кудай сактасын ал жака тушуп калыштан.Кудай ар адамга эн биринчи ден соолук берсин!
0
elyadin
2012-06-18 19:11:24
Башкы врач озу деле жеп койсо керек болунгон акчадан жиндилер билип коюптурбу деп.
0
Asul
2012-06-21 11:47:32
Менин билишимче, психоневрологический ооруканаларына чет олко донорлорунан абдан коп каражатттар, материалдык жардамдар (гуманитардык) тушот. Аларды ошол жакта иштеген персоналдар уйлоруно чычканча ташып отурушуп, оорулууларга эч нерсе калбай калат болуш керек. Чын эле жиндилер эмнени билмек эле. Ал эмес соо, акыл-эси ордунда болгон адамдарды каратып туруп кулактарына "кесмелерден" чубалтып илип жатышпайбы.
0
winnie
2012-06-29 16:21:56
Корбогондон киийн эмнеге антип айтасынар силерде факт болбогондон кийин фактынар болсо айтсанар болот. Андан жондон жон айтыштын кереги жок!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.